Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Мекенди коргоо түйшүкпү же сыймыкпы

аскердик кызмат

  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 15

#1 OFFLINE   vais

vais

    Мега Форумчу

  • Форумчулар

  • 1 265 билдирүү
  • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 00:17

    Эр жигит эл четинде, жоо бетинде деп коюшат элибизде. Бул темада Мекенди коргоо, аскердик кызмат жөнундөгү ой- пикирлерди, эскермелерди жана сунуштарды жазабыз.

    #2 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 00:27

    Аскерде кызмат өтөө бизде негедир акыркы убакта артыкбаш түйшүккө айлангандай... Өкүнүчтүү, албетте. Биз жаш кезде армияда кызмат кылуу сыймык деп эсептелчү. Мен өзүм болсо ден соолугум туура келбесе да суранып жүруп кеткен болчумун. 730 күн бою бел чечпей, өтүкчөн, суук жерде Сибирдин Канск шаарында РВСНде кызмат кылдым, барганыма өкүнбөйм.
    Эстете кетсем, чыныгы турмуштай эле  аскердик кызматтын  күлкүлүү жана кайгылуу да жактары көп...
    Жакшы жактарынан айтсам, биздин форумдагы бир конкурстук темада жазылып турат го" жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп. Кыскасы, жетимиш болбосо да жети-сегиз өнөрдүн сырын үйрөнүп келесиң. Мисалы, барган кундөн ийне менен топчу- жака тиккенди, кир жууганды, үтүктөгөндү үйрөнөсүң. Хозяйственный иштердин көбүн (сырдаганды,  актаганды , ж.б. курулуш иштерин) өз колуң менен жасайсың. Фигураң чыгат...Мылтык аткан да өзүнчө өнөр да...
    Техниканын турлөрүнүн тилин билип аласың. Эң негизгиси, адам менен мамиле кылуунун жолдорун өздөштүрөсүң (өзүңдүн казаныңда кайнай бербестен)...
    Кайгылуу жактары  - балалыгың менен коштошосуң, таяк жейсиң, ыдык көрөсүң, акыры бышасың. Андан да кайгылуусу , көп жигиттер өмүрүнөн ажырайт. Мен "горячий" точкада кызмат кылбасам да "груз 200" дегенди көп эле көрдүм. АСОдо 10 миң вольт напряжениеге урунуп, туманда адашып, жаңылып ок атып алып ж.б. кокустуктан канча жигиттер мерт кетти. Арабыздан бирөөсү кордукка чыдабай качып кетем деп, дагы бирөөлөрү молодойлорду таяктап түрмөгө түштү, канчасы майып болду...  
    Негизи,бир китеп жазгым келип жүрөт, эгер увактым тийсе. Анткени, азыркы биздин армияда да терс көрунуштөр көп, жаш уландар армия тууралуу окуп көбүрөөк билсе, мүмкүн кайгылуу тагдырлар азаймак беле...

    Билдирүүнү өзгөрткөн vais: 23 Февраль 2014 - 00:29


    #3 OFFLINE   Janylka

    Janylka

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 702 билдирүү
    • 88 Рахмат
  • Жашы:25
    • Аракети: 12 Авг 2018 21:00
    • Шаары -Убактылуу жашоо

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 00:43

    Билбейм мен учун сыймык. Эгер эркек бала болгонумда созсуз бармакмын, азыр да баргым келет. Бирок окунучтуу биздин олкодо аскер отоо толук жооп бербейт., Неге качышат,.

    Азыркы учурда сөздүн баасы жок.. Ошондуктан баарына эле ишене бериштин кереги жок...


    #4 OFFLINE   Janylka

    Janylka

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 702 билдирүү
    • 88 Рахмат
  • Жашы:25
    • Аракети: 12 Авг 2018 21:00
    • Шаары -Убактылуу жашоо

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 00:45

    Казакстан эн туура кылыптыр, аларда эгер аскерге барбагандарды ишке албайт экен. Ошондо барибир биринчи аскерге барыш барынын башында болмок. Бизде да ушинтип койсо бокмок беле..

    Азыркы учурда сөздүн баасы жок.. Ошондуктан баарына эле ишене бериштин кереги жок...


    #5 OFFLINE   Myke

    Myke

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 282 билдирүү
    • 1025 Рахмат
  • Жашы:58
    • Аракети: 10 Июл 2018 14:19
    • Шаары -Борбор

    Жазылган 23 Февраль 2014 - 00:52

    Мекенди коргоо -сыймык. Биз коргобосок, ким коргойт. Биздин учурда СССРди коргочуубуз, башкалардан. Эми Кыргызстаныбызды коргош керек болуп атат.

    #6 OFFLINE   eliza_marat

    eliza_marat

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 159 билдирүү
    • 366 Рахмат
  • Жашы:27
    • Аракети: 18 Июн 2018 12:22
    • Шаары -Өзгөн

    Жазылган 24 Февраль 2014 - 02:04

    Мэкен сакчысы куну дегенде биринчи, аскер кызматын отогон класташ балдарыма чын ден соолук каалап, куттуктадым. Алар менин сыймыктанган досторум.
    БАЛАМ МЕНИН,БУЛ ӨМҮРДӨ БАЙЛЫГЫМ!

    #7 OFFLINE   Е-байке

    Е-байке

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 571 билдирүү
    • 386 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 23 Мар 2017 02:59

    Жазылган 10 Март 2014 - 19:43

    Мен, Советтик Армиянын катарына, 1-курсту бүткөнүмдө жайында чакырылгам Бишкектен (Фрунзеден). Армия мен үчүн бир чети жеңил дагы, бир чети оор да болгон.
    А дегенде бизди Россиянын, Челябинск областындагы Чебаркуль деген, аскердик даярдоо бөлүгүнө алты айга алып барышкан. Биринчи чалгындоо полкуна бөлүп коюшкан эле мени, андан кийин бир "особист" келип, ар кайсыны сурап, сынап анан бир айдан кийин мотопехоталык полкко, БМПнын механик-айдоочулардын батальонуна которушкан. Ал жерде жалан бир "призывдагы" курсанттар болгондуктан бизде "дедовщина" эмес эле, накта "уставщина" өкүм сүрөр эле. Беш айдан кийин, Челябинскиден учак менен бизди ГДР ге алып кетишкен. Ортодо Ригадан учак которгонбуз. Ошондо Рига шаарын, Балтика деңизин көрүп калгам. Себеби учак которуу үчүн 4 күн ошол шаарда кармалып калганбыз, күн сайын "сопровождающийлер" менен шаарга чыгып, көрүп келүү мүмкүнчүлүгү болгон. Шаар абдан кооз эле ошол мезгилде деле.
    Германияда болсо, мени "покупательдер" эң акыркы алып кетишкен (пересылочный пункта, эң акыркы этаптын, эң акыркысы болуп кеткем. :42:) Бир ай бою ...ой-да сухпаектун гана атасын тааныттымго, чиркин! :42: СССР ден улам учак келет, улам эле 2 күнгө жетпей эле 1-2 периоддогу солдаттар ар кайсы частарга бөлүнүп,  "покупательлери" алып кетишет, мени унуткансышып жалгыз калам улам эле. Күндө завпрод, күнүмдүк  "подшивка", сухпаек берип! "-Ну, что сынок, нет твоего "покупателя"? Потерпи еще немного, Родина тебя не забыла!"- деп коет. :D Алтынчы күнү баняга жалгыз өзүм барып келем. Мен үчүн килтейген мончону ысытып бергенин элестете бергиле. :P Ошентип анан 1 ай дегенде, бир майор келип, Алтес-Лагер деген шаарга алып кетти. Түнү кеттик, кай жерге барганым деле билбейм, машине жабык, эч нерсе көрүнбөйт, кайра эле түнү жеттик. Бир имараттын ичине кийирип, "күтүп, отуруп тур" -деп коюп чыгып кетти. Канча саат отурганымды билбейм, бир прапорщик келип ошол, эле имараттын подвалынын 4 кабатына алып түшүп, душка түшүп чык-деп, мага башка форма берди. Ошентип, 1 ай дагы подвалда окуу менен машыгуу жүрдү. Өтө оор күндөр өттү ошол жерде. Бир айдан кийин,  баягы майор келип, акыркы кызмат кылчуу орунга алып келди, Гебесдорф деген шаарга. Ошондо билдим кандай кызмат өтөрүмдү, ПРП (передвижной разведывательный пункт, БМП нын өзгөчөсү.)нын механик-водители болдум. :) Биздин взвод, ГСВГ нын алдыңкы чалгындоо взводу экен. Взводдо 7 гана солдат экенбиз. Биздеги взод командири( Ага лейтенант), Чалгындоо начальниги (Генерал-Лейтенант), талаа чалгындоо начальниги (Полковник), начальниктин жардамчысы (Майор) ушуларга гана баш иет экенбиз, башка офицер, генералдарга түк да баш ийбейсиңер деп аябай катуу буйрук кылышар эле. Туруктуу бир казармабыз да жок, туруктуу жайгашкан жерибиз да болбос эле. Германияны дөңгөлөк үстүндө эле бүт кыдырып чыктык окшойтко. Анча мынча гана кээ бир шаарлардагы, же частарда 1-2 жума токтоп, ошол жерден жердештерибизди көрүп, учурашып калбасак... болбосо чек арага жакын токойдо, же талаада "авторасположениеде", же айылдардагы атайын жатаканаларда күнүбүз өтчү.
    Оор күндөр "учениелер" башталганда өтчү, өзгөчө атайын полигондордо чоң масштабтуу "учениелерди" камсыздоодо, уйкудан калган далай эле күндөр болду Бирок взводубуз ар улуттан болсо да, ынтымактуу болчубуз. Мекенди коргоо жүгүн жүрөгүбүз менен сезген үчүнбү, же катаал шарттар ошого таптап коетпу, жетөөбүз болсок да, "сен мурун келгенсиң, сен кийин келгенсиң"- деп, же сен мындай-тигиндейсиң деген болбойт эле, баарыбыз чогу офицерлер менен бир казандан тамак ичип, бир нанды бөлүшүп жеп жүрдүк.
    Бишкеке да жайында .августа, кайтып келгем. Менин ордума алмаштыруучу солдат кеч келген үчүн, анан да ошол кезде "учениелер" башталган үчүн,  кайтышымды күткөн ата-энемди күттүрүп койдум.
    Ошоо... көп эле кызык күндөр өткөн, көп эле оор күндөр да өткөн. Кээде ошол алыскы жоокер-жаштык күндөрүм, түшүмө кирип калат. Ошол аскердеги досторумду да сагынып жүрөм. Мен үчүн аскердик күндөр пайдалуу болдубу, же зыян болдубу даана ачык айта албайм. Себеби пайдалуусу да болду, зыяндуусу да болду. Бирок, турмуштук сабак алганымды ырастайм!

    Жоокер кезди да эстетип жибердиңер да.... :42:

    Билдирүүнү өзгөрткөн Е-байке: 10 Март 2014 - 20:06


    #8 OFFLINE   oloibek

    oloibek

      Конок

    • Форумчулар

    • 2 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети: 24 Апр 2014 12:19
    • Шаары -Issyk Kul~London

    Жазылган 06 Апрель 2014 - 01:42

    Кайгылуу жактары  - балалыгың менен коштошосуң, таяк жейсиң, ыдык көрөсүң, акыры бышасың. Андан да кайгылуусу , көп жигиттер өмүрүнөн ажырайт. Мен "горячий" точкада кызмат кылбасам да "груз 200" дегенди көп эле көрдүм. АСОдо 10 миң вольт напряжениеге урунуп, туманда адашып, жаңылып ок атып алып ж.б. кокустуктан канча жигиттер мерт кетти. Арабыздан бирөөсү кордукка чыдабай качып кетем деп, дагы бирөөлөрү молодойлорду таяктап түрмөгө түштү, канчасы майып болду...  
    Негизи,бир китеп жазгым келип жүрөт, эгер увактым тийсе. Анткени, азыркы биздин армияда да терс көрунуштөр көп, жаш уландар армия тууралуу окуп көбүрөөк билсе, мүмкүн кайгылуу тагдырлар азаймак беле...

    Ушул жерин жазбай эле койсонуз болмок,анысы деле армияга барбай жургондор,муну окуп алып чалкасынан кетпесе болду

    #9 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 07 Апрель 2014 - 17:27

    Просмотр сообщенияoloibek (06 Апрель 2014 - 01:42) жазган:

    Ушул жерин жазбай эле койсонуз болмок,анысы деле армияга барбай жургондор,муну окуп алып чалкасынан кетпесе болду
    жок! чалкасынан кетпейле, оңкосунан туруп, армияга бармайынча чыныгы жигит боло албасын сезсин дегем. Ал сөздөрдү жазган себебим,  кайгылуу жактарын да биле жүрүшсүн, аз гана кыйынчылыкка чыдабай, өз өмүрүнө кол салгандар азайсын деген эле ой болчу. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, сыймыктана турган жагы көп армиянын!

    Билдирүүнү өзгөрткөн vais: 07 Апрель 2014 - 17:27


    #10 OFFLINE   Nananey

    Nananey

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 972 билдирүү
    • 208 Рахмат
  • Жашы:25
    • Аракети: 01 Ноя 2018 19:23
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 23 Июль 2014 - 20:40

    башкасын билбейм, айтор, чек арачылардыкы туйшук эле, озгочо келинчегине, командировкалап эле кете берет го
    я хочу быть с тобой и сегодня,
    и завтра, и через 50 лет, и в Раю.

    Ин ша Аллах

    #11 OFFLINE   Айпери

    Айпери

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 519 билдирүү
    • 130 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 05 Ноя 2016 23:25
    • Шаары -Озгон

    Жазылган 27 Июль 2014 - 12:14

    Эркек деген армияга барыш керек тиги бу деп жазып коё берет экенсин жоон терин менен сезбеген сон . Иним армияга кетип жатканда согушка кетип жаткандай козумо жаш алып , ичим ачышып аман эсен келсе экен деп тилеп жибердим.Болгону Оштогу ички аскердик болукко тушту . Эрке осконгобу ал жердин жазылбаган мыйзамдарына чыдабай ата энесине байланышып , ата энеси тааныштары аркылуу Озгонго алып келип алышты .Омурундо ийне жип кармабаган бала ийне саптап калганын коруп жылыш бар дедик. Уйго келгенде тамактанып жатканын коруп боорубуз ооруйт,бир колун столдун астына таштап коюп жейт экен . Кыйла эле тарбиялуу болуп калды .

    Жакын жерде аскердик кызмат отогондун бир жак чети ал абалын билип турат экенсин.жума сайын уйго алып кетебиз.Озгондо коруп калсак тамак аш алып берип , акча бересин . Уй жакын деп той топурдан , жакшылыктарыбыздан калбай катышып турат . Иними аскерде деп деле ойлобойбуз . Сагынып кутпойбуз деле аа келет да деп . Алыс жакта болгондо кадыр барктуу болуп сагындырып бизди ойго салмак :) . Кудай буйруса аз калды келээрине .
    Бул омурго бир жаралган сон , татыктуу жашап отууго эмне жетсин....

    #12 OFFLINE   Kg.Lady

    Kg.Lady

      Конок

    • Форумчулар

    • 35 билдирүү
    • 2 Рахмат
  • Жашы:7
    • Аракети: 29 Сен 2014 22:54
    • Шаары -Ак монгулуу Ала-Тоо

    Жазылган 29 Август 2014 - 13:18

    Просмотр сообщенияАйпери (27 Июль 2014 - 12:14) жазган:

    Эркек деген армияга барыш керек тиги бу деп жазып коё берет экенсин жоон терин менен сезбеген сон . Иним армияга кетип жатканда согушка кетип жаткандай козумо жаш алып , ичим ачышып аман эсен келсе экен деп тилеп жибердим.Болгону Оштогу ички аскердик болукко тушту . Эрке осконгобу ал жердин жазылбаган мыйзамдарына чыдабай ата энесине байланышып , ата энеси тааныштары аркылуу Озгонго алып келип алышты .Омурундо ийне жип кармабаган бала ийне саптап калганын коруп жылыш бар дедик. Уйго келгенде тамактанып жатканын коруп боорубуз ооруйт,бир колун столдун астына таштап коюп жейт экен . Кыйла эле тарбиялуу болуп калды .

    Жакын жерде аскердик кызмат отогондун бир жак чети ал абалын билип турат экенсин.жума сайын уйго алып кетебиз.Озгондо коруп калсак тамак аш алып берип , акча бересин . Уй жакын деп той топурдан , жакшылыктарыбыздан калбай катышып турат . Иними аскерде деп деле ойлобойбуз . Сагынып кутпойбуз деле аа келет да деп . Алыс жакта болгондо кадыр барктуу болуп сагындырып бизди ойго салмак :) . Кудай буйруса аз калды келээрине .
    Кулак укса курсак кайнайт дейт. Кыйналганын угуп туруп чыдоо кыйын денизчи ата-эне учун. Бирок, ошол Ошто эле калтырсанар эрки мынданда бекем болуп, оз алдынчалыкка уйронот белеее деген ойда. Жаш бала кыйналсам артымда жолоп-таярым бар деп жалакай болуп калышы мумкунда.


    Жогоруда байкелер тээ чет мамилекеттерде болуп деле кабагым-кашым дебей уч жылдан кызматын отоп келишпедиби. Алардан азыркы жаш жигиттердин эмнеси артык тушунбойсун. Бул создор сиздин ининизге эмес жалпы жигиттерге тиешелуу, жанагы корейчесинен ойсондогон мылтык которсо тубунда тумчугуп калчууларды айтамда;)))
    Токтоо бол, сабырдуу бол колдон келсе. А бирок, тартынчаактык болбос нерсе!(АЛЫМЖАН ТОКТОСУНОВ)

    #13 OFFLINE   Гвардеец

    Гвардеец

      Конок

    • Форумчулар

    • 22 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:34
    • Аракети: 02 Дек 2014 10:17
    • Шаары -Кызыл-Кыя

    Жазылган 04 Сентябрь 2014 - 21:32

    Аскердик кызмат - бул жигит адам учун Мекен алдындагы Ыйык милдет деп билем. Ден-соолугунда кемчилиги жок ар бир жигит Мекен алдындагы милдетинен кутуулуусу талап кылынат. Аскер жашоосун коргон адам гана чыныгы жигитке айланары баарыбызга эле белгилуу. Бирок муну копчулугубуз атайын эле мойнубузга алгыбыз келбейт. Ата-энеге, бир тууганга, мекенге болгон сагынычтын даамын татканда гана кимдин кандай денгээлде барктуу экенин жоон терин менен сезесин. Аларга болгон сый-урмат айтып жеткире алгыс бийик, ыйык денгээлге которулот. Аскердеги кызыктуу окуяларды жонокой жашоодон кездештируу такыр мумкун эмес. Ден-соолугун чын жигиттердин баарын Ыйык милдеттен кутулуусун талап кылмакмын.
    Мен бактылуумун! Себеби мен ошентип ойлойм.

    #14 OFFLINE   Nananey

    Nananey

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 972 билдирүү
    • 208 Рахмат
  • Жашы:25
    • Аракети: 01 Ноя 2018 19:23
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 29 Октябрь 2015 - 13:08

    неа, военныйлар жакпай калды, мурун сыймыктанчумун, азыр уккум келбейт?
    я хочу быть с тобой и сегодня,
    и завтра, и через 50 лет, и в Раю.

    Ин ша Аллах

    #15 OFFLINE   Мирлан

    Мирлан

      Жаран

    • Форумчулар

    • 207 билдирүү
    • 2 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 05 Янв 2017 14:01
    • Шаары -Ош

    Жазылган 26 Апрель 2016 - 00:12

    Барыш керек, үйдөгү бюджет 1 жылга болсода эконом болот. :P :42:

    #16 OFFLINE   Nananey

    Nananey

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 972 билдирүү
    • 208 Рахмат
  • Жашы:25
    • Аракети: 01 Ноя 2018 19:23
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 31 Май 2018 - 14:18

    Просмотр сообщенияМирлан (26 Апрель 2016 - 00:12) жазган:

    Барыш керек, үйдөгү бюджет 1 жылга болсода эконом болот. Изображение Изображение
    :142:
    я хочу быть с тобой и сегодня,
    и завтра, и через 50 лет, и в Раю.

    Ин ша Аллах




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2018 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru