Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Турцияга барып келебиз!


  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 15

#1 OFFLINE   Nananey

Nananey

    Форумчу

  • Форумчулар

  • 973 билдирүү
  • 208 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети: 23 Апр 2019 12:28
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 24 Сентябрь 2013 - 10:58

    Прикрепленный файл  турц.jpg   14,23К   1 Количество загрузок:достор, бул жерге кимде Турция боюнча кандай кызыктуу маалыматтар болсо, суроттору менен жазып койсонуздаар...
    я хочу быть с тобой и сегодня,
    и завтра, и через 50 лет, и в Раю.

    Ин ша Аллах

    #2 OFFLINE   Talantbek

    Talantbek

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 57 билдирүү
    • 14 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 04 Янв 2015 18:03

    Жазылган 08 Октябрь 2013 - 19:45

    Турцияда мине бар экен?

    #3 OFFLINE   don89kg

    don89kg

      Жаран

    • Форумчулар

    • 218 билдирүү
    • 47 Рахмат
  • Жашы:30
    • Аракети: 29 Ноя 2014 18:00
    • Шаары -Новокузнецкий.

    Жазылган 14 Октябрь 2013 - 01:20

    Турцияга барып келебиз дебей Турцияга саякат дегенинде түшүнүктүү болотбеле,эми Турциянын маалматарын жазбызбы бул жерге кооз жерлерин е?

    Билдирүүнү өзгөрткөн don89kg: 14 Октябрь 2013 - 01:18


    #4 OFFLINE   Laki

    Laki

      Жаран

    • Форумчулар

    • 421 билдирүү
    • 118 Рахмат
  • Жашы:30
    • Аракети: 14 Ноя 2015 23:00
    • Шаары -Үрүмчү

    Жазылган 06 Ноябрь 2013 - 22:09

    Өткөндө бирөө барам деп чамынып жатты эле, ал эмне жазбай калгандыр ээ?!

    #5 OFFLINE   Joni

    Joni

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 516 билдирүү
    • 180 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 07 Авг 2019 00:59
    • Шаары -Кдм

    Жазылган 06 Ноябрь 2013 - 22:13

    Турцияга барабызбы ошондо

    #6 OFFLINE   Teltaeb

    Teltaeb

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 84 билдирүү
    • 7 Рахмат
  • Жашы:23
    • Аракети: 10 Авг 2014 19:24
    • Шаары -Токтогул шаары

    Жазылган 02 Декабрь 2013 - 04:29

    Эк..! Турцияга барабыз десе билет сатыватавы десе...
    Маалымат аптобустарынын донгологу жарылып калганбы?

    #7 OFFLINE   Tomega

    Tomega

      Жаран

    • Форумчулар

    • 241 билдирүү
    • 121 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 11 Окт 2014 08:20
    • Шаары -Ноокат

    Жазылган 20 Февраль 2014 - 20:14

    Форумчулар саякатка кетип жатканго деп ойлодум эле.

    #8 OFFLINE   Ну погоди!

    Ну погоди!

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 66 билдирүү
    • 32 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 08 Ноя 2017 15:40
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 02 Апрель 2014 - 21:27

    Түкеңдерге кайра барат окшойм. Бирок, бул жолкусунда үйлөнүп алып кетпесем... :-)

    Билдирүүнү өзгөрткөн Ну погоди!: 02 Апрель 2014 - 21:26

    Изображение Учурда ИзображениеБуюрсаИзображение

    #9 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 29 Март 2016 - 20:45

    Мага насип эткен экен.. барып келдим. Төрт деңиздин ортосундагы өлкө экен,көбүнчө кеме менен анан автобуста саякаттадык. Кооз жерлери абдан көп экен.
    Изображение


    Изображение


    Изображение

    Изображение


    Изображение

    #10 OFFLINE   Myke

    Myke

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 282 билдирүү
    • 1025 Рахмат
  • Жашы:59
    • Аракети: 10 Июл 2018 14:19
    • Шаары -Борбор

    Жазылган 30 Март 2016 - 12:40

    Вайстын сүрөттөрү жакты. Туркияга барып, жашарып кеткенсиңби? :)

    #11 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 30 Март 2016 - 15:04

    Жакшы соонун барып эс алып келипсиздер, жуунуз эми )).
    Эх Турцияны качан көрөт болдумкен аа :(

    #12 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 09 Апрель 2016 - 19:57


    Түркия сапары тууралуу элестерди бөлүшүп койсомбу... Барбагандар барып келгендей болушсун)), барышка да насип этсин. Барып келгендер болсо менин жалгандарымды чыгарып турушсун.
    Бул мамлекетте туризм бизнеси абдан өнүгүптүр. Жылына 30млн дон кем эмес адам келип кетет экен, демек бюджеттерине миллиарддаган акча төгүлөт. Төрт деңиздин ортосунда жайгашкандыктан курорттор көп түшүп, кеме транспорту иштеп, соода жагы да жакшы жолго коюлуптур. Биздин турпутевка 7 түн + 8 күн программасында түзүлүптүр. Маршрутубуз Стамбул-Анталья -Кемер-Денизли (Памуккале), Кушадасы-Эфес-Чануккале-Айвалык -Стамбул аймактары аркылуу өттү.


    КЕМЕР...
    Барган күнү Антальяга самолет менен конгондон кийин, андан 20 км алыстыктагы Кемер шаарындагы Армас отелине тунөдүк. Кемер -тоолуу аймакта жайгашкан курорт шаарчасы экен. Жер ортолук деңизинин жээгинде жайгашыптыр. Жаратылышы керемет. Апельсин жана башка тропикалык жемиштер өсөт экен, кыш болбойт. Орус туристтери мурда көп келгендиктенби, жергиликтүүлөр орусча кыйла эле сүйлөп калыптыр, ТВдан да орус каналдарын көрсө болот.
    Изображение

    Изображение



    Изображение
    Изображение


    #13 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 09 Апрель 2016 - 20:15


    АНТАЛИЯ...

    Сапарыбыздын экинчи күнү Анталияда уланды. Накта туризмдин борбору экен. Шаардыктар да (айрыкча тейлөө кызматындагылар) дүйнөлүк тилдерде (англис, орус ж.б.) сүйлөп үйрөнүшүптүр. Гиддин айтымына караганда бул шаар биздин эрага чейинки 200-жылдары эле грек падышасы Атталлос тарабынан негизделиптир. Шаарга Римдиктер, кийинчереек Византия империясы кожоюндук кылган. Башында Атталия (Атталостун атынан) аталып жүргөн менен кийин европалыктардын тилине жатыгып Анталья аталып калган. 1200-жылдары шаарды сельджуктар ээлесе, 1400-жылдардан тартып түрктөр кожоюндук кылат.
    Учурда шаарда миллиондон ашык адам жашайт, туристтерди кошкондо жайында 2 млн го барат дешти. Негизги калкы түрктөр, гректер, анча-мынча немистер. Немистер улгайган мезгилинде келип, табияты жагат окшойт, үй алып жашап калышууда дейт.
    Бизди адегенде ювелирдик Борборго алпарышты. Ал жерде зергерлик буюмдар түздөн түз усталардын колунан сатылат экен. Мага султанит деген бриллиант таш жакты, алтын түспөлгө ээ болуп, башка жактарда ал кездешпейт.
    Андан кийин тери буюмдар заводуна бардык. Түркиянын туризм бизнеси өндүрүшчүлөр менен тыгыз алакада иш алып бараары байкалат, анткени туристтик маршруттар сөзсүз түрдө өнөр жай точкалары аркылуу өтөт экен. Кризис аларды да каптаганбы, продукциясын сатуу үчүн бардык айла -амалдарды жасап жатышты...Айталы, бир буюмга көзүң түшсө же колуң тийип кетсе менеджер дароо кофесин, чайын алып келип, столикке отургузуп, жылуу -жумшак мамиле түзүп, жети атаңдан бери сурап чыгат)). Продукциясынын жети атасын, уруусун-тарыхын сүрөттөп, соодалашканга мүмкүнчүлүк берет. Мага окшогон чөнтөгу жука илимпозго туш келип калса да, сыр бербей, товар жаккан болсо кредитке сунуштайт, акыры карызга да алган болсоң Бишкекке чейин жеткирип да берет.
    Антальянын символу болуп кадимки эле мунара эсептелет экен. Порттун жанындагы эски шаардан мечитке кирип чыктык. Эски шаардагы анча-мынча үйлөр урай баштаптыр. Бирок аларды жаңылаган адам эски архитектуралык стилди гана сакташы керек экен. Түркиянын шаарларында бир типтүү (2 же 3 этаждуу гана) үйлөрдү салууга гана уруксат окшойт. Биздегидей Буржуй городок же кепе тибиндеги жер тамдар кездешпеди (кембагалдар шаарчасы ).
    Адамдары деле бай- кедей деп бөлүнбөстөн, баары тен бири-бирине бирдей мамиле жасашат. Негизи алар капиталисттик мамилелерге бизден мурдараак өткөн үчүнбү (жер аларда 200-300 жыл мурда эле бөлүштүрүлүп бүткөн), ысырапкерчилик кылбай сарамжалдуу жашашка аракет кылгандары байкалат. Ал жакта бардык нерсе эле кымбат экен, айрыкча сууну такай кымбат баага сатып алып ичкен жери бизге өөн учурап жатты...

    Изображение

    Изображение

    Изображение  


    #14 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 09 Апрель 2016 - 20:24


    ПАМУККАЛЕ...

    Памуккале -дүйнөнүн 8-керемети.Түркчөдөн которгондо "пахта сарайы" (хлопковый замок) дегени билдирет. Анталиядан ал жакка автодо 6-8 сааттык жол экен.
    Эгер, сүрөттөрдөн карап көрсөңүз кальцийдин туздары тоону кадимки эле кар басып жаткандай элес калтырат. Купальникчен адамдын тоо түбүндөгу көлдүн жанындагы сүрөтүн көргөн адам, кар жааса да сууга чөмүлгөн абдан "закаленный" адам деп ойлойт)). Иш жүзүндө бул агарган таштар "травертин" деп аталат жана кальцийдин суу менен өз ара минерализациялашуу процессинен улам пайда болгон. Бул тоонун үстүн сакчылар кайтарып, жылаңаяк гана басууга уруксат беришет...
    Ден соолукка пайдалуулугу жагынан мага Туркиянын эн жаккан жери ушул Памуккале болду, анткени Геракл отелине токтосонуз чөмүлгөнгө ыссык термалдык бассейн да бар экен.



    Изображение


    Изображение


    Изображение


    Изображение






    Изображение

    Изображение


    #15 OFFLINE   KGTALAS

    KGTALAS

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 349 билдирүү
    • 1010 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 30 Июн 2018 16:17
    • Шаары -Бишкек айылы

    Жазылган 12 Апрель 2016 - 17:35

    Куздо уйлонуп алып ,ага чейин тилин уйронсомбу деп пландап журом,стамбулга барып иштеп келсемби. ^_^
    Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!Изображение

    #16 OFFLINE   Wirin_kyz

    Wirin_kyz

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 92 билдирүү
    • 2 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 13 Авг 2019 18:20

    Жазылган 15 Апрель 2016 - 18:52

    Bizge da nasip etsin... Kichinemden berku mechtam... :элиза:




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2019 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru