Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com





Фотография * * * * * 1 голосов

Салыштыруу

Отправил eudeim , 14 Май 2014 · 981 Кароолор

Салыштыруу
- Сиздин "Золотая лихорадка" деген тасмаңыз калайык-калкка түшүнүктүү. Сиз сөзсүз белгилүү адам болосуз.
- Ал эми сиздин "Салыштырмалуулук тууралуу теорияңызды" эч ким деле түшүнбөйт. Бирок, сиз баары бир белгилүү адамсыз, - деп Ч.Чаплин А.Эйнштейнди тамашалаган экен.

Бул диалогдун мен ылдыйда жаза турган нерселерге тиешеси деле жок болушу мүмкүн. Демек, бул менин университеттен E барабар ЭмСиКвадрат деген формула менен эсеп чыгарып жүрсөм да бул теорияны түшүнбөгүнүмдөн кабар берет.

Сөздү башкача баштайын.

Бу акчанын артынан чуркап күнүгө таттуу уйкунун кучагынан туруп жумушка жөнөйм. Иштейм. Тиштейм. Тиштегенди жакшы көрөм. Айрыкча даамдуу нерселерди. Анан ошентип тиштейм деп иштеп жатып өлө чарчайм. Катуу иштеп коёт окшойм. Саат алты болду дегенде шашкалактап үйгө жөнөп калам. Ушул жерден бир нерсени эстеп кеттим. Бала кезде (эстесем 9-класс экенмин. Ошондо ал кезде мен бала деле болбой калыптырмын  ) айылдан ааламга кеткен жолду бойлой өскөн кара талдардын арасына атымды минип алып ат отко чыгаар элем. Куржунга китеп, помидор, алма дегендерден салып алып. Анан кечкери атты откозуп үйгө карай бастырганымда жаныбар үйгө атырылып келээр эле. Себеби, үйдө аны деликатес (жем) күтүп турчу. Ошо азыр жумуштан үйдү көздөй шашып келатып ошол жаныбарымды эстейм. Бирок, окшоштук таба албайм. Ал го үйгө деликатеске шашчу. Мен неге шашам дейм да?

Ошо анан жумуштан өлөрчө чарчап чыгам. Чарчабаганда нетем - тоону томкорбодумбу. Жумуштан чыкканда 10 мүнөттөй жөө басууга туура келет. Эки жол бар. Мен дайыма бирөөсү менен өтөр элем. Анткени, элдин баары ошол жолду колдонот. Таза, асфальтталган. Мурдагы күнү берки жол менен өтүп калдым кызыгып. Өттүм да эми мындан ары ошол жол менен өтүүнү туура көрдүм. Неге дебейсиңерби? (Дедиңер дейли  ) Ошол жолду бойлой 2-3 үй курулуп жатат эле. Ошол кечке маал ошол жактан курулушчулар чыгат. Эми-и-и-и, аларды көргөндө менин таза офисте, кондиционердин алдында отуруп "чарчаганым" заматта жок болуп кетти. "Реально чарчады" деп ошолорду айтса болот. Кирпигине чейин чаң. Колу чоор. Көзү үлдүрөйт. Жатуучу жерине барганда ушул кийими менен эле уйкуга жыгылчудай. Менин алып жаткан маянамдын 2-3 эсе аз алса керек. Ошол арзыбаган пул үчүн жер кезип, катын-баласын, ата-энесин багайын деп жүргөн адамдардын мээ кайнаткан ысыкта кылган жумушунан чарчаганынын жанында менин наалыганым уят экенин билип бетим кызарды. Эми мындан ары ушул жерден өтүп өзүмдүн кечке чейин "чарчаганымды" жазып турмак болдум.

Бул бир эле мисал. Ушундай эле ийгилик менен салыштыруу теориясын (мен эгер ушундай түшүнсөм) бардык эле жерде, айталы, адамдарга, буюмдарга, окуяларга, кыйынчылыктарга, жетишкендиктерге жана мамилелерге да колдонсо болот экен. Кудайга шүгүр эмнени эмне менен салыштыруу мүмкүнчүлүгү бар болгонуна. Болбосо, адам жөн эле кыйналып калмак окшойт.





Trackbacks для записи [ Trackback URL ]

Для данной записи нет trackbacks.

Август 2019

П В С Ч П С В
   1234
567891011
12131415161718
19 202122232425
262728293031 

Акыркы жазуулар

Акыркы комментарийлер

Категории

Акыркы коноктор

  • Фотография
    adilet
    12 Апр 2016 - 10:55
  • Фотография
    Joni
    02 Июл 2015 - 09:24
  • Фотография
    Е-байке
    29 Дек 2014 - 00:13
  • Фотография
    Айтбек
    15 Ноя 2014 - 20:15
  • Фотография
    Mondur
    15 Окт 2014 - 23:25
  • Фотография
    Тимоха
    13 Окт 2014 - 14:45
  • Фотография
    Зайка
    12 Окт 2014 - 18:05
  • Фотография
    vais
    11 Окт 2014 - 23:11
  • Фотография
    Sezim
    22 Сен 2014 - 13:04
  • Фотография
    Айдося
    21 Сен 2014 - 04:12
  • Фотография
    elvira
    01 Сен 2014 - 10:52
  • Фотография
    dinooou
    27 Авг 2014 - 23:48
  • Фотография
    Айпери
    23 Авг 2014 - 20:36
  • Фотография
    Нуразалия
    16 Авг 2014 - 16:59
  • Фотография
    Байкеси
    07 Авг 2014 - 14:41
  • Фотография
    Азику
    02 Авг 2014 - 18:18
  • Фотография
    Медербек го
    02 Авг 2014 - 04:05
  • Фотография
    saqourbi
    01 Авг 2014 - 10:05
  • Фотография
    Дон Тимон
    26 Июл 2014 - 14:03
  • Фотография
    Vaselisa
    21 Июл 2014 - 18:27

Общие записи Google

MyBlogLog

Twitter

Copyright © 2013 - 2019 E-mail: salam@nukura.kg
 

Рейтинг@Mail.ru
Рейтинг@Mail.ru