Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Жигитке жетимиш онор аздык кылат.


  • Закрытая тема Тема жабык
Темадагы билдирүүлөр: 23

#1 OFFLINE   eliza_marat

eliza_marat

    Нукурачы

  • Форумчулар

  • 4 159 билдирүү
  • 366 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 18 Июн 2018 12:22
    • Шаары -Өзгөн

    Жазылган 15 Февраль 2014 - 20:47

    23-февраль "мекенди коргоо" кунуно карата жаны конкурс.
    Темасы айткандай кыргызымдын жигиттерине, жетимиш онор да аздык кылат. Ошондуктан бул конкурска жигиттер ат салышат.
    Таймаш 3 этаптан турат:
    1-мекенге болгон суйуусун ыр турундо же кара соз менен билдируу.
    2-армияга барган болсонуз, барбасаныз деле форма менен тушкон сурот.
    3-армиядагы кызыктар.
    Темага жаш каары дебей, анан колумдан келбейт деп кайдыгер карабай, форумдун мырзалары катышат деген ойдомун, женуучулорго, сыйлыктар бар.
    Тема таза сакталат деген ойдомун. Анан дагы темага калыс катары Жылдыз эже, Айдося эже, Накусь эже, Нурка эже оз оюнуздарды билдирип берсениздер.
    БАЛАМ МЕНИН,БУЛ ӨМҮРДӨ БАЙЛЫГЫМ!

    #2 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 15 Февраль 2014 - 21:10

    Оо,мекен коргоочулардын күнүнө карата сонун конкурс! Албетте колдойбуз,канда эмесе нукуранын мырзалары чамдагыла!Какайгыла, түздөнгүлө! :crazy-girl:
    Изображение
    Изображение

    #3 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 15 Февраль 2014 - 21:20

    Жарайт!
    Жакшы жөрөлгө экен...Ата Мекен үчун өмүрүн аябаган жигиттер, бул конкурс үчүн да убактысын аябаса керек деп ишенем!

    #4 OFFLINE   Chyngyzhan

    Chyngyzhan

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 202 билдирүү
    • 468 Рахмат
  • Жашы:32
    • Аракети: 03 Янв 2018 05:38
    • Шаары -Ош. Каракулжа.

    Жазылган 16 Февраль 2014 - 00:46

    Буюрса кайраттуулук,жаңы дем менен катышканга дайым даярбыз! :kgbala:

    #5 OFFLINE   eliza_marat

    eliza_marat

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 159 билдирүү
    • 366 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 18 Июн 2018 12:22
    • Шаары -Өзгөн

    Жазылган 16 Февраль 2014 - 01:28

    Анан 3этапка суроо жаралышы мумкун, армияга барбагандар кантет деп. Эгер атаныз, же жакын адамдарыныздан, уккан кызыктуу билдируу жазсаныз да, болот.
    БАЛАМ МЕНИН,БУЛ ӨМҮРДӨ БАЙЛЫГЫМ!

    #6 OFFLINE   KGTALAS

    KGTALAS

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 349 билдирүү
    • 1010 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 30 Июн 2018 16:17
    • Шаары -Бишкек айылы

    Жазылган 18 Февраль 2014 - 13:05

    Бизден -Намыс - Ата - Мекен ! :kg:

    1.Бабалардын каны менен чийилген,
      Мекен чеги - эң ыйык деп билинген.
      Ар кадамы жаныбызга аманат,
      Күзөтүңдө көзгө арам көз ирмем.
      Төрт мезгилде төрт түрлөнүп кийинген,
      Кагылайын кереметтүү жеримден.
      Сөз беремин кандай сыноо келбесин,
      Кайтарууга жылбай сенин чегиңден.

    (Ырга шыгым жок,көчүрүп келдим жакшы саптардан Мекен чегиндерге арналган ырды)

    2.Армияга барган эмесмин,аскердик бөлүмдү эки жыл окуп бүтүрүп ,бир айга барып жоокерлердин жашоосу менен таанышып келгем,Кенже лейтенант наамын алып,ошондогу сүрөттөр.


    Прикрепленный файл  присяга.jpg   132,76К   0 Количество загрузок:Ант берип жаткан кезде.

    Изображение  Изображение

    3. Атам айтып берген армиядагы окуясын жазып кетейин.Кызыктуубу билбейм окуп көргүлө.Белоруссия да кызмат өтөп келген.Кечинде кароолдо турганбыз 3 адам болуп.Алмашып карап барып келип жатабыз,менин кезегим келгенде чыгып ордума баратам.Караңгы эч нерсе көрүнбөйт,жетейин деп калганда бир убакыта автоматын үнү чыгып эки жолу атылып кетти,менмин деп айтканча тиги чочуп атып алыптыр,кезекти алмашкан жоокер,анын алдында эскертүү айтып анан атыш керек болчу,ошентип бир кадам өлүмдөн аман калгам деп айтып берген да :)

    Билдирүүнү өзгөрткөн KGTALAS: 18 Февраль 2014 - 13:08

    Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!Изображение

    #7 OFFLINE   Wumida

    Wumida

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 762 билдирүү
    • 246 Рахмат
  • Жашы:4
    • Аракети: 20 Май 2015 18:22

    Жазылган 19 Февраль 2014 - 15:54

    Биздин сыймыктанчу эр журок кыргызымдын жигиттеринен,Дайыр эле барганбы армияга? (1-айлыкка да шугур)

    #8 OFFLINE   Myke

    Myke

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 282 билдирүү
    • 1025 Рахмат
  • Жашы:59
    • Аракети: 10 Июл 2018 14:19
    • Шаары -Борбор

    Жазылган 20 Февраль 2014 - 00:55

    Прикрепленный файл  Мен-3-1.jpg   62,4К   0 Количество загрузок:  Армияда да 6 айдан кийин, бүткөнчө жазуучу-сүрөт тартуучу(писарь), аябай чоң складдын башчысынын орун басары болуп иштедим. Складдагы киреше-чыгашанын баары менин колумдан өтчү. Машиналарга путевка жазуу, ж.б. Иши кылып отуруп кечке эле жазгандан өлө тажачуумун. кээде. Биздин батальон танкаларды ремонттой турган эле. Солдаттар май-сай болуп жүрсө, мен кабинетте отуруп жазып, сыртка чыксам деле чыкыйып жүрчүмүн. (Мына сага мактаныш элеби :) . Бирок бул чындык)

    Прикрепленные файлы

    • Прикрепленный файл  Мен-01.jpg   60,55К   0 Количество загрузок:
    • Прикрепленный файл  Мен-2-1.jpg   159,16К   0 Количество загрузок:
    • Прикрепленный файл  Мен-7-1.jpg   105,66К   0 Количество загрузок:


    #9 OFFLINE   Myke

    Myke

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 282 билдирүү
    • 1025 Рахмат
  • Жашы:59
    • Аракети: 10 Июл 2018 14:19
    • Шаары -Борбор

    Жазылган 20 Февраль 2014 - 01:09

    Мекен боюнча дагы бир илхам келгенде жазаармын. Ал эми баштан өткөн окуядан айтып берейин.

    Мен Беларуссиянын Марьина Горка деген шаарында кызмат өтөгөм. 1978-1980-жылдары. Анан бир күнү бүт дивизияны, бир жака коммандировка-ученияга алып кетти. Арасында биздин батальон да бар. Азыр эсимен чыгып калды, көрсө Беларуссиянын бир көлү бар экен, ошол жерде Емельян Пугачевго арналган кино тартылып атыптыр. Биз ошол жерде, көпчүлүк адамдар катышкан базар, ар-кайсыл жерде от жагууу жана башка сюжеттеринде катышып аттык, Анан бир күнү бүт дивизияны катарга тургузушту, эми аябай көп солдаттар элек. Бир учурда кинонун режиссеру дагы көп адамдар, тизилген солдаттардан тандап келатат. Анан менин тушума келгенде мени да чык деди. Ошентип аябай көп солдаттардын ичинен төртөөбүздү гана тандады. Анан төртөөбүздү чатырга окшогон үйгө алып барып, сакал кадашты, бойошту, колубузга узуун мылтык берип, ошол чатырга кире бериш жердин эки жагына экиден койуп койду. Ошол жери кинодо бар, Болгону Емельян Пугачев ошол чатырдан чыгып, керилип, күнгө суктанып басып кетет. Мен ойлонуп таң калам, ошол рольго эмнеге тандашты, кимди болсо да, бойоп туруп сакал коюп, мылтык карматып койсо болот эле да деп. Же биз эчкимге таанылбасак, иши кылып эмдигиче таң калам.

    #10 OFFLINE   Салам

    Салам

      Айкөл

    • Администратор

    • 579 билдирүү
    • 43 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 14 Фев 2019 14:54
    • Шаары -Нукура форум!

    Жазылган 20 Февраль 2014 - 16:53

    Айдося ,Накусь теманы дагы бир флуд кылсаңыздар тема жабылат , сиздердин флуд билдирүүлөрүңүздөр үчүн.

    Сен таза болсоң , форум да таза болот !
    Изображение Форумдун эрежеси!


    #11 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 20 Февраль 2014 - 20:45

     eliza_marat (15 Февраль 2014 - 20:47) жазган:

    23-февраль "мекенди коргоо" кунуно карата жаны конкурс.
    1-мекенге болгон суйуусун ыр турундо же кара соз менен билдируу.
    2-армияга барган болсонуз, барбасаныз деле форма менен тушкон сурот.
    3-армиядагы кызыктар.
    Ордоңду душман басканча
    Ойгонбой уйдө жатканча,
    Оронгон артык кепинге...

    Селдей каптап жоо келсе,
    Селт этпестен эрлериң,
    Серпилсин жообун бергени...


    Ар -намыс үчүн тик туруп,
    Азамат жигит ойлонгун,
    Ата Журтту коргогун...

    Мекен деген эң ыйык,
    Майдаланбай кыргызым,
    Мамлекет туусуна бирик!


    2. Сүрөттөр дейсиңерби?...
    Изображение


    Он сегиз жаш курагым,
    Оюнга тойбос убагым.

    Оюнчук эмес, автомат
    Оң колдо болду, куралым.


    Жети жүз отуз күн бою,
    Желкени автомат өйкөп.
    Жаштыгымды белекке
    Тартуу кылдым сага, өлкөм!


    Эртели -кеч эрбеңдеп,
    Элим деп анда качты уйкум.
    Эстесем ошол күндөрдү
    Эми да сыздайт бүт тулкум...


    Кайгуулга чыгып күнү-тун,
    Кайтарып Мекен тынчтыгын.

    Кай жерде калды улан кез,
    Кайсалап таппайм мен бүгүн.

    #12 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 20 Февраль 2014 - 21:14

    ИзображениеИзображениеИзображениеИзображениеИзображениеИзображение

    #13 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 20 Февраль 2014 - 21:26

    Мен аскерде Стратегиялык багыттагы ракеттик бөлүктө кызмат өтөгөм (Кытайга мелженген СС-20 ядролук ракеталарын тейлечүбуз). Эми... айтып бер десеңер, эстей турган кызыктуу нерселер аявай көп... Бирок, кээ бир нерселерди эстесең (мисалга, байланышка чыккан жыштыкты, ракета жайгашкан позициянын координаттарын...) эки жыл жер тепсегениң аз келгенсип, дагы 5 жыл ным жерде жатып чирийсиң деп кол койдуруп алганле особисттер)))...
    Башкасын эле эстейинчи... Биз өз убагында караулга да чыгып турчубуз. Болгондо да Госбанкты кайтарчубуз. Кызыгы, ракетаны кайтарганда патрон бербесе да , банкка караулга чыкканда боевой патрон сөзсүз берилчү, колубузга. Бир күнү караулда инкассаторду сопровождать этишке туура келип калды. Инструктаж боюнча кайтарууга алынган адамдан 2 метр да алыстабаш керек болчу. Банкка барсак, акча алууга узун кезек бар экен...күтүп калдык. Бир мезгилде инкассатор аял сыртка жөнөп калды. Мен да ээрчип алдым...(кызматтык милдетим да). Ал түз эле келип, женский туалетке кирип кетти... Мен ичкери кире албай сыртта калып калдым...))). Автоматты кучакта-ап, коридордо туалеттин ичин тыңшап турсам, ары бери өткөндөр күлүштү эле: "солдатик, что ты потерял?- дешип...Мен болсо бош келбей: -охраняю Родину-матушку десем, "ее границы здесь что ли начинается" деп шылдыңдай башташканда автоматтын затворун шарак тартып, эки орусту (сантехник менен электрик экен) сыртка кубалап чыкканым эсимде...)))

    #14 OFFLINE   Салам

    Салам

      Айкөл

    • Администратор

    • 579 билдирүү
    • 43 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 14 Фев 2019 14:54
    • Шаары -Нукура форум!

    Жазылган 21 Февраль 2014 - 20:34

    Ашыкча билдирүү жана суроо бербеңиздер! Конкурстун жыйынтыгы чыга элек! Куттуктоону бүткөндө жазасыздар,тема таза сакталсын!

    Сен таза болсоң , форум да таза болот !
    Изображение Форумдун эрежеси!


    #15 OFFLINE   eliza_marat

    eliza_marat

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 159 билдирүү
    • 366 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 18 Июн 2018 12:22
    • Шаары -Өзгөн

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 03:50

    Мэнимче жыйынтык чыгарсак болчудай. Муке аке, КыжыТалас сиздерге чон рахмат, аскердик кызматты отоп, мекенибиз учун жан берууго даяр болгонунуздар учун! Анан темада ачык айкън корунгондой Вайс акеге да чон рахмат жана Салам акенин сыйлыгын тапшырасыз деген ишеничтемин. Ар бир мырзанын журогундо, мекен деген соз чон тамга менен сакталат деген ишеничтемин!
    БАЛАМ МЕНИН,БУЛ ӨМҮРДӨ БАЙЛЫГЫМ!

    #16 OFFLINE   eliza_marat

    eliza_marat

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 159 билдирүү
    • 366 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 18 Июн 2018 12:22
    • Шаары -Өзгөн

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 03:54

    Анын кыйын адам болгон, деп жинденбениздер мен тек ойумду айттым кошумчалар болсо карышы да эмесмин. Жон эле эртен кирсе сраз сыйлык болсо майрамга, озунчо белек болобу деген ой жон гана.
    БАЛАМ МЕНИН,БУЛ ӨМҮРДӨ БАЙЛЫГЫМ!

    #17 OFFLINE   eliza

    eliza

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 755 билдирүү
    • 570 Рахмат
  • Жашы:30
    • Аракети: 28 Авг 2016 03:08
    • Шаары -Талас

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 14:10

    Форумдагы мырзалардын ичинен учоо гана аракет кылып катышкандыгы учун,учооно тен сыйлык беруусун Салам байкеден суранат элем.
    Наадандык кылбай биздин элибизге,
    Нукура кыргыз тилде суйлойлучу.
    Намысты туу кылып кокурокко,
    Нукура форум менен гулдойлучу.

    #18 OFFLINE   Janylka

    Janylka

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 702 билдирүү
    • 88 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети: 12 Авг 2018 21:00
    • Шаары -Убактылуу жашоо

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 17:39

    Элиза эженин айтканына кошулам, учооно тен сыйлык берилсин.

    Азыркы учурда сөздүн баасы жок.. Ошондуктан баарына эле ишене бериштин кереги жок...


    #19 OFFLINE   Wumida

    Wumida

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 762 билдирүү
    • 246 Рахмат
  • Жашы:4
    • Аракети: 20 Май 2015 18:22

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 21:09

    Элизанын айтканына менда кошулам! Эн жакшы ой! Бугунку майрамыныздар менен!

    #20 OFFLINE   Салам

    Салам

      Айкөл

    • Администратор

    • 579 билдирүү
    • 43 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 14 Фев 2019 14:54
    • Шаары -Нукура форум!

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 22:57

    Myke жана vais форумчуларды темага активдүү катышкандыгы үчүн форумдун "Сыйлыктары" менен сыйланды.Дайыма ден - соолукта болуп,жаштарга үлгү болуп жүрө бериңиздер!

    Сен таза болсоң , форум да таза болот !
    Изображение Форумдун эрежеси!


    #21 OFFLINE   Myke

    Myke

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 282 билдирүү
    • 1025 Рахмат
  • Жашы:59
    • Аракети: 10 Июл 2018 14:19
    • Шаары -Борбор

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 23:27

    Ырахмат Салам жана баардык колдоочуларга! Нукуранын Кызыл жылдыз ордени менен сыйлапсыңар.

    Билдирүүнү өзгөрткөн Myke: 23 Февраль 2014 - 23:28


    #22 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 24 Февраль 2014 - 00:40

    Кызыл Жылдыз белгиси үчүн чоң рахмат!
    Ата-Мекенге кызмат кылабыз!

    Нукура-форумга эмгек сиңирүүгө дайым даярбыз!
    Изображение

    Билдирүүнү өзгөрткөн vais: 24 Февраль 2014 - 01:08


    #23 OFFLINE   eliza_marat

    eliza_marat

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 159 билдирүү
    • 366 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 18 Июн 2018 12:22
    • Шаары -Өзгөн

    Жазылган 24 Февраль 2014 - 16:06

    Кут болсун сыйлыгыныздар! Ар дайым улгу болуп арабызда бар болунуздар!
    БАЛАМ МЕНИН,БУЛ ӨМҮРДӨ БАЙЛЫГЫМ!

    #24 OFFLINE   eliza_marat

    eliza_marat

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 159 билдирүү
    • 366 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 18 Июн 2018 12:22
    • Шаары -Өзгөн

    Жазылган 23 Апрель 2014 - 00:59

    Теманы жаап койунуздарчы суранам
    БАЛАМ МЕНИН,БУЛ ӨМҮРДӨ БАЙЛЫГЫМ!




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2019 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru