Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Ашканага тийиштүү пайдалуу кеңештер.


  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 47

#1 OFFLINE   Айдося

Айдося

    Эмгек сиңирген

  • Форумчулар

  • 5 805 билдирүү
  • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 13:47

    Изображение



    Бул жерге тамак-ашка тийиштүү пайдалуу нерселерди жазсак болот.Мисалы шорпонун тузу өтүп кетсе,бир чийки картошканы аарчып салып койсо тузун өзүнө сиңирип алат.Же болбосо кичинекей баштыкчага күрүчту салып,шорпого салып койсок ал дагы күрүчтү өзүнө сиңирип алат дегендей.

    Билдирүүнү өзгөрткөн Айдося: 23 Август 2014 - 13:57

    Изображение

    #2 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 13:54

    Изображение
    Эгерде  плитанын үстүн дат басып кетсе, ысытылган суу май менен сүртүп койсоңуз, оңой кетет.

    Сырды теркадан өткөрүү оңой болсун десеңиз – терканы май менен майлап алгыла.

    Эгер ашканада жагымсыз жыт орун алса, көмөч казанга уксус куюп, ысытсаңыз жыт кетип калат.

    Эгер тамакты жабык казанда бышырсаңыз анда витаминдердин 20 пайызы жок болот, ал эми капкагын ачып бышырсаңыз болгону 5 пайызы гана жоголот.

    Билдирүүнү өзгөрткөн Айдося: 23 Август 2014 - 15:35

    Изображение

    #3 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 14:06

    Ачык банкадагы томат пастасынын үстүнө бир аз туздан сээп,өсүмдүк майынан куюп койсо,бузулбай көпкө сакталат.


    Лимон бир нече жумага сакталыш үчүн,аны банкага салып,муздак суудан үстүн көмгүдөй кылып куюп туруп муздаткычка салып койсоңуз болот.


    Эгерде эт туурагычтан катуураак этти өткөрүү кыйынга турса ,эт туурагычтын ичине өсүмдүк майынан 2 -3 кашык куюп койсо,оңой тууралат

    Билдирүүнү өзгөрткөн Айдося: 23 Август 2014 - 14:08

    Изображение

    #4 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 14:17

    Изображение


    Тамактын майы көбүрөөк болуп калса казанга муз салып коюңуз. Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.

    Картошка  жумшак болуп соолуп калуусун алдын алуу үчүн арасына алма кошуп коюңуз.


    Кадимки эле чайдын чамасын кадимки гүл өстүргөн идишке салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле, ал семирткич катары да жакшы натыйжа берет.


    Салат сыяктуу жалбырактуу жашылчаларды көбүрөөк витамини сакталышы үчүн, бычак менен туурагандын ордуна колуңуз менен бөлүңүз.
    Изображение

    #5 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 14:24

    Апеей кокуй,теманы "пайдалуу кеңештер" дейм деп,пайдалуу нерселер деп салыпмын го мен эргул. :)
    Изображение

    #6 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 14:35

    Пирогдорду жасаганда,кантип кооздосок болот:

    Изображение  Изображение

    Билдирүүнү өзгөрткөн Айдося: 23 Август 2014 - 14:41

    Изображение

    #7 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 14:39

    Изображение Изображение
    Изображение

    #8 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 14:43

    ИзображениеИзображениеИзображениеИзображениеИзображение
    Изображение

    #9 OFFLINE   eliza

    eliza

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 755 билдирүү
    • 570 Рахмат
  • Жашы:30
    • Аракети: 28 Авг 2016 03:08
    • Шаары -Талас

    Жазылган 23 Август 2014 - 15:30

    Просмотр сообщенияАйдося (23 Август 2014 - 13:54) жазган:



    Эгер тамакты жабык казанда бышырсаңыз анда витаминдердин 20 пайызы жок болот, ал эми капкагын жаап бышырсаңыз болгону 5 пайызы гана жоголот.

    Экоон тен "жаап"бышырып салыпсыз:)Биринчиси ачык да ээ))
    Наадандык кылбай биздин элибизге,
    Нукура кыргыз тилде суйлойлучу.
    Намысты туу кылып кокурокко,
    Нукура форум менен гулдойлучу.

    #10 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 15:34

    Просмотр сообщенияeliza (23 Август 2014 - 15:30) жазган:

    Экоон тен "жаап"бышырып салыпсыз :)Биринчиси ачык да ээ))


    :Васелиса: Ооба да,албетте ачык экинчиси.Карылыктын белгиси лүңгөрөйүндүкү :D
    Изображение

    #11 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 23 Август 2014 - 15:41

    Изображение

    Ашкана майлыктарын жуурдан мурун бир аз уксус кошулган жылуу сууга чылап койсоңуз, майы жакшы кетет.

    Лимон кабыгын ыргытпаңыз,идиш жууган сууга салып койсоңуз, өзгөчө айнек идиштериңиз жалтырап калат.

    Кол пияз, сарымсак же балык жыттанып калса, аны азыраак уксус кошулган суу менен жуу керек.

    Бычактын, вилка, кашыктагы датты кетирүү үчүн чийки пиязды колдонууга болот.

    Мискей, чайнектин ичи карарып калса, ага алма менен алмуруттун кабыгын кайнатсаңыз, идиштериңиз жаңы калыбына келет.

    Мокок бычакты курчутуудан мурун аны бир аз туз кошулган сууга жарым сааттай салып койсоңуз, бычак жакшы курчуйт.
    Изображение

    #12 OFFLINE   Nananey

    Nananey

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 973 билдирүү
    • 208 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети: 23 Апр 2019 12:28
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 23 Август 2014 - 20:17

    Айдося эже рахмат
    я хочу быть с тобой и сегодня,
    и завтра, и через 50 лет, и в Раю.

    Ин ша Аллах

    #13 OFFLINE   Nananey

    Nananey

      Форумчу

    • Форумчулар

    • 973 билдирүү
    • 208 Рахмат
  • Жашы:26
    • Аракети: 23 Апр 2019 12:28
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 24 Август 2014 - 11:21

    Просмотр сообщенияАйдося (23 Август 2014 - 14:43) жазган:

    ИзображениеИзображениеИзображениеИзображениеИзображение

    Айдося эже, ичине эмне фарш салынды?
    я хочу быть с тобой и сегодня,
    и завтра, и через 50 лет, и в Раю.

    Ин ша Аллах

    #14 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 14:57

    Мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонуш керек болгон эң пайдалуу 10 азык


    Ден-соолугубуздун чың болушуна салымын кошкон табигый пайдалуу азыктар бар. Албетте, булардын катарын жашылча-жемиштин ар кандай түрлөрү менен толуктай берүүгө болот. Бирок негизгилери төмөнкүлөр:


    Балык
    Эгер балыкты бир жумада үчтөн кем эмес жолу эттин ордуна пайдалансак, жүрөк ооруларынын алдын алып, кандагы холестериндин деңгээлин сактаган болоор элек. Балык өзүнүн баалуулук касиеттери жагынан этти алдына чыгарбайт.


    Кара нан
    Кара нан витаминдерге, минералдык заттарга гана бай болбой, мында клетчатканын көп өлчөмү бар. Клетчатка кандагы холестеринди жана кан басымды түшүрөт, тамак сиңирүүнү жөнгө салып, зат алмашууну тездетет, организмдеги шлактарды чыгарат, клеткалардын жаңыланышын күчөтөт жана жаштыктын сакталышына жардам берет.


    Алма
    Адамдын организмине эң керектүү болгон 15 витаминдин алмадан 12си табылган. Булар В, С, Е, Р жана башка витаминдер. Эгер күн сайын алма жесек, жүрөк-кан тамыр ооруларына болгон коркунучту азайткан болоор элек. Мындан тышкары алма клеткаларды картаюудан сактоочу антиоксидантка бай.


    Сабиз
    Сабизде да көптөгөн "сулуулук витаминдери" жана пайдалуу минералдык заттар бар. Сабизди жүрөк ооруда жеген жакшы жыйынтык берет. Ошондой эле сабиз онкологиялык оорулардын алдын алууда колдонулуп, көзгө эң пайдалуу азык.


    Ашкабак
    Ашкабак көптөгөн ооруларга даба: жүрөк, кан-тамыр, ичеги, боор, бөйрөк, суук тийгенде жана аз кандуулукта. Анда С, В, каротин, Е, РР, К, Т витаминдеринин көп өлчөмү болгондуктан, сабиз чачты, тырмакты бекемдеп, терини картаюудан сактайт, ашыкча салмактан арылтат.


    Кара карагат
    Кара карагатта С витамини көп. С витамининин бир суткалык нормасын алуу үчүн чоң адамга бир күндө 30-60 грамм карагат жеп коюу жетиштүүлүк кылат. Кара карагат муундарды бекемдейт, кан басымды түшүрөт жана жугуштуу оорулардын алдын алууда эң жакшы дары болуп эсептелинет. Ал зат алмашууну жакшыртып, ашыкча салмактан арылууда да колдонулат.


    Ит мурун
    Ит мурун бекеринен кырк оорунун дабасы деп айтылбайт. Ал С витамининин көптүгү жагынан мөмөлүү өсүмдүктөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Ит мурундун тундурмасы, чайы жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алууда эң пайдалуу.


    Жемиштердин кактары
    Каткан өрүк, кара өрүк, мейиз, инжир, алма, алмурут сыяктуу кактар химиялык кошулмалар менен жасалган таттууларга караганда бир нече эсе пайдалуу. Кактар жүрөк ооруларына, астмага, анемияга, суук тийүүгө эң жакшы дары. Мындан тышкары катырылган жемиштер нерв системасын бекемдөөдө жана ичегилерди тазалоодо натыйжалуу каражат.


    Көк чай
    Көк чай кара чайга караганда алда канча пайдалуу. Бул суусундук жүрөктүн, бөйрөктүн, боордун ишин жакшыртат жана иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле көк чай тамак сиңирүүнү жакшыртат, организмди шлактардан тазалайт, жүрөк оорулары жана рак оорусу коркунучун азайтат, организмдин картаюу процессин жайлатат


    Бал
    Бал организмге өтө пайдалуу азык. Ал организмдин көптөгөн инфекцияларга каршы турушун жогорулатат. Аны боор, ашказан, ичеги, дем алуу органдары ооруларында колдонуу сунушталат. Бул ажайып азыкта С, К, Е, Р, В витаминдеринен тышкары Менделеевдин таблицасындагы дээрлик бардык микроэлементтер бар.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #15 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:00

    Мүмкүн болушунча азыраак колдонуш керек болгон
    эң зыяндуу 10 азык


    Ден-соолукту тобокелге салбоо үчүн диетологдор айрым тамак-аштарды азыраак пайдаланууну, мүмкүн болсо алардан такыр эле баш тартууну сунушташат. Алар төмөнкүлөр:




    Кант
    Кантта эч кандай витамин да, минералдык азыктар да жок, ошол эле убакта ал өтө калориялуу азык болуп эсептелинет. Кумшекер көптөгөн оорулардын себепчиси болот: кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашказан-ичеги, бөйрөк анан албетте, тиш оорусу. Ошондой эле организмдин ар кандай инфекцияларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт.




    Туз
    Ден-соолугу чың чоң адамга күнүнө 5 грамм туз талап кылынат. Биз болсо 10-15 грамм туз жейбиз. Тузду ашыкча өлчөмдө кабыл алуу менен бирге биз өзүбүзгө жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларын жакындатып алабыз жана зыяндуу шишиктердин пайда болушуна жол беребиз.




    Колбаса
    Колбасада, сосискада майдын көп өлчөмү, жасалма кошумча азыктар жана туз бар. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча колбаса жана сосиска берген даам наркотикке көнүүнү жана көптөгөн ооруларды чакырат. Бул азыкты такай жегендер нерв системасын бузуп алуу коркунучуна дуушар болушат.




    Маргарин
    Маргарин - көпчүлүк ойлогондой каймак майдын эле бир түрү эмес. Бул азык - чыныгы жасалма азык. Консерванттарга каныккан бул майдагы зыяндуу заттар организмде топтолуп калууга жөндөмдүү.




    Майонез
    Майонезге кошумча даам берүүчү жана түс берүүчү жасалма кошулмалар кошулат. Жүрөк жана кан-тамыр оорулары, ашказан жана ичеги оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана семирүү - булардын баары майонезди көп пайдалангандын жыйынтыгы.




    Бульон кубиктери,
    тез даярдалуучу кесме
    Бул тез даярдалуучу тамактар бүтүндөй химиядан турат. Буларда даамды күчөтүүчү жана жагымдуу жыт берүүчү кошулмалар, боёк, туздун көп өлчөмү бар. Айрыкча тез даярдалуучу кесменин өзүнүн желим идишинин үстүнө эле кайнак сууну куюп, жеп алганыңызда организмиңизге чоң зыян келтирген болосуз.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #16 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:01

    Фаст- фуд (гамбургер, чизбургер,
    фри картофели, чипсы ж.б.)
    Мындай азыктарда майдын, туздун, жасалма кошулмалардын көп өлчөмү болот. Ушулардын негизинде фаст-фуд баш мээсинин инфаркты, рак, гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушу, тукумсуздук, семирүү сыяктуу коркунучтуу оорулардын себепчиси. Дагы бир жаман жагы - бул азыкты көп пайдалануу бара-бара наркотикалык көз карандылыкты чакырышы мүмкүн.




    Консервалар
    Айнек жана калай идиштердеги консерваланган азыктардын биздин организмибиз үчүн эч кандай пайдасы жок. Анда көптөгөн зыяндуу заттар: консерванттар, даамды күчөтүүчү кошулма, боёк жана туз менен канттын көп өлчөмү бар. Азыктарды консервалаганда алардын түзүлүшү жана даамы өзгөрөт, андагы пайдалуу заттар, айрым витаминдер жоголот.




    Газдалган суусундуктар
    Кола, пепси, лимонад жана башка "суусунуңду кандыруучу" суусундуктарда канттын көп өлчөмүнөн тышкары химиялык кошулмалардын түрү бар. Айрым суусундуктардын курамына кофеин, коки дарагынын жалбырагы кошулат. Башкасын айтпаганда да газдын өзүнүн эле ашказандын былжыр челине тийгизген зыяны канча?!




    Алкоголдук ичимдиктер
    Алкоголь калктын өлүмүнүн 3-себепчиси (жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан кийинки). Спирттик ичимдиктер бөйрөк, боор, ашказан, ичеги жана башка көптөгөн органдарга өз зыянын тийгизет.




    Сауле СУЛАЙМАНОВА
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #17 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:02

    Жагымдуу тери үчүн кайсы азыктар натыйжалуу?


    Спорт менен машыгуу, таза абада сейилдөө адамдын жакшы көрүнүшү үчүн аздык кылат. Биздин терибиз туура тамактануудан да көз каранды. Атүгүл эң кымбат, эң натыйжалуу кремдер да айрым азыктардын алдында күчсүз болуп калат. Андыктан сулуу көрүнөм десеңиз рационуңуздан майлуу жана туздуу азыктарды азайтып, жаңы жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеңиз. Беттин жагымдуулугуна өз таасирин тийгизүүчү өзгөчө баалуу азыктардын айрымдарын атайын адистер бөлүп чыгышкан.


    1. Балык жана деңиз жандыктары
    oАктивдүү компоненттер: майлуу кислота, цинк.
    oНатыйжасы: Жылмакай, таза тери
    Деңиз жандыктарынын ден-соолукка пайдалуулугун айтып түгөтө албайбыз. Алардагы цинк жана майлуу кислота теринин жаңыланышында чоң роль ойнойт. Организмде бул компоненттердин жетишсиздиги - тез картаюуга алып барат. Балыктын курамындагы майлуу кислоталар теринин нымдуулугунун деңгээлин кармап турат. Мындан тышкары, цинк жүрөктүн артериясына таасирин тийгизип, кан айланууну жакшыртат жана бетке безетки менен ар кандай бүдүрлөрдүн чыгуусунун алдын алат.


    3. Ток сары жана жашыл жашылчалар
    oАктивдүү компоненттер: А витамини, бета-каротин.
    oНатыйжасы: чың, жылмакай тери.
    Эгер сиздин териңизде сезгенүү пайда болсо, демек, организмиңизге А витамини жетишпейт. Бул витамин ток сары жана жашыл жашылчаларда бар. Сабиздин жана жашыл жалбырактуу жашылчалардын курамында кездешкен бета-каротин теридеги клеткаларды жаңылоого жөндөмдүү. А бул болсо жаштыкты узартуу дегендик. Бирок эсиңиздерде болсун, А витамини май менен жакшы сиңет, андыктан, сабизди өсүмдүк майы же сметана менен жегенде натыйжалуу болот. Сабиздин ширесин сыгып ичкиңиз келсе, ага бир аз сливки кошуп коюңуз.


    2. Цитрус өсүмдүктөрү
    oАктивдүү компонент: С витамини.
    oНатыйжасы: Жылмакай тери.
    Жаштыкты сактоочу витаминдердин бири - С витамини. Бул витамин косметология дүйнөсүндө бекеринен кеңири колдонулбайт. Биз бул витаминди бетке сыйпалуучу кремдердин курамынан таба алабыз. Анткени ал биздин терибиздин жакшы көрүнүшүнө чоң таасирин тийгизет. Бул элементтин синтези жайлап калганда тери былбырай түшөт. Ошондой эле С витамини бузулган клеткаларды калыбына келтирүүчү компонент болуп эсептелинет.
    Андыктан апельсин , грейпфрут сыяктуу цитрус жемиштерин белгилүү өлчөмдө такай жеп туруу бетке бырыштын түшүүсүн жайлатат. С витамини айрыкча туздуу ваннаны сүйгөндөргө жана тамеки чеккендерге сунуш кылынат. Алардын организмине бул витамин жетишсиздик кылат.


    4. Сөөктүү жемиштер
    oАктивдүү компонент: Е витамини.
    oНатыйжасы: жаш, назик тери.
    Өзгөчө бадамдын курамында көп кездешкен Е витамини тери үчүн аябай баалуу. Бул витамин теринин картаюу процессин жайлатат жана аны зыяндуу ультранурлардын таасиринен сактайт, нымдуулуктун керектүү тең салмактуулугун кармайт, негизи эле терини жашартат жана тазартат. Бадамда, мистеде, грек жаңгагында кездешүүчү майлуу кислотанын да жагымдуу тери үчүн ролу чоң.


    5. Дан өсүмдүктөрү
    oАктивдүү компоненттер: рутин жана В тобунун витаминдери.
    oНатыйжасы: таза, нымдуу тери.
    Курамындагы рутиндин эсебинен дан өсүмдүктөрү күчтүү антиоксиданттар болуп эсептелинет. Рутин теринин сезгенүүсүнө тоскоол болуп, тери ооруларынын алдын алат. Ал эми В тобунун витаминдери жалпы эле организмдин кадимкидей иштешинде чоң роль ойнойт. Ошондой эле дан өсүмдүктөрүндө Е витамини, майлуу кислоталар бар. Анан албетте, кара нан тууралуу унутпаңыз. Ал ичегилердин иштешин жакшыртат. Бул болсо өз кезегинде беттин өңүнө таасирин тийгизет.


    Сауле СУЛАЙМАНОВА
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #18 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:02

    Кышкы жемиштер
    кайсы оорулардан
    сактайт?

    Кышында биздин организмибиздин витаминдерге болгон муктаждыгы күчөйт. Ал витаминдердин булагы - жемиштер.

    Мандарин
    Баалуулуктары:
    Мандарин канчалык көп сакталса да курамындагы көп өлчөмдөгү С витамини бузулбайт.
    Рахиттен коргоочу D витамини бар.
    Мандаринде майларды күйгүзүүчү жана былжырды эритүүчү синефрин деген химиялык зат бар. Бронхитте жана астмада эртең менен бир стакан мандариндин ширесин ичүү сунушталат. Бул өпкөнү жана дем алуу органдарын андагы чогулуп калган былжырлардан тазалайт.
    Курамында аминокислота көп болгондуктан, мандарин шишикке каршы натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.
    Кемчиликтери:
    - Мандарин ашказан ооруларынан жабыркагандарга болбойт. Анткени, анын курамында ашказандын былжыр челин козгоочу кислота бар.

    Алма
    Баалуулуктары:
    Алма арыктоону каалагандар үчүн эң пайдалуу жемиш. Анткени, бул жемиштин калориялуулугу аз жана ал пайдалуу минералдык заттарга бай.
    Ашказан, боор, ичеги оорулары менен ооругандар үчүн да пайдалуу.
    Алма тамак сиңирүүнү жакшыртат жана организмдин картаюу процессин жайлатат.
    Күнүнө 2 даанадан желген алма кандагы холестеринди 16 пайызга чейин кыскартат.
    Кемчиликтери:
    - Алманын кемчилиги дээрлик жокко эсе. Болгону анын катуу, кычкыл сорттору жаш балдарга жана кары кишилерге болбойт.

    Курма
    Баалуулугу:
    Курманын негизги баалуулугу - курамындагы көп өлчөмдөгү йоддо. Бул тамак безинин ооруларынын алдын алат.
    Курманын түсү анын курамында бета-каротиндин бар экенинен кабар берет. Бета-каротин болсо картаюу процессин жайлатат.
    Бул жемиште жүрөк булчуңунун ишин жакшыртуучу калий, аз кандуулуктун алдын алуучу темир, кан тамырлардын ишин жакшыртуучу С жана R витаминдери, бөйрөктө таш пайда болуу мүмкүнчүлүгүн азайтуучу магний бар.
    Курма тамак сиңирүүнү жакшыртуучу пектинге бай.
    Ширесин тамакка ууланууда жана ашказан-ичеги ооруларында пайдалануу сунушталат.
    Кемчиликтери:
    - Анын курамында кант көп болгондуктан, кант дибети менен ооругандарга жана семирүүдөн жапа чеккендерге көп жегенге болбойт.
    - Курманы чегинен көп пайдалануу ичеги оорусуна жеткирет.

    Банан
    Баалуулуктары:
    Бананда кальций, калий, темир бар. Күнүнө 1-2ден банан жеп туруу маанайды көтөрөт, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат, чарчоону басат, организмди тазалайт. Стресске жакын адамдар жана активдүү акыл-эсти талап кылган жумушта иштегендер көбүрөөк банан жеш керек.
    Анын курамындагы магний жана В6, В12 витаминдери нерв системасын сактап турат.
    Банан боорго пайдалуу.
    Банандын ширеси холера жана дизентерия ооруларын дарылоодо оң натыйжа берет.
    Кемчиликтери:
    - Банан оор тамактардын катарына кирет. Ал организмге жай сиңгендиктен, шашпай, майда чайнап жеш керек.
    - Банан канды коюулантат, ошондуктан, ал варикоз оорусу барларга, инфаркт жана инсультту башынан өткөргөндөргө сунуш кылынбайт.
    - Ашказандын жогорку кычкылдуулугуна да банан болбойт.

    Анар
    Баалуулуктары:
    А, В, РР, С витаминдери май алмашууну жана углевод алмашууну жөнгө салат.
    Анарды колдонуу организмди ысуудан сактайт, артериалдык кан басымды жөнгө салат, жөтөлдү азайтат. Ошондой эле анардын ооруну басаңдатуучу да касиети бар.
    Анардын эң негизги пайдалуу касиети - кандагы гемоглабинди, иммунитетти жана тамакка болгон табитти жогорулатат.
    Анардын ширеси заара кубалоочу касиетке да ээ. Ошондой эле ал тамак сиңирүүнү жакшыртат.
    Кемчиликтери:
    - Анардын ширеси ашказанында жарасы бар адамдарга сунушталбайт.
    - Ич өтүүнү чакырат, ошондуктан, аны сабиздин, кызылчанын ширелери менен аралаштыруу керек же болбосо кайнаган суудан бир аз кошуп коюу зарыл.
    - Тиши сезимтал адамдар анарды колдонууда абайлаш керек. Анардын ширеси эмалды "жейт".

    Киви
    Баалуулуктары:
    Курамындагы көп өлчөмдөгү С витамининин эсебинен киви - сасык тумоонун алдын алуучу жана иммунитетти жогорулатуучу эң натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.
    Киви тамак сиңирүүнү жакшыртат жана организмдеги зат алмашуу процессине оң таасир этет. Тоё жеген түшкү же кечки тамактан кийинки киви ашказандагы оордуктан, зарнадан сактайт.
    Адистер күнүмдүк рациондогу киви стресстен арылтып, депрессияга жеткирбейт дешет. Киви спортсмендерге энергиясын калыбына келтирүүчү табигый каражат катары сунушталат.
    Бул жемиш организмден ашыкча туздарды айдап чыгып, бөйрөктө таштардын пайда болуусунун алдын алат.
    Толуп кетүүгө жакын адамдар үчүн киви эң жакшы диеталык азык. Ал биринчиден, майларды күйгүзөт, экинчиден, келишимдүү келбетти сактоочу көптөгөн клетчаткаларды өзүнө камтыйт.
    С витаминин көптөгөн өлчөмү камтылгандыктан, киви сасык тумоонун алдын алуучу эң жакшы каражат болуп эсептелинет.
    Кемчиликтери:
    - Киви ашказан ширесинде кычкылдуулук жогору адамдарга сунушталбайт.
    - Ошондой эле аллергиядан жабыр тарткандар да кивини көп колдонууга болбойт.

    Сауле СУЛАЙАНОВА
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #19 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:03

    Чычырканак - миң ооруга даба
    Чычырканак өзүнүн ажайып касиети менен тээ илгертен белгилүү. Анын пайдалуу касиетин ачуу байыркы гректерге таандык. Алар аттарынын бул бадалдын арасына кирип кетип, жалбырактарын жана мөмөсүн жегенин байкап калышат. Аны жеген аттардын ден соолугу чың болуп, жалдары менен терилери жалтырап калчу. Андыктан, чычырканакты гректер алгач ооруган жана алсыз аттарды дарылоо үчүн колдоно башташкан. Андан кийин гана бул жемиш аттарга жардам берип жатабы, демек, адамдарга да жардам берет деп чечишип, аны менен аскерлерди жана спортсмендерди да дарылай башташкан. Мына ошол чычырканактын андан бери улам бир дарылык касиети ачылып отуруп, заманбап медицинага келип жетти.


    Чычырканактын пайдалуу касиеттери
    - Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Аны такай жеп туруу - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң жакшы ыкмасы. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.
    - Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.
    - Бул жемиштин иммундук системаны бекемдөөдөгү ролу да абдан чоң.
    - Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оң натыйжа берет.
    - Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.
    - Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.
    - Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу жакшы жыйынтык берет.


    Чычырканак майы менен дарылоо
    Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.
    Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.
    Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл.
    Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл.
    Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.
    Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.


    Чычырканак майы косметологияда
    Бул өсүмдүктүн майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат.
    Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл.
    Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт.
    Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеш керек же бутагынын маңызына чачты жуу керек. Жуугандан кийин чачка майын сүртүү сунуш кылынат.
    Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизет.
    Cепкилди, тактарды кетирип, бетти агартат.
    Күнгө күйгөн терини кайра тез калыбына келтирет.
    Чычырканак майын үй шартында кантип жасоого болот?
    1-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып, ачык жерге коюп коёсуз. Бир суткадан кийин ширенин эң үстүңкү катмарында май пайда болот. Аны чогултуп аласыз. 1 кг чычырканактан болжол менен 80 г май алынат.
    2-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып аласыз. Кабыгы менен сөөгүнүн калдыгын майдалап, үстүнө 60°Сге чейин ысытылган өсүмдүк майын куясыз. Бир сутка тыныктырып, андан соң суюк бөлүгүн - майын тундуруп аласыз.


    Чычырканакты кимдер пайдаланууга болбойт?
    Ашказан алдындагы без, боор, өтү ооругандар;
    Панкреатит менен ооругандар;
    Аллергияга жакын адамдар;
    Ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #20 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:04

    Бырышка каршы 7 азык
    Бетке бырыштын түшүшү - бул табигый көрүнүш. Бардык адамдардын бетине бырыш түшөт, бирок, кимдир бирөөгө эрте, кимдир бирөөгө кеч. Ал эми бырыштын алдын алуу, анын түшүшүн кечеңдетүү, кыскасы, өзүбүздү канча бир убакка жашартуу - бул өзүбүздүн гана колубуздагы нерсе.


    1. КАПУСТА
    Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, күнүмдүк тамактануу рационуңуздан капустаны үзбөңүз. Француз окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу антиоксидант бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 10 мг лютеин, башкача айтканда, 57 г капуста кабыл алуу зарыл.


    2. БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ
    Соя, маш, гречка, буурчак сыяктуу өсүмдүктөр биздин организмибизде гиалурон кислотасы деп аталган карылыкка каршы затты иштеп чыгат экен. Окумуштуулардын айтымына караганда, адам төрөлгөндө анын организминде бул кислота жетиштүү өлчөмдө болот, ошондуктан, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азайгандан азая берет, бирок, бул маселени буурчак өсүмдүктөрү чечет. Андыктан, жаштыгыңызды көпкө сактайм десеңиз, болбоду дегенде күнүнө 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.




    3. ҮНДҮКТҮН ЭТИ
    Үндүктүн этинде тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде "каз тамандардын" пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүктүн этин жеп туруңуз.




    4. КАРА ӨРҮК
    Кара өрүк да организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Кара өрүктүн жаңысынан болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп турган адам терисиндеги бырыштардын алдын алган болот.




    5. КЫЗЫЛЧА
    Көз карандысыз диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.


    6. ОЛИВКА
    Жакында эле австриялык изилдөөчүлөр оливка майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болоорун далилдешти.




    7. ШОКОЛАД
    Ооба, шоколад тери үчүн эң пайдалуу. Германиялык окумуштуулар какаону пайдаланган соң териге кандын куюлушу жакшыраарын далилдешкен. Ошондой эле шоколад теринин №1-душманы болгон ультракызгылт нурларынан сактайт. Бирок кара шоколад гана мындай касиетке ээ.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #21 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:04

    Бет териси үчүн кышкы маскалар
    Беттин жакшынакай териси - айымдын жагымдуулугунун эң негизги көрсөткүчү. Сууктун түшүшү менен ал өзгөчө кам көрүүгө, кошумча азыктанууга муктаж болот. Андыктан, үй шартында кышкы маскаларды жасап, бетиңиздин абалына кам көрүңүз.
    Төө буурчак маскасы
    Ак төө буурчакты таза жууп, бир нече мүнөт сууга чылап коёсуз. Андан соң кайнатып бышырасыз. Вилка менен эзип, ага жарым лимондун ширесин сыгасыз жана бир чай кашык оливка майын кошосуз. Жылуу боткону бетиңизге 20 мүнөт койгон соң салфетка менен аарчып, жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска кургак беттерге жакшы. Ал бетти азыктандырат жана агартат.
    Япон маскасы
    Бул масканы жасоо эң оңой. Ал үчүн балды, унду, сүттү бирдей өлчөмдө аралаштыруу зарыл. Пайда болгон боткону таза жуулган бетиңизге жарым саат коёсуз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Терини тез картаюудан сактоо үчүн бул япон маскасын маал-маалы менен колдонуп туруу зарыл.
    Ачытылган капуста маскасы
    Ачытылган капустанын жалбырактары беттин терисин тазалайт жана жашартат. Бетиңизге жана моюнуңузга жалбырактарды коюп, 20 мүнөт жатасыз. Масканы алган соң мээлүүн суу менен жууп, азыктандыруучу крем коюп алуу зарыл.
    Жумуртканын сарысы менен лимон маскасы
    Бир жумуртканын сарысын көбүгүн чыгара чалып, ага бир лимондун ширесин сыгып кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Ката баштаганда дагы бир кабат, андан кийин дагы бир кабат сүйкөйсүз. Масканы жалпысынан 15 мүнөт кармап, андан соң муздак суу менен жууп саласыз. Бул маска майлуу беттерге ылайык келет. Эгер сиз да жасасаңыз, бетиңиздин тешикчелери жабыла түшкөнү дароо байкалат.
    Алма маскасы
    Бир алманын кабыгын аарчып, кубик кылып туурап, аны сүткө кайнатуу зарыл. Пайда болгон боткону жылуу калыбында бетиңизге 20 мүнөт коюп, андан соң мээлүүн суу менен чайкап саласыз.
    Дрожж маскасы
    Болжол менен 20 граммдай дрожжду 1 чоң кашык сүткө ээритип аласыз. Аралашманы бетиңизге сүртүп, кургаганча күтөсүз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Дрожж маскасы безеткиге жакын беттер үчүн жакшы.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #22 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:05

    Азыктардын айкалышы
    Организмибизге жеген тамагыбыз жакпай калган учур дээрлик ар бирибиздин башыбыздан өткөн. Айрым азыктар бири-бирине төп келишпейт. Алар ашказанга чогуу барганда бири-бири менен келише албай, "урушуп" кетишет. Азыктардын айкалышын 1930-жылдары биринчилерден болуп доктор Хей түзүп чыккан. Келиңиздер, бири-бирине туура келген гана азыктар менен тамактанып, муну менен ден соолугубузду жакшыртабыз.


    Эт, тооктун эти, балык
    Эт жашыл жана крахмалсыз жашылчалар менен эң жакшы айкалышат. Мындай айкалыш жандык белокторунун зыяндуу касиеттерин азайтып, организмге сиңүүсүнө жана кандан ашыкча холестериндин бөлүнүп чыгуусуна жардам берет. Жандык белокторунун алкоголь менен айкалышы өтө зыяндуу. Анткени, алкоголь жандык белокторунун организмге сиңиши үчүн зарыл болгон пепсин ферментин кармап калат. Ошондой эле жандык белогунун сүт, жумуртка, быштак, сыр сыяктуу азыктар менен аралаштырууга да болбойт. Анткени, алардын ар биринин сиңиши үчүн өз-өзүнчө убакыт керек.


    Буурчак өсүмдүктөрү
    Төө буурчак, буурчак, маш, соя сыяктуу буурчак өсүмдүктөрүн башка азыктар менен аралаштырууда өтө этиеттик керек. Крахмал катары - алар май менен жакшы айкалышат, жеңил сиңиш үчүн - өсүмдүк майы жана каймак менен, ал эми өсүмдүк белогунун булагы катары көк чөптөр жана крахмалдуу жашылчалар менен. Буурчак өсүмдүктөрүн рациондон алып салууга болбойт, анткени, курамы жагынан алардын этке жакындыгы бар.


    Каймакмай, каймак
    Организмге жакшы сиңиши үчүн бул азыктарды жашыл жана крахмалсыз жашылчалар менен кошо жеген жакшы. Каймакмай менен сырды деле аралаштырууга мүмкүн, бирок бир эле мезгилде организмди мынчалык көп май менен камсыз кылуунун эмне кереги бар?


    Өсүмдүк майы
    Өсүмдүк майы - бул эң пайдалуу азыктардын бири. Аны жашылчалар менен айкалыштыруу мүмкүн экенин баарыбыз билебиз. Ал эми шекер, быштак, сүт менен аралаштыруу. .. эч кимдин оюна келбейт. Андыктан, бул азыкты салатка ишенимдүү түрдө эле колдоно бериңиз, бирок эсиңизде болсун, бул жогорку калориялуу азык.


    Шекер, кондитер азыктары
    Бул азыктардан мүмкүн болушунча алысыраак болгон жакшы. Алар ашказан ширесинин секрециясын токтотот. Алардын сиңиши үчүн шилекей да, ашказан ширеси да керек эмес, алар ичегиде сиңет. Эгер аларды башка азыктар менен жесеңиз, ашказанда көпкө кармалат да, ашказандын кыжылдоосун чакырат. Ооз көңдөйүндөгү кычкыл даам, зарна ошонун жыйынтыгы. Таттуу азыктар организмди эч кандай минералдык заттар жана витаминдер менен камсыз кылбайт. Бирок бал алардын катарына кирбейт. Балды жегениңизден 20 мүнөттөн кийин ал канга сиңип кетет да, боорго жана башка органдарга эч кандай жүк келтирбейт.


    Нан, дан өсүмдүктөрү, картошка
    Булар - крахмалдуу жана углеводдуу азыктар болгондуктан, башка азыктар менен айкалыштырууда абайлоо керек. Крахмалдын организмге сиңиши кыйын. Крахмалды жандык белогу менен аралаштырууга болбойт.


    Мөмө-жемиштер
    Мөмө-жемиштерди бир дагы башка азыктар менен аралаштырбай эле койгон жакшы. Анткени, алар ичегиде сиңет. Мөмө-жемиштерди тамактанаардан 15-20 мүнөт мурун жесеңиз болот. Организмди витаминдер жана минералдар менен камсыз кылууда жемиштердин канчалык зарыл экендигин билебиз. Бирок туура эмес колдонууда алар деле ашказанда кыжылдоону пайда кылат. Айрыкча коон менен дарбыз кошулганда.


    Жашыл жана крахмалсыз жашылчалар
    Жашыл жана крахмалсыз жашылчаларды дээрлик бардык азыктар менен айкалыштырууга болот. Бул категорияга: укроп, петрушка, сельдерей, капуста, көк жана ак пияз, сарымсак, бадыраң, баклажан, болгар калемпири кирет. Редиска, түрп, шалгам - булар жарым крахмалдуу жашылчалар болгону менен жогоруда саналган жашылчалардын катарында эле жүрөт.


    Крахмалдуу жашылчалар
    Бул жашылчаларды шекер менен колдонууга болбойт. Болбосо ашказанда күчтүү кыжылдоону пайда кылат. Крахмалдуу жашылчалар: кызылча, сабиз, хрен, ашкабак, патиссон, түстүү капуста.


    Сүт
    Сүттү бардык башка азыктардан бөлөк колдонуу сунуш кылынат. Анткени, башка тамакка толгон ашказандын дубалчаларын сүт бүтүндөй каптап калат да, ашказан ширесинин иштелип чыгышына тоскоол болот. Натыйжада, ашказандагы тамак кайра иштетилбей, бузулуп, тамак сиңирүү процесси жайлайт.
    Быштак, кычкыл сүт азыктары
    Быштакты башка азыктар менен аралаштырууда абайлоо керек. Таттуу жемиштер менен быштакты жана кычкыл сүт азыктарын көп аралаштыруу сунуш кылынбайт. Бирок чеги менен аралаштыруунун зыяны жок.


    Сыр, брынза
    Сыр, брынза кычкыл жемиштер жана помидор менен жакшы айкалышат. Быштак, кычкыл сүт азыктары курамы жагынан сырга окшош эле, андыктан, аларды аралаштырууга мүмкүн.
    Жумуртка
    Жумуртка жашыл жана крахмалсыз жашылчалар менен кошулганда жакшы.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #23 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:07

    Сулуулук үчүн 5 азык
    Сулуулукту сактоого ичтен да, сырттан да кам көрүү зарыл. Бул үчүн баарынан мурун мөмө-жемиштер жардамга келет. Адистер сулуулуктун беш максатын белгилеп, айымдын терисин идеалдуу кылуучу 5 азыкты тандап алышкан.


    1-максат: Терини серпилгич кылуу
    Серпилгичтикке коллаген жооп берет. Организмге аны жеткирүүчү негизги витамин - С витамини. Бул организмде иштелип чыкпайт, бирок аны жетиштүү өлчөмдөгү азыктардын жардамы менен кабыл алууга болот.
    Азыктар: апельсин, лимон, кулпунай, малина, киви бизге С витаминин берет. Бирок курамында бул витаминдин көптүгү жагынан ит мурун лидерликти эч кимге бербейт.
    Сулуулук рецепти: Бир кочуш ит мурунду стаканга салып, үстүнө кайнак суу куясыз. 30 мүнөт демдеген соң тундуруп алып суусундук катары колдонсоңуз болот же болбосо таза марляга сиңирип, териңизге компресс кылып 10-15 мүнөттөн койсоңуз болот. Мындан тери жакшы нымдалышат жана пайдалуу заттарды өзүнө сиңирет.


    2-максат: терини нурдантуу
    Терини таза, нурдуу көрсөтүү үчүн антиоксиданттар, анын ичинен Е витамини керек. Ал теринин коргоочу катмарын калыбына келтирет, клеткалардын жаңыланышын жөнгө салат жана беттин түсүн жакшыртат.
    Азыктар: бул витамин баарынан өсүмдүк майында көп, андан тышкары боордо, жумурткада, буурчак өсүмдүктөрүндө, брюссель капустасында, брокколиде, ит мурундун мөмөсүндө, чычырканакта, гиласта бар. Ошондой эле бул витамин менен организмди семичке чагып, жер жаңгак, бадам жеп камсыз кылууга болот.
    Сулуулук рецепти: Чычырканактан маска жасаңыз. 1 орточо көлөмдүү пиаладагы чычырканакты эт майдалагычтан өткөрүп, ага 1 чай кашык йогурт жана ушунча эле көлөмдөгү бал кошосуз. Терини агартуу максатында бир нече тамчы лимон ширесин да кошуп койсоңуз болот. Даяр болгон аралашманы жарым саатка муздаткычка салып коёсуз. Андан кийин алып, бетиңизге жана моюнуңузга сүртөсүз. Бул маска терини сергитет, кан айланууну жакшыртат. Маскадан кийин териңиздин тептегиз болуп, бетиңизге нур жүгүрүп калганын байкайсыз.


    3-максат: Эриндин жарылганынан арылуу
    В2 витамини тери үчүн, тырмак, чачтын өсүшү, кыскасы, жалпы организмдин чың болушу үчүн зарыл. Бул витаминдин жетишсиздигинин алгачкы белгиси - эриндин кесилип кетүүсү.
    Азыктар: боор жана бөйрөк, дрожж, жумуртка, бадам, козу карын, быштак, гречка, сүт, эт, күрүч, макарон азыктары, ак нан жана жашылча-жемиштер. Өзгөчө бул витаиндин негизги булагы болуп сүт жана сүт азыктары эсептелинет.
    Сулуулук рецепти: 2 чоң кашык жаңы быштакка 1 чоң кашык балды тегиз аралаштырып, бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Көзүңүздүн айланасына да коё бериңиз. 20 мүнөттөн кийин салкын сүт менен жууп саласыз. Мындай маска кургак терини азыктандырат, нымдаштырат жана жумшартат.




    4-максат: Беттеги безеткилерден арылуу
    Беттеги безеткилерден жана теринин сезгенүүсүнөн келип чыккан башка ооруларынан арылууга бизге ликопен деген зат жардамга келет.
    Азыктар: безеткинин пайда болушунун бир себеби - картошканы, ак нанды, ак күрүчтү, макаронду жана момпосуйду ашыкча колдонуудан келип чыгышы мүмкүн. Бул азыктарда кандагы инсулиндин деңгээлин көтөрүүчү жөнөкөй углеводдор бар. Ушундан улам бетте безеткилер пайда болот. Ага жол бербөө үчүн кызыл азыктарды - дарбыз, кызыл грейпфрут, помидорду көбүрөөк жеш керек.
    Сулуулук рецепти: 1 помидорду жука-жука кылып тегерекче түрүндө туурайсыз. Аларды бетиңизге коюп, 10-15 мүнөт кармайсыз. Андан соң экинчи помидорду тең ортосунан бөлүп, ички бетин бетиңизге сүрткүлөйсүз. Акырында бетиңизди жылуу суу менен жууп саласыз.


    5-максат: Бырыштардын санын азайтуу
    Буга полифенол жардам берет. Ал карылык процессин жайлатат, терини бузулуудан сактайт. Мындан тышкары, кан айланууну жакшыртып, бактерияларга каршы натыйжа берет.
    Азыктар: күнүнө бир бокал кызыл вино ичүү же кара, кызыл жүзүмдөрдүн данектери биздин организмибизди керектүү өлчөмдөгү полифенол менен камсыз кылат. Мындан тышкары, мейизден көбүрөөк жеңиз.
    Сулуулук рецепти: Жүзүмдөн жашартуучу маска даярдаңыз. Ал үчүн жүзүмдүн ширесин сыгып аласыз. Ушунча эле өлчөмдөгү сүттү ширеге кошуп, аралаштырасыз. Бул аралашманы таза марляга сиңирип алып, бетиңизге 20 мүнөт коёсуз. Мындан соң бетиңизди жылуу суу менен жууп салып, крем коюп аласыз.


    Айназик РАИМКУЛОВА
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #24 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:07

    Таарынганда, кусаланганда, корккондо эмне жеш керек?
    Кээде кимдир бирөөгө таарынсак же ачуулансак, алда неден коркуп, жаман ойлорго берилсек, көпкө чейин кыйналабыз. Алтургай кээде депрессияга да түшүп кетебиз. Бирок мындай абалдардан тезирээк чыгуунун жолдору бар. Алсак, окумуштуулардын айтуусу боюнча, дал ушундай учурларда бизге жардам берүүчү азыктар да бар.


    Таарынып жатканда…
    Сизге керектүү нерсе - таттуу. Эгерде таттуу жеп койсоңуз, ал ашказандын жана ашказан алдындагы бездин иштешин жакшыртат. Анткени, таарыныч биринчи эле дал ушул ашказан менен ашказан безине таасир берет. Таттуу болсо маанайдын оңолушуна, жакшы маанай жаралып, анын көпкө сакталышына, таарынычтын жазылышына жардам берет.


    Ачууланып жатканда…
    Боор менен өт жапа чегет. Кыйкырып, жинденип, жаман сөздөрдү айтып жатканда, кимдир бирөөнү тилдеп, урушканда, сөгүнгөндө боор өтө кыйналат. Ал эми ачуусун тышка чыгарбай тиштенип ичине сактаса, өткө күч келет. Боор менен өттүн иштешин калыбына келтирүүдө, бир максатты көздөп, туруктуу жана эрки күчтүү болууда сизге кычкыл даамы бар азыктар - жардамчы.


    Санаага, кайгыга, кусага батканда…
    Өпкө ооруйт. Мунун алдын-алып, ачуу нерсе жегенди унутпаңыз. Тамакка ачуу кызыл же кара калемпир, лазы салып, коюу тамакка ачуу кетчуп салып жеңиз. Ачуу салат жесеңиз да жакшы. Булар сизге оптимизмди, кайрат-күчтү тартуулашат.


    Коркунуч пайда болгондо…
    Адам депрессияга дуушар болгондо, түнт болуп кеткенде бөйрөктө адреналин аттуу коркууну пайда кылуучу гормон иштелип чыгат. Дал ушундай учурда туздуу азыктарды, мисалы, туздалган бадыраң же помидор жеп коюңуз. Ошондо коркунучуңуз алыстап, тескерисинче, сексуалдуулугуңуз артат.


    Ар кандай жаман ойлордун кучагына түшкөндө…
    Нервиңиз чыңалып, тынч отура албайсыз. Оюңузга ар нерселер келип, тынчсызданасыз. Мындайда баары жайында эмес экендиги жөнүндө жүрөгүңүз алдын-ала сезип, белги берет. Нерв менен жүрөктүн кыйналышын каалабасаңыз, сизге жардам кылуучулар - түрп жана арак.
    Эгерде таарыныч, ачуулануу, кусалануу, коркунуч, жаман ойлор - булардын баары бир келсе…
    Анда бир даана апельсинди кабыгы менен жесеңиз, нервиңиз жайына келип, келечекке оптимисттик көз караш пайда болот.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)


    #25 OFFLINE   Лика

    Лика

      Жаран

    • Форумчулар

    • 202 билдирүү
    • 35 Рахмат
  • Жашы:6
    • Аракети:
    • Шаары -Токтогул.

    Жазылган 24 Август 2014 - 15:09

    Тамак- аштын даамы жана пайдалуулугу анын туура сакталышынан көз каранды.
    Андыктан ар бир кожойке кайсы азык кандай сакталаарын жаңылбай билүүгө тийиш.
    Бүгүнкү күндө ар бир үйдө муздаткыч бар. Биз муздаткычка салган азыктар таза болууга тийиш жана азыктар салынган идиштин үстү сөзсүз түрдө жабык болуш керек.


    Бышкан даяр тамактар чийки тамактардан алысыраак, өзүнчө турууга тийиш. Бул гигиенанын негизги талабы.


    Чийки этти муздаткычтын эң жогорку текчесине же болбосо пакетке салып, тоңдургучка коюу керек. Мүмкүн болсо этти бөлүктөргө бөлүп, ар бир пакетке бир порциядан салыңыз. Анткени эгер бөлбөй эле салып койсоңуз тамак жасаарда баарын эритип, керектүүсүн алган соң калганын кайрадан тоңдургучка саласыз. А эки жолу эритилген азык пайдалуулугун жоготот.


    Сүт азыктарын муздаткычтын тоңдургучуна сактоого болбойт, анткени алар тоңгондо сапаты начарлайт.


    Муздаткычта турган шорпонун 3-4 күнгө чейин сапаты бузулбайт.


    Ачык консерваларды ошол калай идиши менен сактап коюуга болбойт. Аны дароо айнек банкага же эмаль идишке оодарып алыңыз да, үстүн жабыңыз жана 24 сааттан ашык сактабаңыз.


    Сырды, каймак майды, маргаринди муздаткычта бир жума сактоого болот.

    Сметананы - 3 сутка, фаршты - 6 сааттан ашык эмес, кайнатылган этти - 36 саат, балыкты - 24 саат, куурулган балыкты - 48 сааттан ашык эмес, салаттарды - 12 саат, кайнатылган колбасаны - 48 сааттан ашык эмес, а ышталган колбасаны 12 гана саатка чейин сактаса болот.
    Нанды полиэтилен пакетине сактоого болот, бирок, 2 күндөн көп эмес.
    Туз нымдалышып калбаш үчүн туз салынган банкага чүпүрөккө оролгон крахмал салып коюңуз. Крахмал нымды өзүнө сиңирип алат.


    Бадыраң менен редисканын 8-10 күн жаңы боюнча тура берүүсүн кааласаңыз, эмаль идишке муздак суу куюп, ошого салып коюңуз. Суусун 2-3 күндө бир алмаштырыңыз.

    Помидор муздаткычтын төмөнкү чөнтөгүндө 7 күн, бадыраң 4-5 күн сакталат.


    Укроп, петрушка үстү жабык кургак мискейде же банкада сакталса, бир нече күнгө чейин жаңы бойдон тура берет. Ал эми соолуп бараткан көк чөптөрдү уксус кошулган муздак сууга 1-2 саат салып койсоңуз калыбына келет.
    Мен Жолоочу,
    жалгыз жанга шериктеш…

    Just smile! :)





    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2019 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru