Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Кайрымдуу нукурачылардын кезектеги акциясы.....

кеттик алга!

  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 102

#1 OFFLINE   nuradyl88

nuradyl88

    Колдонуучу

  • Форумчулар

  • 67 билдирүү
  • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 10 Ноябрь 2013 - 00:45

    Коптон бери кайрымдуулук кылбай токтоп калыптырбыз, ошого байланыштуу жаны тема ачып кайрадан муктаждардын алкышын алалы деп чечтим, жакынкы кундордо оорудан азап чеккен бир эжебизге жардам беребиз, каалочулар ага кошулсанар болот, бирок жалпы кайрымдуулук жаны жылга жакын корсотулот шартка карап, каражатты бугунтон баштап мага жоното берсениздер болот....

    #2 OFFLINE   Wumida

    Wumida

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 762 билдирүү
    • 246 Рахмат
  • Жашы:3
    • Аракети: 20 Май 2015 18:22

    Жазылган 11 Ноябрь 2013 - 19:38

    Азамат Нурадыл! Албетте колдоймун!

    #3 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 11 Ноябрь 2013 - 21:35

    баягы эле-баягы, койчумандын таягы го бул жагы......    башка эч ким жокбу колдоочу?

    #4 OFFLINE   azamat1992kg

    azamat1992kg

      Жаран

    • Модератор

    • 340 билдирүү
    • 80 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети:
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 11 Ноябрь 2013 - 23:37

    Просмотр сообщенияnuradyl88 (11 Ноябрь 2013 - 21:35) жазган:

    баягы эле-баягы, койчумандын таягы го бул жагы...... башка эч ким жокбу колдоочу?

    Рахмат деген форумчулардын баары колдойт болуш керек. :)
    Ак ийилет, бирок сынбайт

    #5 OFFLINE   eliza

    eliza

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 755 билдирүү
    • 570 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 28 Авг 2016 03:08
    • Шаары -Талас

    Жазылган 12 Ноябрь 2013 - 01:20

    Мен да колдойм.Аты-жонунду,телефон номеринди жазып коесунбу!
    Наадандык кылбай биздин элибизге,
    Нукура кыргыз тилде суйлойлучу.
    Намысты туу кылып кокурокко,
    Нукура форум менен гулдойлучу.

    #6 OFFLINE   Назкоу

    Назкоу

      Конок

    • Форумчулар

    • 48 билдирүү
    • 2 Рахмат
  • Жашы:27
    • Аракети: 01 Июл 2014 03:28
    • Шаары -Москва

    Жазылган 12 Ноябрь 2013 - 20:21

    Мен дагы колдойм :)

    #7 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 18 Ноябрь 2013 - 11:04

    Просмотр сообщенияeliza (12 Ноябрь 2013 - 01:20) жазган:

    Мен да колдойм.Аты-жонунду,телефон номеринди жазып коесунбу!

    Кудайбердиев Нурадыл Ныязбекович
    контакт: 0770 (0707) 266 588, 0557 336 588, e.mail: nuradil09@mail.ru

    #8 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 18 Ноябрь 2013 - 11:09

    Бугун же эртен эски форумчу эжелерибиздин бирине жардам корсотобуз, ал эжебиз коптон бери ооруп, оорунун айынан азап чегип бардык жактан (айрыкча каржы жагынан) кыйналып келуудо, мумкунчулугу барлар кошулсанар болот, жетишпей калгандар 25- декабрда башка жака жардам корсотобуз, ошого чейин оз жардамын берсе болот...

    #9 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 21 Ноябрь 2013 - 22:22

    Кече куну ден соолугу начар  бир эжекебизге жардам корсотулду,...
    ага кайрымдуулук кылгандар атын ататкысы келбеген (Аллах билсе болду деген принцип карманган)бироо,  анан оо Африка тараптан бир эжем оз жардамдарын жонотушту,.
    "Жоону чапкан  Алманбет, аты калды Манаска"- болуп жардам кылгандар башка а алкышты мага арнап жазып салыптыр ал эже..
    Диалог:
    -Нурадыл иним, сага эсепсиз рахматымды айтамын, менин оор азапта жашап жатканымды тушунгонуно жараткан сенден ыраазы болсун! эч качан бул жашоодо кор болбо, тилегенине жет!
    - Эжеке рахмат! сизге жардам корсоткондор башкалар, мен болгону "почтачы" кызматты гана аткардым, сиздин ден соолугунузга кайдыгер карабанган кайрымдуу инсандар, убагында сиз да кирип гулдотуп жургон форум сыяктуу жаны форум ачылган, ошол форумдун  колдонуучуларынан сизге болгон комогу, алкыш ошолорго болсун!...
    - Иним,кимдин оюна келди дейсин мени ушундай акыбалга тушуп калат деп, озун кубосун убагында мен кандай даражадагы адам элем,эми мынтип акыбалым оорлошуп жардамынарга муктаж болуп козум чачырап отурат, кудайга адамдын жашоосун озгортуу бат эле экен да эхх... Иним, рахматымды аларга да да жеткизип кой аманат сага, "Мени таанышпаса да кыргыз бир тууган катары билишип оз жардамдарын корсотушкону учун аларга чексиз алкышымды айтып аларга жана алрдын уй булосуно бактылуулукту каалаймын, эч качан эч кимиси мендей болуп оорушпасын, кордук корушпосун, жалан гана жакшы кундордо кун кечиришсин, тилеген ой максаттарына жетишсин! "оору кадырын соо билбейт"- болуп мен да убагында ушул несени тушунсом мен сыяктуу кыйналгандарга жардам бербейт белем аттин....
    - Эжеке албетте жеткизип коёмун, Аллах сизге бекем ден соолук, берсин! эртерээк жакшы болуп кетишинизди мен жана жалпы форумчулар каалайбыз! кайрадан мурдагы абалынызга келип Кыргызстан учун талыкбай иштеп журо бериниз, албетте сиздин чойронуздо сизди урмттаган ага-ини, эже-синдилериниз бар экенин унутпаныз....

    #10 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 27 Ноябрь 2013 - 10:21

    Фиу тииит(ышкырып жаткан быйтыкча)

    #11 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 03 Декабрь 2013 - 13:02

    Eliza дан Аллах ыраазы болсун! пачинди ачып берди, канча сумма экенин банктан алгандан кийин жазып коёмун..
    калгандарыбыз барбызбыы))

    #12 OFFLINE   Wumida

    Wumida

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 762 билдирүү
    • 246 Рахмат
  • Жашы:3
    • Аракети: 20 Май 2015 18:22

    Жазылган 03 Декабрь 2013 - 17:29

    Нурадыл албетте менда бармын. Жакын арада борборго баруу планымда бар,кошумчамды ала барам. Эгер,жолуга албай калсам банктан которуп коём.

    #13 OFFLINE   Tostoshka

    Tostoshka

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 751 билдирүү
    • 114 Рахмат
  • Жашы:103
    • Аракети: 08 Фев 2016 13:30
    • Шаары -шаар

    Жазылган 04 Декабрь 2013 - 12:06

    Азаматсын Нурадыл сен баштабасан эч ким баштабайт окшойт. Анан жардам берген адамдардын аттарын жазып койсон, суранычтар болуп атат, садака бергенде жазылбайт анан мындайда жазылат.Анан 25-декабрда не кайрымдуулук болот.
    ПыСЫ: тиги Наглый иним бердиби берчуусун же умут узуп озум салып ийейинби, а то менин атыман кетти эле да откондогусу.

    #14 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 04 Декабрь 2013 - 20:51

    Просмотр сообщенияWumida (03 Декабрь 2013 - 17:29) жазган:

    Нурадыл албетте менда бармын. Жакын арада борборго баруу планымда бар,кошумчамды ала барам. Эгер,жолуга албай калсам банктан которуп коём.

    Ээ эжеке сизди мындайда эч унутпайм да)))  жол башчы болот деп эле кутуп отурам...

    #15 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 04 Декабрь 2013 - 21:23

    Просмотр сообщенияNormi (04 Декабрь 2013 - 12:06) жазган:

    Азаматсын Нурадыл сен баштабасан эч ким баштабайт окшойт. Анан жардам берген адамдардын аттарын жазып койсон, суранычтар болуп атат, садака бергенде жазылбайт анан мындайда жазылат.Анан 25-декабрда не кайрымдуулук болот.
    ПыСЫ: тиги Наглый иним бердиби берчуусун же умут узуп озум салып ийейинби, а то менин атыман кетти эле да откондогусу.
    Макул эжеке айтканынздай кылып баарынын атын киргизип турам суммасын кошуп, буга чейин отунушкону учун киргизген эмесмин,.
    Ал эми Наглыйдын (Урмат) кайсы акчаны алып келишин айтып жатасыз? жайындагы 500 ду айтып жатсаныз аны алып ошол убактагы кайрымдуулука жумшагам, азыркысынада шартынызга карай бериниз эжеке,. 25- декабрда каражаттын чогулушуна карап болобуз ар жактагы муктаждыктарга,..
      1. Жети баласынан ажырап 3 жашар небереси менен калган, Ош базарда арча сатып тилемчилик кылган кемпирге жардам корсотобуз. ( колдоочулар чыкса айына 2000 сом квартирасына толоп берип турууну да пландап жатам, бугун ал кемпир менен бетме-бет суйлошойун деп барып таппай келдим)
       2. Бишкектеги балдар уйунун шарты, ал жерге болгон кайрымдуулук башка жака салыштырмалуу жакшы эле экен, Ошого бул жолку кайрымдуулукту Кызыл Кыя шаарындагы балдар уйуно корсотобуз,(мен ал жактагы балдар уйунун кызматкерлери менен телефон аркылуу байланышып эмне керектигин тактайм, ошого карап ал жактан кирген бир форумчу кыз бар, ошого дайындап фото отчетун чогу коробуз)
    3. Эки колунан ажыраган Самат аттуу жигит бар жашоо шарты оор, ошого бир аз корсотобуз.
    4. Куйоосу оорудан каза болуп 4 баласы менен (чон уулу 4-класс) ар жакта квартиралап жашаган эже бар экен, бир баласы оорукчан да болуп калыптыр,ошол эжени таап калсак ага да жардам корсотулот,
    5. ага чейин дагы караштырабыз муктаждарды....



    Пачин..
    eliza 2000рубль

    Билдирүүнү өзгөрткөн nuradyl88: 04 Декабрь 2013 - 23:59


    #16 OFFLINE   Tostoshka

    Tostoshka

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 751 билдирүү
    • 114 Рахмат
  • Жашы:103
    • Аракети: 08 Фев 2016 13:30
    • Шаары -шаар

    Жазылган 05 Декабрь 2013 - 15:30

    Ошондо Элиза эле коштубу ээ?

    #17 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 07 Декабрь 2013 - 08:08

    Просмотр сообщенияNormi (05 Декабрь 2013 - 15:30) жазган:

    Ошондо Элиза эле коштубу ээ?

    1. eliza 2000рубль
    2. Нурадыл  200 сом..
    3. ???

    #18 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 12 Декабрь 2013 - 11:27

    Эч ким ун чыгарбайт го ия((((

    #19 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 14 Декабрь 2013 - 21:30

    Жаңы жыл алдында кайрымдуулукту бир аз жандандырып, айрыкча жардамга муктаж жаш бөбөктөрдү кубантып койсок болмок.  Мен, мисалы, азыркы  мүмкүнчүлүгүм 500 сом. Эгер көпчүлүк каршы болбосо, дагы бир топтолуп, Ош шаарына жакын жайгашкан айылдардан эки адам бар жардамга муктаж, ошолордон кабар алсак деген сунуш бар. Биринчиси Мады айылында жашаган 71 жаштагы жалгыз бой абышка (баласы жок экен), экинчиси Жапалак айлынан көп балалуу үй-бүлө (14 киши), ошолордун ичинен жаш балдарына белек-бечкек берип койсок деген сунуш бар. Бул үй-булөлөр тууралуу малымат Ош шамы гезитинин кабарчысы Апиза Амитовадан алынды.

    #20 OFFLINE   Жылдыз

    Жылдыз

      Жаран

    • Форумчулар

    • 225 билдирүү
    • 231 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 25 Июн 2015 10:39

    Жазылган 15 Декабрь 2013 - 09:48

    Просмотр сообщенияvais (14 Декабрь 2013 - 21:30) жазган:

    Жаңы жыл алдында кайрымдуулукту бир аз жандандырып, айрыкча жардамга муктаж жаш бөбөктөрдү кубантып койсок болмок.  Мен, мисалы, азыркы  мүмкүнчүлүгүм 500 сом. Эгер көпчүлүк каршы болбосо, дагы бир топтолуп, Ош шаарына жакын жайгашкан айылдардан эки адам бар жардамга муктаж, ошолордон кабар алсак деген сунуш бар. Биринчиси Мады айылында жашаган 71 жаштагы жалгыз бой абышка (баласы жок экен), экинчиси Жапалак айлынан көп балалуу үй-бүлө (14 киши), ошолордун ичинен жаш балдарына белек-бечкек берип койсок деген сунуш бар. Бул үй-булөлөр тууралуу малымат Ош шамы гезитинин кабарчысы Апиза Амитовадан алынды.
    Кош колдоп колдоюм. Менден 1000 рубль.

    #21 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 16 Декабрь 2013 - 20:33

    Аллах насип кылса, кайрымдуу форумчуларды кудай жалгап эле турса коп жактарга кайрымдуулук кылабыз, бирок муктаждардын баарына жардам берип жетише албайбыз, ошого кезек-кезеги менен регион, областарга четинен жардам корсотобуз буйруса, антбесек колунан коко тыйын жардам корсотпогондор тили менен "муктаждын баары Бишкекте эле бекен десе бироосу жазыптыр жакында Баткенге Кызыл-Кыядагы балдар уйуно жардам корсотобуз дегенге "жакыныраак жерде тугонуп калгансып каяка аттанып алгансынар"-деп жазыптыр личкама.... балким алардын айтканында деле чындык бар, ошого кимде кандай ой бар, болушо кетсенер абдан жакшы болмок....

    #22 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 16 Декабрь 2013 - 20:40

    Элдееееееееер, почти 8 эле кун кады, эртелетип  жардам берип койгулачы сураныч...

    #23 OFFLINE   Tostoshka

    Tostoshka

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 751 билдирүү
    • 114 Рахмат
  • Жашы:103
    • Аракети: 08 Фев 2016 13:30
    • Шаары -шаар

    Жазылган 17 Декабрь 2013 - 12:02

    Жада калса ушу кайрымдуулукту да ызы-чуу кылып ийишет ээ, кандай айырма кайсы жак,регион, муктаж болгондорго болсо болду да!

    #24 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 19 Декабрь 2013 - 22:59

    Нурадил, сенин пландарын кандай? Биз жакынкы күндөрү бир көп балалуу үй-булөнүн жаш балдарына белек-бечке алып берсекпи деватавыз. Күчтү бир жерге топтойлубу же ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша  аракет кылалыбы?

    #25 OFFLINE   nuradyl88

    nuradyl88

      Колдонуучу

    • Форумчулар

    • 67 билдирүү
    • 29 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 10 Май 2015 22:29

    Жазылган 20 Декабрь 2013 - 11:12

    Просмотр сообщенияvais (19 Декабрь 2013 - 22:59) жазган:

    Нурадил, сенин пландарын кандай? Биз жакынкы күндөрү бир көп балалуу үй-булөнүн жаш балдарына белек-бечке алып берсекпи деватавыз. Күчтү бир жерге топтойлубу же ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша  аракет кылалыбы?
    Менин планым боюнча азыркы чогулган каражатты экиге болуп жарымын Ош базарда тилемчилик кылып кун кечирген Насыйкат (3 жашар небереси менен шарты жок суук батирде жашайт) аттуу апага,  жарымын Кызыл Кыядагы балдар уйуно корсотсокбу деп жаткам, анан кийинки кайрымдуулукту ар ким оз регионундагы жардамга муктаждарды айтышса ошого карап кезек кезеги менен корсотобуз... азыр силер оз шартынарга карай бергиле...




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2018 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru