Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Чайкорлор,келе бериңиз!


  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 67

#26 OFFLINE   Айдося

Айдося

    Эмгек сиңирген

  • Форумчулар

  • 5 805 билдирүү
  • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 08 Август 2014 - 15:53

    Просмотр сообщенияtemu (08 Август 2014 - 14:48) жазган:

    Баса курма чай деген дагы барго, ким ичип корду эле?

    Курма чайды мен жасайм үйдөн,эң сонун,ток дагы болот.
    Изображение

    #27 OFFLINE   Айпери

    Айпери

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 519 билдирүү
    • 130 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 05 Ноя 2016 23:25
    • Шаары -Озгон

    Жазылган 08 Август 2014 - 16:00

    Просмотр сообщенияБайкеси (08 Август 2014 - 15:50) жазган:

    Эми суроо: туштукто эмне учун чайды чыныга сурап келгенсип тубунон куюп беришет?
    Турдуу варианттарды келтирсенер.

    Мен кайра кайра суна бербесин деп толтура куюп берип салам . Женелерим чай куйганда да мага толтура куйгула деп кондуруп койгом .
    Бул омурго бир жаралган сон , татыктуу жашап отууго эмне жетсин....

    #28 OFFLINE   Айпери

    Айпери

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 519 билдирүү
    • 130 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 05 Ноя 2016 23:25
    • Шаары -Озгон

    Жазылган 08 Август 2014 - 16:01

    Курма чайды кантип жасайт ?
    Бул омурго бир жаралган сон , татыктуу жашап отууго эмне жетсин....

    #29 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 08 Август 2014 - 16:05

    Просмотр сообщенияАйпери (08 Август 2014 - 16:01) жазган:

    Курма чайды кантип жасайт ?

    Куурма чайды ар ким ар кандай жасашат.Мен болсо сары майга унду кызарта кууруп алам да кызыл чай куям,анан артынан суу куям.Туз даамына жараша,сүт же каймак кошулат.
    Изображение

    #30 OFFLINE   KGTALAS

    KGTALAS

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 349 билдирүү
    • 1010 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 30 Июн 2018 16:17
    • Шаары -Бишкек айылы

    Жазылган 08 Август 2014 - 16:19

    Просмотр сообщенияtemu (08 Август 2014 - 14:47) жазган:

    Эудейм ошондо Даку цьмобу? :42:
    Урдум анынарды цьиненийин :42:
    Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!Изображение

    #31 OFFLINE   vais

    vais

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 265 билдирүү
    • 1379 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Сен 2018 12:00
    • Шаары -Ош

    Жазылган 08 Август 2014 - 16:20

    Просмотр сообщенияБайкеси (08 Август 2014 - 15:50) жазган:

    Эми суроо: туштукто эмне учун чайды чыныга сурап келгенсип тубунон куюп беришет?
    Турдуу варианттарды келтирсенер.
    Чыгыш элдеринде чай ичүү деген бул өзү искусство да (аз-аздан куйган себеби чай куйган адамдын элпектиги, кичи пейилдиги, сиз үчүн тажабастан кызмат кылууга даярлыгы  тууралуу кабар берет. Кыскасы, конокко болгон  чоң сый-урматтын белгиси. Толо куйган этикага жатпайт (адам төгүп-чачып же колун күйгузүп алышы мүмкүн).

    #32 OFFLINE   Begimkyz

    Begimkyz

      Жаран

    • Форумчулар

    • 145 билдирүү
    • 66 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 24 Авг 2016 14:19
    • Шаары -Οω- Μοskvα

    Жазылган 08 Август 2014 - 18:13

    Мен жумушта кара чай ичем Lipton. Уйго барганда чон жалбырактуу чай демдеп алып, шашпай ичип, жолдошумдун кечке эмне кылып жургонун сурап отура берем. Ысык чай ичпесем башым ооруйт,кадимкидей.

    #33 OFFLINE   eliza

    eliza

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 755 билдирүү
    • 570 Рахмат
  • Жашы:30
    • Аракети: 28 Авг 2016 03:08
    • Шаары -Талас

    Жазылган 08 Август 2014 - 22:00

    Чайга сут,2кашык сахар кошуп алып ичкен жагат.Эгер жыпар жыттуу чай болсо,эч нерсе кошпой эле варенье же шоколад менен ичсен сонун да.
    Наадандык кылбай биздин элибизге,
    Нукура кыргыз тилде суйлойлучу.
    Намысты туу кылып кокурокко,
    Нукура форум менен гулдойлучу.

    #34 OFFLINE   Chyngyzhan

    Chyngyzhan

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 202 билдирүү
    • 468 Рахмат
  • Жашы:32
    • Аракети: 03 Янв 2018 05:38
    • Шаары -Ош. Каракулжа.

    Жазылган 09 Август 2014 - 01:31

    Жайлоодо чоң энем сүт чайды кыстап ичире берчү да.Ал эми таятам "көк чайды" пайдалуу деп кыстап ичирчү.:D

    #35 OFFLINE   Тимоха

    Тимоха

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 2 240 билдирүү
    • 706 Рахмат
  • Жашы:34
    • Аракети: 02 Окт 2018 08:36
    • Шаары -г. Ишинболбогонский

    Жазылган 09 Август 2014 - 08:35

    Эудейм ал дарекке эмне деп жазайын?
    Наадандык кылбай биздин элибизге,
    Нукура кыргыз тилде сүйлөйлүчү,
    Намысты туу кылып көкүрөккө,
    Нукура форуму менен гүлдөйлүчү.

    #36 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 09 Август 2014 - 13:30

    Просмотр сообщенияtemu (08 Август 2014 - 11:37) жазган:

    Ошко командировка болуп калса жалан кок чай ичем, озгочо 95 же коргошун деген турлору жагат.

    Ошто кара чай деле ичишет, кара чай деле демдейт

    #37 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 09 Август 2014 - 13:36

    Просмотр сообщенияБайкеси (08 Август 2014 - 15:50) жазган:

    Эми суроо: туштукто эмне учун чайды чыныга сурап келгенсип тубунон куюп беришет?
    Турдуу варианттарды келтирсенер.

    Азыр сурап туруп эле куюшат, " Кандайынан с уважениемби  же без уважениелеби? деп.  :101:

    #38 OFFLINE   Айпери

    Айпери

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 519 билдирүү
    • 130 Рахмат
  • Жашы:28
    • Аракети: 05 Ноя 2016 23:25
    • Шаары -Озгон

    Жазылган 09 Август 2014 - 15:30

    Азыр эле 5 стакан чай ичип отуруп калган кербезим. акыркы кундору чайкор болуп баратам .
    Бул омурго бир жаралган сон , татыктуу жашап отууго эмне жетсин....

    #39 OFFLINE   Begimkyz

    Begimkyz

      Жаран

    • Форумчулар

    • 145 билдирүү
    • 66 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 24 Авг 2016 14:19
    • Шаары -Οω- Μοskvα

    Жазылган 09 Август 2014 - 16:54

    Мен кок чай ичтим дегиче ангинам ооруйт. Суукчан жаныма, ото эле суук келет экен
    .

    #40 OFFLINE   Тимоха

    Тимоха

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 2 240 билдирүү
    • 706 Рахмат
  • Жашы:34
    • Аракети: 02 Окт 2018 08:36
    • Шаары -г. Ишинболбогонский

    Жазылган 09 Август 2014 - 17:44

    Мать и мачеха ич деп жатышат.
    Наадандык кылбай биздин элибизге,
    Нукура кыргыз тилде сүйлөйлүчү,
    Намысты туу кылып көкүрөккө,
    Нукура форуму менен гүлдөйлүчү.

    #41 OFFLINE   Нуру88

    Нуру88

      Конок

    • Форумчулар

    • 36 билдирүү
    • 12 Рахмат
  • Жашы:30
    • Аракети: 28 Июл 2015 21:01
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 09 Август 2014 - 21:21

    Биир убакта кара чайле ичетлем,азыр есептесем 6жыл болуптур кок чай ичкениме,бир кун ичпей калсам башым ооруйт

    #42 OFFLINE   бир кыз

    бир кыз

      Жаран

    • Форумчулар

    • 172 билдирүү
    • 158 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети: 17 Сен 2014 15:00
    • Шаары -бир шаар

    Жазылган 10 Август 2014 - 00:13

    А мен эмнегедир кок чай иче албай койдум. Кандайдыр бир ачуу даамы бар го. Мындан ары чай, кофени токтотуп жон эле кайнак сук (кипяток) ичсемби деп калдым

    "Кыргыз" деп согот журогум,
    "Кыргыз" деп жашап журомун.
    Кыр, кырда жашап, жай таппай,
    Кыргыз тил жаман жудодун.
                            ( Улан Орозалиев)


    #43 OFFLINE   eudeim

    eudeim

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 670 билдирүү
    • 192 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети:

    Жазылган 10 Август 2014 - 03:35

    Просмотр сообщенияТимоша (09 Август 2014 - 08:35) жазган:

    Эудейм ал дарекке эмне деп жазайын?
    Ал жөнле да :P

    Просмотр сообщенияBegimkyz (09 Август 2014 - 16:54) жазган:

    Мен кок чай ичтим дегиче ангинам ооруйт. Суукчан жаныма, ото эле суук келет экен.
    "Ангина" ал өзү оорунун аты го? :апей:
    ╠══╦══█
    ╠══╩══█

    #44 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 10 Август 2014 - 03:44

    Просмотр сообщенияeudeim (10 Август 2014 - 03:35) жазган:

    Ал жөнле да :P


    "Ангина" ал өзү оорунун аты го? :апей:


    :101: Ооруй берип хронический болгонунан уже организмдин эле бир бөлүгү болуп калган го.Же безди айтып жатабы(миндальды)
    Изображение

    #45 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 10 Август 2014 - 03:46

    Просмотр сообщенияТимоша (09 Август 2014 - 17:44) жазган:

    Мать и мачеха ич деп жатышат.

    Ал астма менен жөтөлгө жакшы
    Изображение

    #46 OFFLINE   azamat1992kg

    azamat1992kg

      Жаран

    • Модератор

    • 340 билдирүү
    • 80 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети:
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 11 Август 2014 - 12:14

    Тема "Ашкана бурчу" бөлүмүнө жылдырылды.
    Ак ийилет, бирок сынбайт

    #47 OFFLINE   Азику

    Азику

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 521 билдирүү
    • 314 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети:
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 11 Август 2014 - 12:19

    Просмотр сообщенияТимоша (08 Август 2014 - 14:48) жазган:

    Баса курма чай деген дагы барго, ким ичип корду эле?

    Мен айылда жашап жүргөндө курма чай ичип калчуу элек. Мага жаккан деле эмес.
    Убакытты кетирүү бакыттан айрылуу.Изображение

    #48 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 12 Август 2014 - 15:33

    Чай тууралуу маалыматтар:

    ЧАЙ КИМГЕ ПАЙДАЛУУ?
    Чайдын кара, күрөң түстөгү түрүнүн - танин деген заты бар. Кургак түрүндө анын көлөмү 16 пайызга чейин жетет. Андан сырткары, кара чайдын курамын катехин заты да түзөт. Ал атеросклерозду дарылоодо жакшы жардам берет, о.э. жүрөгү оорукчандардын кан тамырларын кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт. Кан басымы жогору жана башы ооругандарга да кара чайды көбүрөөк ичүү сунушталат. Медицинада айрыкча, боорду жана дем алуучу органдарды дарылоодо анын сырдуу касиеттери бар экени тастыкталган. "Эмнеге чыгыш эли жаш көрүнөт" деген суроону өзүңүзгө берип жүргөн чыгарсыз. Анткени, алар бул суусундукту туура ичүү эреже салтын илгертен сактап келет. Мисалы, чайдын В2 витамини терини ийкемдүү, жылмакай жана сулуу болгонго жардам берет. Ошондой эле, анда фтор аябай көп, ал тишти курттан сактайт. Бирок, ага шекерди кошпогондо гана натыйжасын байкаса болот.

    "БИР ЧЫНЫ ЫРАХАТ, ЭКИ ЧЫНЫ СУУСУНУҢДУ КАНДЫРАТ, ҮЧ ЧЫНЫ ЧАЙДЫ АКМАКТАР ИЧЕТ"
    Бул сөздү кытай даанышманы айткан экен. Байыртан эле чай адамдын нерв системасына таасир берери белгилүү. Чайды ичкенибизде, мээбизге көп кычкылтек барып, дем алуубуз жакшырат. Ал организмден уулуу заттарды да чыгарганга жардам берет. Бирок, бул бардык оң жактарын көрөм десеңиз, сизге чайдын ылайыктуу сорту жана талапка ылайык демдөө эрежелерин билишиңиз шарт  Эске тутуңуз, коюу чайды жатар алдында ичсеңиз, уйкуңуз качат. Ал эми жөнөкөй чайдан 10 эсе өтө коюу демдеп, аны ичсеңиз, дароо катуу уйкуга батасыз. Бирок, айрымдары чифирди (чайды сууга кошуп, кыпкызыл болгуча көпкө кайнатуу) ден-соолукка пайдалуу деп ойлошот, тилекке каршы, дарыгерлердин айтымында, бул туура эмес. Тескерисинче, ден-соолугуңузга чифир көбүрөөк зыян алып келет. Себеби, чай канчалык коюу болсо, ошончолук кан басымды жогорулатып, жүрөктүн согушу ылдамдайт.

    БИЛЧҮ БЕЛЕҢИЗ…
    Чай бадалдарынын бою түндүктө кичинекей, ал эми экваторго жакындаган сайын чоңураак болот.
    Совет окумуштуусу Жемукадзе тарабынан чайлардын ичинен эң мыктысы делип, Кытайдагы жапайы өскөн чай бадалдарынын жалбырактарын атаган. Окумуштуу аны биохимиялык анализ менен тастыктап чыккан.
    Чайдан алынган теин заты медицинада көп кан жоготкон адамдарга колдонулат. Ошондой эле, чайдын экстракттары оорутпай турган морфийдин ордуна да пайдаланыла берет.
    Чайды хнага кошуп, чачты жууса, какачтын алдын алат. Ошондой эле, чачтын тамырын бекемдейт.
    Кытай жана Бирмада атайын чайды сарымсак менен аралаштырып, приправа катарында тамакка кошот.
    Балыктын жыты байкалбасын десеңиз, чай куюлган идишке сала туруңуз. Бир гана жыттан арылбай, балыктын этин чайдын жыты менен даамдуу кылат.
    Чайдын демделгенден кийинкисин төгүп жибербей, күзгүнү аарчысаңыз, ал жаркырап калат.

    Билдирүүнү өзгөрткөн Айдося: 12 Август 2014 - 15:35

    Изображение

    #49 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 12 Август 2014 - 15:37

    Кайсынысы көбүрөөк пайдалуу:кара чайбы же көк чайбы?
    Бир күндө канча жолу ичүү керек?
    Кара чайды өтө кызыл кылбай, бир күндө 4-5 чыныдан ашык ичпеңиз. Ошондо ал ден соолугуңуз үчүн абдан пайдалуу. Андан ашса зыян. Себеби, чайдын кайсы сорту болбосун (алтургай көк чайда да), курамында көп өлчөмдөгү кофеин болот. Кофеинди көп кабыл алуу бир канча ооруларды пайда кылат. А эгер өтө кызыл кылып ичмейинче туралбасаңыз, бир күндө 2-3 гана чыны ичүү зарыл.
    Ал эми көк чай ичүүнү бир күндө 4 чыныдан ашырбаңыз. Өлчөмүнөн көп ичүү пайдалуулугун жок кылат. Ошондой эле ашказан, он эки эли ичегиде жарасы барларга, жүрөк оорусу менен ооругандарга көк чай ичүүгө тыюу салынат!

    Туура демдөө
    Көпкө туруп калган кара чайды ичүүгө болбойт. Аны ар бир чай ичээрдин алдында ичкенге жеткидей аз өлчөмдө демдеңиз. Себеби, жаңы демделген кара чай 20 мүнөттөн кийин организмди ууландыруучу азыкка айлана баштайт.
    Тамак менен ичпеңиз
    Изилдөөлөргө таянсак, чайды тамак менен аралаштырбай өзүнчө ичүү зарыл. Антпесе тамактын сиңиши оорлойт. Ичкен-жегениңиз бир канча саатка чейин ашказаныңыздын капталына жабышып, топтолуп тура берет. Андыктан, тамактанууга 15 мүнөт калганда же тамактанып бүткөн соң 30 мүнөттөн кийин чай ичсеңиз туура болот.
    Булардан тышкары...
    Кара чай менен көк чайды төмөнкү максатта да колдонууга болот:
    Терини жылмакай кылып, бырышты жазат. 20 г ун, жумуртканын сарысы, күчтүү демделген көк чайды аралаштырып бетиңизге, моюнуңузга текши сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.
    Көздүн кызарганын таратат. Эгерде чарчоодон улам көздөрүңүз кызарып кетсе, кара чай жардамга келет. Ал үчүн 1 чай кашык кургак чайды 50 г кайнак сууга демдеп, 30 мүнөт тыныктырып коёсуз. Эми тундуруп, тунмасына марлини малып, аны кызарган көзгө 1-2 мүнөт басасыз. Андан кийин дагы бир жолу малып, кайталап басыңыз. Кааласаңыз марли колдонбостон, демделген кичинекей пакеттеги чайды деле көзүңүзгө бассаңыз болот.
    Күнгө күйүүгө убактыңыз болбосо... Тилекке каршы, Көлгө барууга убактыңыз же шартыңыз болбой калды. Бирок денеңиздин күнгө күйүшүн каалап жатасыз дейли. Андай учурда кара чайды кайнак сууга 2-3 мүнөт кайнатып, муздаган соң аны менен бир канча күн эртең менен жана кечинде жуунуп турасыз.
    Бырыштын алдын-алат. Кара чайды өтө кызыл кылбай демдеп, ага таза марлини салып суулаңыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабыңыз. Муну аптада 2 жолу кайталоо керек. Баш-аягы 10-20 процедура кылсаңыз, натыйжасы байкалат.


    Пакеттеги чай тишти талкалайт
    Чай жасап чыгаруу процессинде чай жалбырактарын ысытып куурушат. Ал эми күйүп кеткендери, эң майда үбөлөнгөндөрү, чаңы калып калат. Дал ошол чаңын, калдыгын бекер таштабастан, чай өндүрүшүндө иштегендер пакеттеги чайларды чыгарышат. Анда эч кандай пайдалуу заттар жок жана демдегенде түсү сиз каалагандай жагымдуу түстө болбойт. Ушундан улам аларга боёктор жана жыт аңкыткычтар кошулат. Изилдөөлөргө караганда, чайдын бардык сортторунун арасынан пакеттеги чайлар (кара чай да, көк чай да) эң зыяндуу болуп эсептелет. Анын курамында фтор өтө эле көп. Демек, күндө пакеттеги чайды иче берсеңиз, организмиңиздеги фтор тез эле нормасынан ашып кетип, атүгүл ал сиз үчүн ууга айланат. Натыйжада, флюороз оорусуна чалдыгасыз. "Эгерде организмде фтор жетиштүү болсо, сөөк, тиш сапаттуу, бышык болот. Нормадан ашып кетсе, тескерисинче, тишиңиз саргарып, анда таш пайда болот жана сөөктөрүңүз өзүнөн-өзү сына баштайт. Мындан тышкары, бооруңуз да жабыркайт. Бирок эмне үчүн пакеттеги чайларда фтор көп болору азырынча илимде белгисиз.
    Изображение

    #50 OFFLINE   Wumida

    Wumida

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 762 билдирүү
    • 246 Рахмат
  • Жашы:4
    • Аракети: 20 Май 2015 18:22

    Жазылган 12 Август 2014 - 21:41

    Oto koiuu emes orto demdep alyp,nabat koshup ichem bir  chainek.




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2019 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru