Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Китеп


  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 28

#1 OFFLINE   Болот ББ.

Болот ББ.

    Конок

  • Форумчулар

  • 43 билдирүү
  • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 01:41

    Китептер текчеси

    #2 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 01:47

    "Б А К Ы Т даамы"

    Кыштын акыркы айы узап баратканына карабай, таң эрте башталган кар али токтобой жаап жатты. Эмнегедир эс алууну көздөгөн Аида туулуп-өскөн айылына баргысы келди. Көптөн бери жан дүйнөсүн жеңилдетип сырдашаарга жанында курбусу жок экендигине да өкүнүп алды. Бир кезде шагыраган курбулар, биринен бири өткөн келишимдүү жигиттер кумга сиңип жок болгон суудай эле болушту. Бирок, ага деле өкүнгүсү келбеди, бардыгына кол шилтеп, жолго чыгууга камданды. Эшик алдындагы күзгүгө бир каранып алды да, унаасынын ачкычын кармалай эшикке чыкты. Оо, айлана аппак, керемет... Кардан чапан жамынган бак-дарактар дүпүйүп, карагандын көзүн уялтат. Анда-санда тайгаланган унаалар, кайдадыр шашып бара жатышкандар, итин бөтөнчө мээрим менен эркелетип жүргөн орус кемпирлер күндөгү көрүнүш эле. Тез эле унаа токтотуучу жайга келип, кароолчу менен баш ийкешип учурашып, унаасынын үстү- башын тазалады. Көптү билген айдоочудай майын текшерип, от алдырып коюп, айнектерин күзгүдөй жалтырата тазалап чыкты. Терең дем алды дагы, унаасына ойлуу отуруп, музыкасын тандады. Акыры өзүнө жаккан ырга коюп, үнүн бир аз катуулатты да, ордунан жай жылып кетти. Шаардагы тыгындан алыстай өзүнчө план түзө баштады. Дөңгөлөктөрдү текшертем, май куям, анан жолум шыдыр болуп, зуулдаган бойдон жетип барам. Жол чыракта токтоп туруп да ойго батып кетти. Артындагы унаанын чыңылдаганы ойун бузуп жиберди. Тиги жигит акылдуусунуп, анын капталына чыгып, өз мээсин өзү сөөмөйү менен чукуп өтүп кетти.
    - Кечирип койчу, дедим го,- же түшүнүк жокпу, эмнеге күйүп-өчүп жатат, кечирим сурады, - деген ойлор таптакыр ойуңа келге жокпу, айдоочу,- деп өзү менен өзү сүйлөшүп алды. Алдыга шашкан жигитти өткөрүп жиберип, унаанын номерин карап бара берди. Жолдору бир сыяктанып, шаардан толук чыгып кеткиче экөө кээде катар, кээде кубалашкансып баратышты. Жанына токтогондо жигит атайы бурулуп карап, жылмайып койду. Аида ага көңүл да бургусу келбей, музыкасын болушунча коюп, ушундан же ашып кетишим керек же таптакыр артта калышым керек окшойт,- өз ичинде ойлоп алды, азыр ыңгайы келсе ашып кетем же май куючу жайга кирип,өткөрүп жибербесем,-деген ойдо эле.
    Аңгыча эле жол жээгинен дөңгөлөк желин текшерүүгө токтоду. Андагы шуулдаган жигит заматта буралып түрмөктөлгөн жел үйлөткүчү менен унаанын төрт дөңгөлөгүн айланып чыга калып, тийише кетти:
    - Чоң кыз телефонуңуз барбы?
    - Бар.
    - Бербейсизби, анда?
    - Алалбай калдың го, телефонум үйдө, анын да буралган мындайы бар деп,- жигиттин колундагы үйлөткүчтүн түтүкчөсүн көрсөтүп койду. Жигит башын чайкай, таппасаң сыйпалап кал,-дегенсип, дагы келип туруңуз, бат-баттан деген бойдон Аида узап кеткиче карап турду. Жанындагылар кыраан күлкүгө салып, көрүп турбайсыңбы, оңой менен мындай кыздарга жакпайсың дегендей болушту.
    Чындыгында, Аида эң жөнөкөй, боорукер, эч кимге катуу айтпаган, бирок учурунда чукугандай сөз тапкан, бой көтөрүп сулуулугуна чиренбеген, жанында коргоочусу жок назик жан. Ооба, ошол келишкен өң-келбеттин азабын чеккендей эле болду. Ага ашык болуп, гүлдөн гүлдү тандап берген жигиттер, ал тургай достор көп болчу. Анын айынан достугу бузулгандар бар эле. Эки дос бирдей сүйүп, эки ортодо Аида бушайман болуп, акыры экөөнөн бирдей кол үзүп, аларга чыныгы достукту тилеген учуру да бар. Калпыс басып, адашкан жолдорун колунан келсе, башкача басып, башка жолдо болмок. Бирок, тагдырдын жазганынан качылып кутулбасын билет.

    #3 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 02:00

    1. Кар дале токтобой жаап, ээригени ээрип, жол бир топ эле тайгак экен. Сайлык деген жазууну эми окуп өтө бергенде, унаа тайгаланып жолдун четине кетип баратты. Эмнеге алаксыды, унаа ичин бүт ээлеген ыргабы, же ар дайым жанын койбогон бүдөмүк, эртеңи жок туңгуюк ойлоргобу? Белгисиз... Эгер тайгалансаң, бирок тайгаланбай эле койгон жакшы, эч качан тормоз баспа, газдан бутту албай акырындан басып, рулду оңдоп кет,-деген инисинин сөзү эсине түшө калды. Айласыз калгандай болуп, бир заматта эч нерсени серп албай калган жаны, рулду солго бура баштады. Болгон жок, эми солду көздөй алып уруп баратты, каршыда да унаа келе жатат. Эмне кылуу керек? Мен жеңилбешим керек дегендей чымыркана унаасын солго аздан буруп отуруп, каршыдагы унаага аз калганда өз жолуна түшүп, оңолуп кетти. Өх, Кудайым бар экен, аңга түшүп кетсем, же тиги унааны уруп алсам эмне болот эле,-деген Аида Кудайга ыраазы болду. Көрөөр күнүм бар экен да, жол тайгак десе, неге укпадым? Ушул эч кимди укпаган өжөрлүгүм качан калат деги? Өзүн өзү жемелемиш болду. Сайлык... Анын эмнесине оозумду ачып ойлондум, же ушундай болобу? Жүрөгүнүн үшүн алып, бир заматта чымын жанын чыркыраткан окуяга көңүлү жайланбай, үшкүрүндү. Алайып карап өткөн каршыдагы айдоочуну элестетип алды. Ойлонбой айдайынчы деген менен болбой эле үзүл-кесил, эртеңи жок туңгуюк чар-жайыт ойлору менен кардын басаңдап калганын байкады. Бара-бара кардан дайын калбай, ыркыраган шамал менен мурдагыдан ылдамдыгын жогорудата зуулдай берди. МАИнин ала таягын көрө сала ылдамдыкты,

    #4 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 02:09

    2. жайлата, алардын тушунан өз мээсин өзү чукуп өткөн жигиттин унаасына көзү урунуп өттү. Ошентип, жанынан зуу өтүп, ага ылайланган карды чачып кетчү унаалардан да арылды. Маңдайкы айнектен башкасы, шумдук эле болуп калды. Бирок ушундай ботала унаа айдагысы келчү эмес беле. Бир жылмайып алды да шамал менен тең жарыша үйүнө жетти.
    Болуп өткөндөр унут калып, Аида көптөн бери келелек үйүндө өзүн бактылуу сезди. Жол карап тосуп алчулары жок болсо да, жан дүйнөсү жай ала түштү. Капастагыдай жашоо аны бир топ чүнчүтүп салган эле. Ал жашоосун да таштады, бирок андан бери тынч алып, бир жерде туралбай, кайдадыр шаша берчү болуп алган. Барган жерине да көпкө отурбай, ачылып сөз сүйлөбөй, шашыла келип, шашыла кетүү менен жүргөн. Азыр болсо, ээн үйдө жалгыз экенине да кайыл болуп, бир аз тынчтана түштү. Эч кимге чалган да жок, ага да эч ким чалбады. Телефону кире бериштеги текчеде кала берди. Жаңылык айтып берчү, сырын бөлүшөөр эң жакын санаган курбусунан да кол үзүп кете бергенине канчалык ичи ачышса да, көңүлү муздай тоңуп турду. Эстегиси келген жок. Өткөн күндөр, өттү, кетти деген менен эстен кеткис так оңой менен унутула койбосуна көзү жетсе да, өзү моюн сунгусу келбеди. Бактылуулук ар бир жанга берилсе керек, бирок мага эмнегедир аз бердиби, же дагы эле берелекпи, айтор, мелт-калт болгон бакыт чөйчөгү төгүлүп-чачылган, бир заматта бары тетири болуп чыга калбаспы... Балким тагдыр ушундайдыр. Ким билсин... Кечээ эле күлкү, кубаныч койнуна батпай турган жылмаюу жүзүнөн кетпеген керилген ак куу
    бүгүн маанайы суз, мурункудай күлкүдөн баш тарткан, жагымдуу жүзүнө чексиз муңайымдыкты тартып алгандай. Балким, мунун бары убактылуудур. Чайыттай ачылган күн сымал ал да бир күнү кулпуруп чыга келээр, баштагыдай. Убакыт жакшы дары демекчи, убакыттын өтүшү менен азаптуу көргөн түшкө окшогон окуялар чындап унутулаар. Эч нерсени ойлогусу келбей жатып, көшүлүп уйкуга кетти. Бир аз чыйрыгып турган жаны курсагына жылуу чай киргени уйкуга кирди. Кара коюу чачтары жаздыгына жайылып, жүзүндөгү капачылыктарды уйку жеңип турду. Балким алдамчы түшкө багынып жаткандыр, назик жылмайган аппак жүзүнө көргөн жандар суктанаарлык эле. Кѳлдү сагынган Аида күнүгѳ кѳлгѳ келип кетмейди адатка айланткандай. Жалгыз унаа дайыма кѳл жээгинде турат. Кусалыгы жан дүйнѳсүн омкоруп, санааркаган сезимдерин, үшкүрүккѳ толгон кѳѳдѳнүндѳгү толгон-толгон жан адамга айтылбай келген сырларын кѳл толкундарына жашырат. Мелмилдеген кѳлдү кѳпкѳ тиктеп, жан дүйнѳсүн сергитет. Бүгүн да күндѳгүдѳй келип кѳл жээгинде кѳпкѳ жүрдү.
    Кѳл жээгине дагы бир унаа келип токтоду. Айдоочу унаасын бекитип, тиги унааны кызыга карады. Кайдан кѳрдүм эле?-бир саамга ойлоно калды. Жѳн эле тааныш кѳрүндү да, дайым эле жолдо жүрсѳм, баш адаштырат эмеспи азыр унаалар, кѳптүн бири да деди. Айланып карап, ичин шыкаалап карап койду. Эч ким жок, демек ээси кѳл жээкте.

    #5 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 02:11

    3. Жай басып келе берди. Кѳл жээгиндеги жалгыз караан анын кѳңүлүн бурду. Эч нерсе менен иши жоктой бейкапар жүргѳн караан кетүүгѳ белсенгендей. Аз басып, Калыстын жанынан ѳтѳ бергенде, Калыс кѳргѳн кѳзүнѳ ишенбей, жал-жал карады. Аида анын жанынан ойлуу ѳтүп бараткан.
    - Аида.
    Ѳз ысымы аталганга ишене бербей, кылчая карады.
    - Аида... Эми тааныды.
    - Калыс...
    Экѳѳ кучакташа кетти . Жараланган жүрѳк жаратына дабаа издегенсип,эрбейип экѳѳ тең кѳлгѳ жалгыздап келип, кетишет. Бирок, жолдору кайчы эле.
    Калыс, шыңга бойлуу, чап жаак, кырдач мурун, күлмүңдөгөн көздөрү жанган сулуучумак, шайыр жигит. Чогу окуп жүргөндө эле ушундай шуулдак болчу. Ошол кезде Аидага ашык болгон топ жигиттин бири. Башкалар сыяктуу эле ал да Аиданы айланчыктап, оңтойун таап кээде жүзүнөн уурданып сүйүп алчу. Жанындагылар анын бул шамдагайлыгынабы, кылыгынабы, айтор, таңгалышса, кээси ага суктанышчу. Канчалар батынып сөз айталбай жүрүшсө, ал жердешчилигине салып, кээде тамашалашып, кээде жок жерден анын сулуу бетине жылуу эриндерин аяр тийгизип, өзүнө өзү корстон эле. Сабактан кийин жатаканага да чогу келишчү. Коштошоор аяк демиш болуп, дагы өбөт. А бирок, шок жигиттин суроосу түгөнбөй, аз убакыт болсо да, анын жанында болгусу келип, бир нерселерди сурап, алардын бөлмөсүнө көп келчү. Курсагы ачса да, же жок шылтоо менен иши кылып сулуунун көңүлүн өзүнө буруу үчүн эмнени гана кылбады.
    Бирок, Аида анын бул кылыктарынын бирин да этибар албаптыр. Кандай болсо, ошол калыбынан жазбай, анын көп сунушу четке кагылчу. Ал кезде Аиданы жандаган топ ичинен бирөө бөлүнүп чыга келди. Окуусунан кийин иштеген ишмер. Кандай болуп Аида ага жакын болуп кеткенин өзү да сезбей калды. Күндө жолугууга келет, кээде гүл, кээде торт. Кээде киного алып барат. Калысты жердешим дегени гана болбосо, анча жакындыгы жоктой. Аиданы жандаган курсташы Адылга ушундай ачуусу келип, тишин кайрып жүрдү. Ии, ал акчалуу, шаарда үйү, иштеген иши бар да, а менчи, сабак, сабактан кийин кичине акча табыш үчүн ар кайсы жумушта иштеп, жатаканада жашасам, андай кыздар кайдан мени карашсын. Калыс Аиданы эч кимге ыраа көргүсү келбейт. Аны менен, анын жанында өзүн гана элестетчү. Кыйытып айтканы гана болбосо, сүйүүсүн айталбай да кыйналды. Сүйөм десе, жоготуп алчудай сезилет. Азырынча, жөн гана жердешим, карындашым деп көпчүлүктө Аиданын жанында жүрдү. Ошого курсант.
    Аида эки күн катары менен сабакка келген жок. Калыс жатаканага кирип эле, анын бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Чала жабылган эшикти чертелекте ачылып кетти.
    - Кыздар, Аида. Калыс кирип келди. Керебетинде жаткан Аида кыймылдаган да жок. Жанына келип аяр карады.
    - Аида. Оң алаканын анын чекесине коё берип, эти ысып турганын сезди. Анын колдорунун муздагынан Аида араң көзүн ачты.
    - Калыс.
    - Сени жоготуп издеп жүрсө, а сен жатасың уктап, эмне болду сага?
    - Башым катуу ооруп жаткам. Кыздар жок бекен?
    - Эч ким жок. Келсем эшик ачык, а сен ачынып алып уктап атыптырсың. Тамаша.
    - Барчы ары, оорусам жатам да.

    #6 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 02:14

    4. - Ии, ооруп калган тура. Кана ишмер жигитиң? Билеби? Калыс ачуусун ичине каталбай турду.
    - Ким? Адылбы?
    - Мадыл, ошонун эмнеси жакты? Ээ, кел тур, жаным, мен сага ысык чай берем, анан дары апкелем. Калыс чай коюп келди да, Аиданын жанына отурду. Аны аяп кучактады. Адыл, Мадылыңды элеби, кечинде кармабасам. Келгис кылайын. Карап тур,-өзүмчүл сезими менен алпурушуп жатты.
    -Тур эми эркелебей, жатсаң жата бересиң, азыр турбасаң, жаныңа жатып алам, сен мени билесиң, турасыңбы эми.
    - Турам, турам жинди болбочу.
    - Жаныңа жатып алам десем, жаман чочудуң го, жанале ушинтпей, атып турмак экенсиң. Калыс жымыңдай Аиданы отургучка отургузду да, ары-бери анын керебетин түздөй салды. Жаратылышынан ушундай жароокер болгону менен Аиданын жанына келгенде эле, сүйүүсүн билгизе албай чоркок болуп калар. Болбосо, сөз деген түгөнбөйт мында.
    - Кел эми чайыңды ич. Жүрү анан таза аба жут кичине, экөөбүз дарыканага барып келебиз.
    - Ий, койчу, анан алдырып алам.
    - Ананды кой, алдырчуң келеби, келбейби, алдырасыңбы, алдырбайсыңбы, мага айтпа. Барабыз дедим барабыз.
    - Барбайм, жата берейинчи мен.
    - Жатсаң, азыр мен да жатам, айткан жок дебе.
    - Жанымды койчу деги.
    - Айыкканча койбойм, жүрү, жүрү. Аиданын чапанын кийгизип, жетелеп жөнөдү.
    - Минтип колтуктап алсаң, мен тиштебейм деле,-деген Калыс Аиданы колтуктатып алып, өзүнчө бактылуу. Жан дүйнөсү алып-учуп, шайдоот баратты. Алдынан чыккан тааныш-билиштерине да эрдемсине салам берип, жылмайган калыбынан жазбады.
    - Аида, уксаң, билесиңби? Сенден бир нерсе сурайымбы?
    Сөзүнүн баш-аягын таппай, эмнеден баштап, жүрөгүн алоолонтуп, күйүп жүргөн сүйүүнү айталбай кысталды.
    - Акырын басчы, иий, башым.
    - Кечирип койчу, ооруп турганыңды унутуп калган турбайымбы. Калыс кадамын жайлатты.
    - Эмнени сурайын дедиң эле?
    - Сен айылда эле өстүң беле?
    - Эмне болду? Окшошпой турамбы?
    - Билбейм, негизи минтип сурайын деген эмесмин.
    - Анан...
    - Адыл нарындык экенин билесиң да, Нарында сага эмне бар? Билесиңби, айылы алыс, Нарындын өзү эмес деп уккам.
    - Анан эмне болду?
    - Чынын айтсам, Адылың мага жакпайт. Барбай эле койчу?
    - Каякка барбайын? Кызыксың го...
    - Нарынга... Адылга... Калыс ойундагысынын четин чубап алганына өзү бушайман.
    - Эмне дегиң келди?
    - Аида, сени... ага... мен... Калыс токтой калды да, Аиданы өзүнө каратты. Азыр барын айтам, азыр айтпасам өзүмдү кечирбейм. Аиданын көздөрүнөн көзүн албай, көптөн берки даярдап жүргөн сезим докладын шатырата төгө баштады.
    - Аида, билбейм, сен күтпөсөң керек менден мындай сөздү, бирок айтышым керек. Сен да билишиң керек, мен сени биринчи курстан бери жактырам. Байкабайсың, балким байкагың келбейт, сага болгон мамилемден деле билсең болмок. Мен сени чексиз сүйүп келем. А сен мени жердеш дейсиң. Көңүл да бөлбөйсүң. Сага айткандан, ашыкча сүйлөгөндөн корком. Себеби, сен мага өзгөчө кымбатсың. Мен эч качан мындай сезимге туш болом деп ойлогон эмесмин. Канча жолу айтайын деп камданып келдим, а сага бары тамашадай туюлчу, мени укпай эле

    #7 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 02:20

    5. кагып койчусуң. Мен дайыма жаныңдамын, бирок сен сезген жоксуң. Эмнеге?
    Билем, аның үй-бүлөөсү менен да тааныштырды. Албетте, жактың, бирок, ал сага ылайыктуу эмес.
    - Аны кайдан билесиң?
    - Билем, сага байланышкан нерсенин барын билем. Сени, сенин апаңды да тааныйм. Сен апаңа окшошуп, сулуусуң. Апаң келген сайын сени мага беришин өтүнгүм келет, бирок, учурашкандан башка сөз айталбай койгом. Суранам, чечимиңден кайт, кетпе алыс. Кантип айтаарымды билбей башым катып жүрчү эле, ырас ооруп калыптырсың, болбосо, дагы качан айтат элем. Мына эми мен байкуштун абалы жөнүндө билесиң. Ооба, менде аныкындай үй, чөнтөк толо акча жок, бирок түгөнбөс таттуу сүйүүм бар. Ал өчпөйт, бул жеримде мен жок болгуча жашай берет,-деп жүрөк тушун көзөп койду. Аида мындайды күтпөгөн жаны айтаарга сөз таппай калды. Муңайым көздөрүн андан албай ийилген кирпиктерин ирмеп-ирмеп алды.
    - Унчукпа, азыр билем эмне дээриңди. Мен сенин жообуңду күтөм, мен ишенем. Жүрү эми. Аида унчукпай анын жетегинде дарыканага барып келди. Калыс да өз билген дарысын алды да, Аиданы колунан чыгарбай келип, бөлмөсүнө жеткирди.
    - Эртең менен келем сабакка барабыз, мен да башыңды ооруттумбу? Кечир, дарыңды ичип жылуу жат,-деди да шарт бурулуп чыгып кетти. Өзүнө өзү батпай, туура кылганын же туура эмесин билбей, бөлмөсүнө кирип эле өз керебетине ойлуу жатып калды.
    - Сага эмне болду, Калыс? Тиги сулуу катуу айттыбы? Колтукташып бир жакка кетишти деп көргөндөр айтты. Чогуу жашаган Бакыт анын көңүлсүз келгенин көрүп таңгалды.
    - Э ошо сенин
    көргөндөрүңдү, эптеп эле сөз болсо болду.
    - Анан эмне болду мындай эмес элең го.
    - Бакыт, мен ага барын айтып салдым.
    - Эмнени айттың, экөөлөп Мадылдын айласын кетирип жүргөнүбүздүбү? Адылбы, Мадылбы? Сен Мадыл десең, мен деле Мадыл кылып алгам аны. Ии, анан, анан тигиң чалкасынан кетти?
    - Жок эй, аны эмес. Сүйөөрүмдү айттым.
    - Кантип?
    - Мына моминтип. Калыс ордунан туруп, Бакытка жакындады.
    Колун сунган Калысты ары түртүп койду Бакыт.
    - Барчы энең... жөн койсо образга кирип аласың. Укмуш келдиң го жаай албай аткан асмандай кабак-кашың тизеңден аша салаңдап. Ии, анан тиги сулууң дагы кагып койду. Ошого ачууңду эки бетиңе илип жетип келдиң.
    - Жок каккан да жок. Ооруп калыптыр, а бирок айтчуумду айттым.
    -Ушу сен тынч жүрө албайт окшойсуң. Сүйбөй эле койчу, башка кыз жок калгансып, барың эле сүйө бересиңерби? Төрт жылдан бери сүйөсүң, саргарыып айталбай жүрүп, эптеп айттың. Сен жинди болбосоң, жакын эле жашайсыңар го буга чейин эле ала качып албайт белең.
    - Ээ, Баха, туура айтасың, кел ала качабыз.
    - Тапкан экенсиң, аныңа кошулбайм. Каникулда эле ала кач, ошончолук эле чыдамың түгөнүп баратса.
    - Чыдамды айтасың да, азыр деле алгым келип турат. Эмне кылып жиберсем экен?
    Калыс ойлордун тереңине чөгүп, бир далайга улам бир капталына оодарылып, керебетин кыйчылдаганынан Бакытка уйку бербеди.
    - Калыс, укта эми, кызык жансың, билем ойлоруңду, дагы бирдемени ойлоп, анан минтсем, анан тигинтсем, деги койчу сенин сыйкырларың көп эмеспи. Жат, эртең ойлон. Анан үйлөн, иши кылса, азыр уктачы.

    #8 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 02:31

    Туура жерге эле тууралап жазып кыйратып атамбы.? Админ мени көзөмөлдөп карап койуңуз.?

    #9 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 18:41

    6. Калыс унчукпады. Чындап эле ойлонгонду жакшы көргөн жаны иий, бир далайга барып келген эле ойлору менен.Аиданы сүйөөрүн кантип ачыкка чыгаралбай бир топ түйшүккө түшчү. Мына эми, "чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" болду. Бир чети жакшы болду. Эми ал да билет мендеги жалынды. Ойлорго жетеленип жатып, көздөрүн уйку жетелеп кеткенин сезбеди.
    Мезгил өтүп, анын сезими алоолонуп жатты. Аида баягы калыбынан жазбайт, бирок бир аз өзүн оолактатып жүрдү. Бир күнү Калыс атайылап дагы келди.
    - Аида сага бир сыр айтайынбы?
    - Дагы эмненин башын кылтыйткан турасың? Айт эми.
    - Мен ушу жакта бир жигиттин сүйлөшкөн кызын ала качып кетейин деп жатам.
    - Мм. Ала качсаң, ала кача бер. Мага айтпай ала качсаң, отурбай коймок беле?
    - Отурат деп ойлойсуңбу, сен?
    - Менин оюмдун канчалык деңгээлде мааниси бар? Өзүң чечесиң да.
    Аида эч нерсени ойлобой эле жооп берди, ким жөнүндө сөз козгогонун деле билген жок. Сабак окуп отурган Аиданы маңдайында тиктеп отура берди.
    - Кылаар ишиң жок беле, Калыс?
    - Эмне бирдеме кылып берейинби? Азыркы ишим сага суктанып кароо, болду ошол эле. Же күйөө бала келеби? Канча айттым, түшүнбөдү, эми өзүнөн көрсүн да. Калыс Аидага көзүн кысып койду.
    - Эмне деп эле башты оорутуп атасың, түшүнсөм өлөйүн. Аида ага суроолуу тигилди.
    - Кой өлбөй эле кой, жөн эле ар кандай ойлор да. Мен барайын, чай да берип койгонго жарабайсың?
    - Таптакыр чай ичелексиң да э?
    - Тамаша. Калыс аны мурдунан чымчый чыгып кетти, кеткиси келбесе да, тажата бербейин, барыбир мендиксиң дей өзүнө энчилеп алды.

    #10 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 18:44

    7. Ушундан көп өтпөй эле Аиданы Адыл колдон алды салты менен алып кетти. Калыс жанын коёрго жер таппай жүрдү. Колундагы бактысын тарттырып жибергендей болду. Бакыттын кой дегенине болбой, ичип жүрдү. Качан гана Аида сабакка келе баштаганын укканда, өзүнө келе түштү. Жуунуп, таранса да, көзүндөгү бир кайгы кетпей туруп алды.
    Сүйүүнү сөз кылуу оңой болгону менен сүйүү дартына чалдыгуу өтө оор тура. Жүрөгү сыздап, каңырыгы түтөдү. Эми анын сүйгөнү келин болду. Кантип? Кантип алыс кетип калды? Менчи? Мен Адылдай боло албай койдумбу? Эми эмне болот? Канча ойлосо да Аиданы Адылга дале болсо ыраа көрбөй турду. Бирок, Аиданы канчалык көргүсү келсе да болбой, сабакка барбай иштеп жүрдү. Кыздарды миң сүйсөң да акчалууну тандайт тура. Эми иштейм, мен да сессияны ага окшоп акча менен бүтүрөм. Бирок, Аиданы кайрып алалбайм. Өкүнүчтүү. Кийин Калыс Аиданы күтүп, алыстан көрүп жүрдү. Жанына жакындап барган жок. Аны көргөн сайын жүрөгү канап, бырчаланып жатты. Качан гана Адыл менен ээрчишип кеткенин көргөндө үйүнө кайтчу. Сүйүү аны бир топ кыйнады. Ошентип, окууларын бүтүп кетишти. Аидадан ошол бойдон кабар болгон жок. Калыстын жүрөгүндө жашап кала берди, бирок Аида бул жөнүндө кабарсыз эле. Турмуш уланып, жылдар суудай агып өтө берди.
    Адылдын айылы чындап эле алыс экен. Аты эле Нарын болбосо, жердин түбү. Биринчи барганда Аидага анча билинген эмес, шан-шөкөөт, улам токтомой менен билинбептир. Мына эми окууларын бүтөөрү менен жети кайнежеси жети жагынан чыгып, Адыл экөөнү айылга жөнөтүштү.
    - Айылга көнсүн, уй саап, суу ташып, таянемди баксын, иштегенге жетишесиңер,-деп жолго салышты. Башында үзүлүп түшүп жаткан Адылдын туугандарынын чыныгы жүзү таптакыр башка болуп чыкты. Эже-жезделери биринен өтүп бири акча-акча дегендерден экен. Кайнене калп эле айланып согулуп кетиптир эл көзүнчө. Мунун бары айылда жашап калганда алаканга салгандай болду. Адыл да өзгөрдү. Баягы сүйүүсүнөн калбай бара жаткан сыяктуу. Аида келин болгон ушундай экен деген ойдо таңдан кечке иш кылмай. Бирин бүтсө, бирин даярдап турушат. Бир гана кайниси ага боор ооруп, кээде эртең менен уйду саап туруп анан акырын Адылдардын бөлмөсүнүн эшигин чертип коёт. Бул, жеңе тур, деген белгиси.
    Кыйналса да унчукпаган жеңесин аяды көрүнөт, бир күнү:
    - Жеңе, эртең менен уйду мен саап, коё бергенден кийин сизди ойготуп турам, мен эшикти акырын черткенде, тура бериңиз э,-деген кайнисине ичинен ыраазы боло башын ийкеп макулдугун берген. Ошо күндөн баштап, уйду кечкисин эле саайт, бирок жумуш бүтпөйт.
    Бир күнү Адылдын досу аларды үйүнө чакырып кетти. Күүгүм талаш классташ балдар чогулушту. Дасторкон жайылып, бары бапырап отурушту.
    - Кел, аяш, муну же, мындан ич,-деген Адылдын достору Аидадан көз албай, аяштары улам көз кыйытып карап жатышты. Аида алар менен бат эле тил табышып, жакындап алды. Эт желип, арак ичилип, бары кызуу. Аида мындайды көрбөптүр, ичкен да жок. Улам бири арак сунуп кыйнаганы менен майнап чыкпады. Аяштары бирден алып жиберип уялып калышкандай, андан кийин алар да колдоруна кармашкан жок.

    #11 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 18:54

    8. Теңтуштар түн бир оокум болсо да тарачудай эмес.
    Аида Адылдын үй-бүлөөсү тууралуу далай кабарларды укту. Жакын досунун аялы төкпөй чачпай, ачылбай келген сыр сандыктын оозун ачып салды.
    - Кайненең үйдөн чыкпай калмай адаты бар бекен?
    -Өткөндө бир жумадай ооруп жатам деп бөлмөсүнөн чыккан жок. Тамак-ашты кайним өзү берип жүрдү, билбейм...
    - Ал анда ооруган жок, ошентип ичип алып жата берет жумалап, дагы кайниң кыйын экен сага көрсөтпөптүр да. Алдап да коёт, ии, баса, өткөндө районго барып келдиңерби?
    - Жок, эч жакка баралекпиз.
    - Ии, анда да чогулганбыз да, силерге барсак кайненең силерди районго кетишти деген. Көрдүңбү, кандай?
    - Билбейм анысын, балким Адылга айткандыр, мага айткан эмес. Аида эмне дешти билбей, чындыкты айтып алды.
    - Ой, Адыл араң эле турат, мындайдан калбайт. Мурунку аялын да энеси кетирип жиберген. Айтаарын айтып алып эми Адылды бир карап алды. Аиданын көздөрү топтоголок боло түштү.
    - Мурдагы аялы?
    - Сага айткан жок беле Адыл, ой, акмак. Айтам да, ушунча сулуу туруп, акылы жок экен экинчи аял болуп тийип деп коём сени, көрсө билген эмес турбайсыңбы? Бул сөз Аидага катуу тийди. Дагы божураган аяшынын андан аркы сөзү угулган жок. Мына кайненеси эмнеге эле аяштарына кошпойт десе. Эмне бар, алар айылдыктар кошулбай эле кой, баланчанын келини деп сөз кылышат, көчөдө эле жүрүшөт алар,-деген кайненин сөзүнө муюп алган. Чындык көрсө башкада экенин Аида бүгүн билди.
    - Биз кете береличи, үйдө кары киши бар эмеспи,- деген Аида Адылга жакын барды. Алар карта ойноп отурушкан.
    - Адыл үйгө кетели,-деп ийинден тарткан Аиданын колун силкип салды. Кайра кайталады эле.
    - Бара бер, энең... Адылдын Аидага жообу ушул болду. Мостойуп туруп калган Аида акырын бурула берди.
    - Ооба, аяш сенин кеткениң муну кызыктырбайт, эже-жезделери бай да, сулуу кызды бат эле таап, алып беришет,-деди дагы бир досу. Арактын күчү анык чындыкты айттырды.
    Аяштары менен көңүлсүз коштошкон Аида алардын токтотконуна карабай кетүүгө бел байлады. Анда-санда ачуудан ооз тийимиш болуп отурган үй ээси аны узатып чыкты.
    - Аяш, таарынба, балдар кичине кызуу болуп калышты, көбүрөөк ичип коюшту окшойт, болбосо жакшы эле балдар. Адылдын сөзүнө көңүл бурба, тигиге деле. Досторуна ичинен жини кайнап турганын билгизбестен Адылдын досу дагы эмне айтып, аяшын жооткоторун билбеди.
    - Корпойсуңбу, бизде ушундай. Чоң жолго чейин узатайын, бирок айылдын тиги башына барасың да. Жеткирейин дейм, бирок...
    - Жок рахмат, өзүм эле. Аида ызалуу.
    - Мына жолго да жеттик, эми караңгыда... жалгыз...
    - Эч нерсе эмес, жетем да. Жакшы тургула.
    - Мейли анда, таарынба э, жакшы бар. Аиданын колун кыса кармай, жүзүнөн өөп узатты. Ах, кандай керемет жыт. Тим эле бүт денеңди дүркүрөткөн кандай ажайып жыпар жыттуу себинген атыры. Адылдын досунун Аидага сугу артып турду, бирок, анда жаман ой жок. Болгону жакшы көрүү, сулууга суктануу сезими эле. Эрбеңдеп жалгыз кетип бараткан караанга бир чети боору ооруса, бир чети өзүнүн ордунда катыгансып туруп калганына жиндене чоң жолго чыкты. Адылдын кылыгына өкүндү. Бул сулуунун убалына калбасаң болду, досум.

    #12 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 18:56

    9. Шаша басып, Аидага жете келди. Коркконунан эки жагын элеңдей каранып, дабыш чыкса андан бетер жүрөгү түштү.
    - Аяш, токто, бул мен. Үйгө жеткирип коёюн, жалгыз коё бергеним болбос. Адыл менин эң жакын досум.
    Аида унчуккан жок.
    - Сен аяшыңдын айткандарын көңүлүңө алба, мен деле ойлогом сени билет деп, көрсө билген эмес экенсиң. Эми ким адашпайт, мен деле эрте үйлөнгөм, аяшыңды мектепти бүтүрбөй алууга туура келген. Ошондой болуп калган. Эчтеке эмес бары унутулат эмеспи. - Ооба, унутулат,-дегенАида ичинен бул жаңылыкты кантип унутам, качан унутулат деди. Барынан Адылдын алдамчылыгына өзөгү өрттөндү.
    Адылдын досу Аиданын сүйлөбөй келатканынан улам анын абалын түшүнүп турду. Бүгүнкү уккандары жетиштүү болгонун сезди. Ал да унчукпай үйгө чейин келди. Мурдунан кетпей туруп алган жыпар жытты издегендей. Дагы бир искегиси келди, бирок ал жыпардын ээсине жакындай албады.
    - Жеткирип койгонуңа рахмат. Жакшы бар.
    - Жакшы укта. Башка сөз айталбады. Адыл жөнүндө бир ооз ачпаган аяшын аяды, бирок эмне кыла алат эле? Аида кирип кеткиче карап туруп, ойлуу үйүнө кетти.
    - Жеңе, Адыл кана? Үйгө жалгыз кирген жеңесине кайниси суроо узатты.
    - Калды. Анын көздөрүнө жаш тегеренип кетти, ызасы күч эле.
    - Ичти да э, келиңиз чай ичебиз.
    - Ичтим мен, рахмат.
    - Апей, атайы күтүп атса, бир чыны элле. Азыр өзүм куюп берем. Аидага чай сунду.
    - Эмне болду, жеңе? Айтыңызчы, дагы эмнени бүлдүрдү?
    - Эч нерсе деле.
    Ал... мурда үйлөнгөн турбайбы? Аида көзүнүн жашын аарчыды.
    - Жеңе ыйлабаңызчы, айткам барына, айтсын дегем, ушинтип башка бирөөдөн угат дегем... Кайниси ордунан туруп, терезедеги караңгылыкты тиктеди. Аиданын жаштары бет ылдый агып жатты. Чыныдагы чайды жаш аралаш караган бойдон отурат.
    - Адыл өзү эмнеге калып калды дейм да... Адылды көзүнчө байке дегени болбосо, өзү жокто Адыл эле дейт. Кээде Адылды ордуна да коюп коёт.
    - Жеңе болду эми ыйлабаңызчы. Алар аз эле жашады. Ал сиздей эмес болчу, Адыл менен тең жарышып иччү, жаш болсо да, сиздей оокат кылганын көргөн эмесмин. Таянем ачка деле калчу ал барда. Ошого да ыйлайсызбы?
    - Ал мени ошончо элдин көзүнчө сөктү. Аяштары андай сөгүнүүгө көнүп калганбыз дейт. Ал сөз аларга көнүмүш экен. Аида ый аралаш ызасын бөлүштү.
    - Сөктү, айбан го. Эмнеге? Акмак десе, келсин үйгө, сөккөндү көрсөтөм.
    Аида унчукпай өз бөлмөсүнө кирип кетти. Түн бир оокумда тамталаңдай Адыл келди. Эшикти кенен ачып иниси тосуп алды. Кебетесинен эле Адылга сүйлөгөндөн пайда жогун билди.
    - Ушунча да ичет бекен, анан да үйлөнүп коёт. Иниси кемпирдей сүйлөнө аны жөлөп-таяп бөлмөсүнө киргизип койду. Аида уктай албай жаткан. Темтеңдеген Адылдын кийимин чечүүгө жардамдашып койду. Буруксуган арактын жыты жүрөгүн айлантты. Тетири карап жатып алды. Ар кайсыны сүйлөнүп, сөгүнүп, Аиданын аны таштап кетип калганын бир айтып бир койбоду. Бир аз тынчтанып жатып калды да, муздак колдору менен аялынын белинен өзүнө имере тартты. Ансайын андан качкан аялына ачуусу келип, күч менен аны өзүнө карата тартты. Аида үнсүз ыйлап жаткан. Анын тетири бурула

    #13 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 18:57

    10. бергенин жактырбаган Адыл ого бетер уйгактай жармашты. Алдына басып алып, өз билгендей уйпалаганга өттү. Аида ага каршылык көрсөтүп, бирок алы жетпеди. Жүзүнө дем алган сайын Адылдан жийиркенет. Иттик кумарга алдырган Адыл аёону билбей туш келди өпкүлөп жүдөтүп жиберди. Аида болгон күчүн топтоп түртүп жиберди эле. Адылдын ачуусу атырылып, анын кийип жаткан кийимин айрып салды. Аны менен эле болуп калбай бошонууга аракет кылган Аиданы бет талаштыра уруп жиберди. Көзүнүн ооруганына чыдабай кыйкырды.
    - Жоголчу ары.
    Эмнегедир уйкусу качып ойлуу жаткан кайниси эшик чертпей кирип келди. Адыл дале Аиданы ой-бойуна койбой жулмалап жаткан. Иниси кирип келгенин да сезбеди.
    - Эмне болуп атасыз,- үнүн өктөм чыгарып, таңдана караган Адылды жулкуп тургузду.
    - Эмне? Адыл тыйталаңдай Аидага жулунду. Бир капталы жулунган кийимин кармалап денесин каткан Аида бир колу менен халатын кие баштады. Адылдын жолун торой жеңесин тосуп турган иниси жеңесинин калкалады.
    - Барыңыз, таянемдин жанына жатыңыз.
    - Жатпайт таянеңдин жанына, таянең алды беле? Адыл инисине тап берди.
    - Кой дегенде коюп калбайсызбы? Жеңемдин күнөөсү эмне? Басып алып аракты оозуңа жеңем куйдубу? Акмак экенсиң. Адылдын колун кайрый төшөгүнө басып койду.
    - Жат дегенде жатып кал. Болбосо...
    - Болбосо эмне кыласың? Адыл булдуруктайт.
    - Жинге тийбеңизчи, эртең сүйлөшөбүз.
    - Мен азыр эле сүйлөшөм, бас бери Аида. Адылдын чакырыгын уккан Аида келбей коё албады. Босогодо туруп калган жеңесин утурлай колдон алды. - Эй, бала сен алдың беле? Жөн кой дейм.
    - Сен алып жыргатып атасың, жат дейм ордуңа. Аиданы жетелей чыгып кетти.
    - Таң атсын. Сиз жатыңыз, мен аны сизге жолотпойм. Иий, көзгө урдубу, акмак экен го. Азыр. Жеңесинин көгөргөн жерине тоңгон эттен жука кесип, жылтырак баштыкка салып басып турду. Аида анын колун алып өзү басты. Жоолугу жок, чачтары жайылган, ыйласа да келбетинен жазбаган жеңесин карап тиштенди.
    "Түшүнбөйм, жеңе, сизге, жок, Аида, сага түшүнбөйм Адылдан башка жигит жок беле сага? Эмнеге сиз? Мурункусу өзүнө ылайык болчу экен. Урушуп-талашып,сабашып жашай беришмек. А сизчи, жеңе эмнеге айылга келин болосуң? Артыңдан далайды чуркатсаң керек, ошолордун бирине эле тийбейт белең. Өзүңдү кор кыласың. Мен сизди качанга чейин коргой алам, ошого чыдамым жетеби? Бир азаптуу экенсиз. Мага эмне жолуккан жоксуз. Мен сизге кол көтөрмөк тургай, жаныңыздан чыкпай жашамакмын. Сиз сүйүү үчүн гана жаралгансыз. Сиз келгенде кубанганымчы. Караган сайын карыгым келчү, сүйлөсөңүз жаныңыздан жылгым келчү эмес. Сиз... Сен...".
    Мындай күндөр кайталанып жаткандай. Адыл иштейм деген шылтоо менен шаарга аттанды. Бир аздан кийин алып кетмей болду Аиданы. Акыркы окуядан кийин кечирим да сураган жок. Аиданын көңүлү калды. Бир туугандарына, апасына турмушу жөнүндө айткысы келбеди, чыдап жашай берем дегендей. Бирок, таптакыр мурункудай боло албады.
    . Кабагы ачылбай, көп сүйлөбөй, бөлмөсүнөн көп чыкпай жүрдү.
    Короодо кир жайып жүргөнүн көргөн кошуна тууганынын бой жеткен жалгыз баласы келди.

    #14 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 18:59

    11. - Кандайсыз, жеңе?
    - Жакшы, кел, үйдөгүлөр кандай?
    - Апам азыр келет болуш керек. Күнүгө кир жуугандан тажабайсызбы? Күндө көрөм.
    - Жеңем кирди чогултуп жуубайт экен, бат-бат эле жууй берет, айтсам болбойт,- арыдан байкеси басып келип, экөө сүйлөшө кетти.
    - Жеңемдин айна-самынын катып коюш керек, ошондо жуубай калаар.
    - Анда деле болбой сатып келип жууса керек да. Эки кайни биригип жеңесин тамашалашты.
    - Жеңем эмне сүйлөбөй калган, күлбөй да калыптыр. Кошуна тууган байкесинен сурады.
    - Акыркы концерттен кийин ушинтип жүрөт, билбейм эмне кылышты. Адыл да кеткен апасынын жанына.
    - Ичкени кармадыбы? Жаман ичип коёт ээ.
    - Акырын жеңем укса таарынбасын, ансыз деле жетиштүү болуп турат.
    - Башкача ээ, башкаларга окшобойт. Мен да ушундай кыз таппасам.
    - Болду эми, таянемден ашып сүйлөнөт экенсиң, же туугандарымдын бары көп сүйлөөксүңөрбү?
    Айыл-ападагылар, кирип-чыккандарАиданын ийкемдүүлүгүн, сылык, тыкандыгын сөз кылышат. Бирок, деген сөз кошулуп калганы болбосо эле бары жайында. Бироктун ичинде толо эле Адыл бүтпөгөн сөздөй. Жашоо улана берет эмеспи. Жакшы жашоо үчүн сүйүү аздык кылат көрүнөт. Күндүзү сүйүп, кечинде көгөртө уруп, түнү бир жаздыкка баш коюу өтө оор экенин башынан өткөн гана билбесе. Турмуштун оош-кыйышы көп, чыдаган,чыдабаган бар эмеспи.
    Бирде бүркөө, бирде шамал, жаан-чачын, куюн, деги койчу ар кыл күндөр өттү. Иштемиш болуп келген Адыл Аиданы алып кайра эле кетмек болду. Аиданын жүзүнөн кетем деген кубаныч да көрүнбөдү. Көр тиричилик менен жүрдү, Адыл достору менен.
    Кечке маал короодо жалгыз отурган Аидага кайниси көңүлсүз келип, жанына отурду. Көпкө унчукпады.
    - Жеңе, эртең кетесиңер да. Билем, сиз эми келбейсиз, келбей коёсуз. Кетип да калышыңыз мүмкүн, ушу сиз таптакыр кетип калган атат окшойсуз. Же мен туура эмес айтып жатамбы? Аиданын оюндагысын көрүп тургандай айтып жатты.
    - Көзүң ачыла баштаганбы? Мени кетсе экен дегенде Адыл экөөңдүн көзүңөр төрт болуп атабы? Аида жөндөн жөн эле ачууланды.
    - Жок, анткен жокмун. Тескерисинче, кетиргим келген жок, бирок сиз кетип кала тургандай сезилип атат.
    - Анда сезимиң туура айтып жатат, ишенишиң керек ага.
    - Чын элеби? Жашай бербейсизби? Бир аздан кийин өзүнчө бөлүнүп жашайт элеңер да.
    - Тамашалайм, мен кантип айтам апама, сүйүп тийгени ушундай экен дешпейби? Эмне кылаарды билбей калдым. Жашоо өзү көрсөтөт да.
    Аида ордунан туруп кетти. Ойлору чачырап эле жатып калды. Пайда болгон суроолордун барына жооп табуу кыйын эле. Жашайын десе, өзү кыйналып кетти, жазабай коёюн десе, жашоосу өзү ойлогондой жакшы болбой жатты. Ойлордун көптүгүнөн баш ооруйт. Бир ойдун эле толтура божомолдору бар экен. Анын барын ойлонуу өмүр жетпей калат өңдөнөт. Мезгил көрсөтөт деген менен, ал мезгилдин кучагында бүтүндөй бир жашоо, кайра берилгис өмүр. Өкүнүчтүүсү, ошо өтүп жаткан маани-маңызы жок күндөр. Ошол күндөр өмүрдүн ичинде да. Анан кантип өкүнбөйсүң???
    Калыстын кубанычына чек жок эле. Аиданы көрбөгөнүнө канча болду. Аида өзгөрбөй сулуу бойдон калыптыр,

    #15 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:01

    12.бирок караганды өрттөп жиберчү көздөрүндөгү жалын жашынып калгандай.
    - Кандайсың анан, кайдасың? Калыстын баягыдай эле сөзү түгөнбөйт.
    - Мен жакшымын... Өзүңчү Калыс?
    - Көрүп турганыңдай аман-эсенмин, жүрөм, иштеп дегендей.
    - Сени кайсы шамал айдап келди? Же сен да биротоло келип алдың беле?
    - Жумуштар менен эле. Мен кетип жаттым эле үйгө.
    - Мен сенин көл жээгине мага окшоп жалгызсырап келеериңди билген эмесмин.
    - Сага окшоппу? Балким сен мага окшошуп келип жүрбө? Мен мында күндө келем, сени көрөлекмин го.
    - Мен деле. Бирдеме жоготконсуп эле ушул жээкте жүрөм. Демек, буга чейин жолубуз кайчы болуптур да. Кеткен аттың беле? Балким дагы жүрө тураарбыз?
    - Барышым керек, кеч болуп кетти.
    - Мейли, мен да кетет окшойм. Экөө жээктен жай узашты.
    Карасаң тагдырымды, жолукчу адамга жолуктурбай убагында, эми минтип таш талканы чыккан кемедей болуп турганда жолукканымды. Балким, Калыс бактылуу. Көрүнүп турбайбы, баягы эле боюнча, бир аз гана арыктай түшүптүр. Аиданын чабыттаган ойлору тынч эмес. Жалгыз аяк жолдо Аиданын артынан баскан Калыстын да ойу бир жерде эмес. Демек, бактылуу, өң-келбет ошол бойдон, бирок көздөрүндөгү мени арбаган нур кайда кеткен. Эмнеге муңайым жылмаят? Жакынын жоготконбу? Күндө көл жээкке келем деди, эмнеге келет? Жалгыз. Эмнеге жалгыз? Балким, бир нерседен чарчагандыр, эс алып келди. Же эбак эле келген, мен билбей жүрдүм.
    Ортодогу тынчтыкты Калыс бузуп жиберди.
    - Аида анан качан кетесиң?
    - Каяка? Бул менин да шаарым го, унутуп калдыңбы?
    - Сурадым да.

    #16 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:03

    13. Ошентип, ээрчише баскан эски тааныштар унааларына келишти. Аида Калысты бир карап, өзүнүкүнө жанаша турган анын унаасын көрүп күлүп жиберди.
    - Эмне болду? Ушундай меники эски.
    - Жок мен эски деген жокмун. Эстечи...
    - Эмнени? Мен сени унуткан эмесмин. Унутуу оюмда да болгон эмес.
    - Эсте, эстесең, жакында эле бул унааны көрдүң беле?
    - Качан? Ооба, жана келип токтогондо көргөм, ал эмес кызыгып шыкаалап да жибергем.
    - Жок бүгүн эмес.
    - Айтчы эми, билесиң мен чыдабай кетмейим бар.
    - Сен, унаа тыгында, өз мээңди өзүң чукубадың беле, эми эстедиңби? Андан жол чыракта көзүңдү кысып...
    - Ит болгон турбайымбы?
    - Көрсө, ошентип эле кыз-келинге тийишип жүрөт экенсиң да.
    - Айтам да кайдан көрдүм эле деп. Анда жүргүнчүлөрүм бар болчу. Мен кээде мээ сергитип ошентип жүрө берем. Таңгалбай деле койсоң болот, баягы эле мен.
    Күлкүсүн араң тыйган Аида унаасын ачып койду. Көптөн бери мындай күлөлек эле.
    - Кеттиңби?
    - Кетейин, дагы мээңди чукуй электе. Дагы күлдү.
    - Аида,- Калыс анын жанына отурду. Бош бллсоң, бир аздан кийин бир жерге барып, өткөн-кеткенди эстеп дегендей, ушул жолукканыбыз үчүн.
    - Мм. Болбой калат го, планда жок.
    - Эмне таптакыр болбойбу? Анда номериңди берчи мага.
    - Эмне кыласың, телефон көтөрбөйм деле.
    - Мейли көтөрбөсөң, жөн эле амандашып турганга.
    - Жаз.
    - Жаздырбай эле берсең. Анын колунан телефонун алды да, өз номерин терип, чалып көрдү. Өзүнүн номерин ага "жаным" деп жазып коюп койду. Өзүнчө жымыңдап алды. Аиданын номерине да жазды жанымды, ага бир көрсөтүп койду.
    - Ий, жинди болгонсуң го, сен чоңойбой эле бала бойдон калган окшойсуң.
    - Айттым го, баягымын деп.
    - Кой, Калыс мен жылдым.
    - Күтүп атабы?
    Аида күткөн адамы жок болсо да, баш ийкей эрдин кымтып алды.
    - Жакшы баралы э, кел эми. Калыс Аиданын жүзүнөн өптү. Ушундай берилүү менен аны саамга тиктеп калды. Кетиргиси жок. Ордунан араң козголуп, өз унаасына кетти. Бири-бирине кол көтөрүп коюшуп, ордуларынан козголушту. Аида кандай айдаса, Калыс артынан калбады.
    Аида унаасынын арткы жарыгын күйгүзүп-өчүрүпкойду, мунусу коштошкону эле. Калыс андан калышкан жок, алыскы жарык берүүчүнү шакылдата күйгүзүп өчүрдү. Көрүшкөнчө,-деди өзү кошо. Аида оңго жарыгын үлпүлдөтүп бурулуп кеткендеге гана, Калыс жолун улады.
    Эркектен калышпай айдап калыптыр, азамат, алтыным. Жалгыз жүргөнү эмнеси? Жалгыз келген, азыр да жалгыз. Тиги шумдук банкирге эмне болгон? Бирдеме кылып, оңтойун таап жолугушум керек, билишим керек барын. Качан, кантип билсем экен? Эмнеге муңайым тартып калган, көңүлү суз. Сен качан мындай элең, жаным? Сезип турам, менин сезимим алдабайр. Мен сага жолугаарымды сезчүмүн, мына жолуктум. Адыл сени капаска салды, нур жүзүңдү суз кылды, мындайча айтканда, көңүлүңдү талкалап, жүрөгүңдү муз кылды. Балким, дагы эле капастасың? Аз калды, чыда, жаным, мен сени ал капастан бошотуп алам. Балким, азыр да сени суракка алып жаткандыр? Эх, Аида, кандай жансың? Мени неге көрбөйсүң, сен деп жашап келатам. Сени эч кимге алмаштыргым келбейт. Сенсиз өткөн

    #17 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:05

    14. жылдарымды эч кимдин башына салбасын. Мен оорулуумун, сен деп ооруп калганыма көр жыл болду. Сенден башка дартыма дабаа боло албайт. Сени таптым, издеп жүрүп тапкан жок элем, издебей туруп таптым. Тагдыр сени көл жээкке алып барды, анан мени... Менин суранычымды аткарып, экөөбүздү жолуктурду. Мен өтө бактылуумун. Кудай сакта, көз тийбесин.
    Кайрат алып-учуп үйүнө келип, дароо эле унаасын гаражга киргизди. Атасы бурчта бирдеме жасап отурган экен. Калыс шоктонуп, "пааап" эткизип койду эле. Атасы ордунан тура калды.
    - Атаңдын оозун урайын, жаш бала болуп кетесиң. Чочуп кеткенимди кантесиң.
    - Ата, басылып кетти, кечирип коюңузчу.
    - Кечиримиңди. Атам карыды деп ойлойсуңбу деги, же ушинтип мулжулуңдап жүрө бересиңби?
    - Ата, сиз жапжаш бойдонсуз. Калыс атасын катуу кучактап койду эле, атасынын деми кысылып кетти.
    - Ата, ооруп каласыз, жүрүңүз үйгө, тынч отура албаган кандай жансыз. Эмнеле кылып атасыз?
    - Алдагы унааңдын тетигин бекитип берейин деп атам.
    - Жасалат да ата.
    - Ооба жасалат, аял алалбай он жылдан бери жүрөсүң, муну жасатам деп он беш жыл жүргүдөйсүң. Кирем, карындашың келди, сага жаңылыгы бар экен, сен кире бер.
    - Эмне жаңылык?
    - Барсаң угасың эмне экенин. Калыс үйгө жөнөдү.
    Алгач апасы, анан карындашын өөп учурашты.
    - Сен үйүңдө оокат кыласыңбы? Эки күндүн биринде эле мындасың?
    - Эми келсе, кууйсуңбу? Ата- энесинин үйү келет да. Бөлмөсүнө кирип, кайра чыкты. Карындашы сунган тамакты алып, жаңылыкты күттү.
    - Байке, сизге момундай ( баш бармагын көрсөтүп) аял таптым.
    - Анан.
    - Ошо, мага жакты, сизге деле жагат болуш керек. Жазгүл уялгансыды.
    - Болуш керек де, а жакпай калсачы?
    - Жакпай калсачыдан баштабай, таанышып көрөйүн десеңчи, балам. Апасы сөзгө аралашты.
    - Таанышып кереги эмне? Уйлөнбөйм эми...
    - Капырай, ал эмнең? Ушинтип жүрө берейин дейсиңби? Жакшы келин дейт, тың.
    - Момундай аялың, мени моомундай кылсачы?
    - Билбейм эми, жакшы эле. Мага жакты.
    - Жазгүл, сага жакса, өзүң ал да, мага таңуулабай. Мага жакпасачы?
    - Таанышыңыз, бир жакка алып барыңыз, анан көрөсүз да байкап.
    - Мындан кийин мага аял тапканыңарды токтоткула, жетет, күнүгө ушул, тигиникине тигиниси, мунукуна мунусу келет, бары менен таанышып көрүшүм керек. Бары силерге жагат, магачы?
    - Капырай, ботом, ошентип анан жакканын алсын дейбиз да. Көчөдөн эле бирөөнү алып келе берет белең?
    - Апа, мен акыркы курста үйлөнөм деп келсем, үй бүтсүн, аны кылалы, муну кылалы деп болбой койбодуңар беле? Эми менин үйлөнгүм келген жок.
    - Койсоңчу эми, анда жаш элең, айтсак айткандырбыз, эми жашың өтүп баратат. Теңтуштарың алды бештен, арты экиден балалуу болушту. Ойлонуп көр, тааныш, жылдызыңар келишсе, үйлөн, балам.
    - Мм. Ойлонойун, апа. - Кабарыңарды айтып, жаныңар тынган окшойт, байкең эмне дейт,- деди Кадыр ата кызына.
    - Эмне десин, үйлөнбөйм, эми издебегиле деди. Баягы окуусун бүтөөрдө үйлөнөм деп келгени эсиңдеби? ошондо эле үйлөнтүп салганда болмок экен. Эми минтип, так секиртпей. Кадырга байбиичеси суроолуу тигилди.
    - Уйлөнбөйт эми.
    - Сен да ага кошулуп алганың кандай? Айтсаң боло.

    #18 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:07

    15. - Аның албайм деп атса, мен алмак белем? Алып келип алсаңар да карабайт, көрөсүңөр го. Жатса керек дагы сүрөтүн тиктеп.
    - Эмне сүрөт?
    - Эмне сүрөт? Сүрөттөй эле сүрөт, татынакай кыздын сүрөтү. Ойлогом журналдан кесип алганбы деп, жок, өткөндө анысын жылтыраган бирдеме менен кооздотуп келди көрүнөт. Бир болсо, анын ала турганы ошо, болбосо жок. Кадыр ата ойлуу сүйлөдү.
    - Мм. Алып келбейби анан...
    - Жаш баладай болуп, сүрөт менен сүйлөшүп атыптыр өткөндө, кобур-собур чыккандан бирөө жарым келгенби десем, өзүнчө эле сүйлөнүптүр. Акылдан адашкансып, тиктегени эле сүрөт.
    - Анда баягы алам деген кызы ошо го э, апа?
    - Билбейм. Деги үйлөнүп алса, жакшы эле болмок. Жашы минтип отуздан ашты, айтсаң эле так секирет.
    Жазгүлдү сага жакса сен ал, мага таңуулабай деп атпайбы. Кадыр ата көзүнөн жаш чыккыча күлдү.
    - Күлгөнүң кандай? Эптеп бирөөнү алсын деп жатса.
    - Эптегендей эмне, бүгүн алып, эртең коё берет беле? Шашпагыла, алат өзүнө жакканын. Кадыр ата уулуна ишенгендей.
    Ошону менен сөз бүткөнсүп, үй ичи жымжырттыкка бөлөндү.
    * * *
    "Жаным, уктадыңбы?". Калыс көпкө ойлонуп жатып, ушуну жазды да Аидага жөнөттү. Эки-үч аласалып, кат өз ээсине кетти. Телефонун тиктеп, жөп күтүп, эки мүнөт чексиздей сезилди Калыска.
    "Жок. Жакшы укта." Ордунан тура калган Калыс эмне деп жазып, кантип сөзгө тартаарды билбей.
    "Уктабай сайма сайып атасыңбы? Жалгызсыңбы?".
    "Жок. Жөн эле." Кыска жооп. Адыл жанындабы? Жанында болсо, болсунчу деген ой менен дагы жазды Калыс.
    "Жаныңдагы уктады беле? Урушпайсыңарбы?" Кандайынан болсо да, Аиданын турмушун билгиси келди.
    "Жок."
    "Азыр чалам." Эмне болсо, көрө жатаармын, көп болсо, Адыл менен дуэлге чыгам,-деген ойдо эле. Аиданын телефону заңкылдай ырдап жатты: "Одиночество-сволочь. Одиночество-сука-а." "Жаным" шыпылдап буга да жаза калган тура. Баягы бойдон түк өзгөрбөптүрсүң да. Жашылды басты.
    - Алло.
    - Кандай? Түнү уктабай эмне кылып атасың?
    - Жөн эле.
    - Мм. Жаныңдагы кайда?
    - Ким?
    - Ким дейсиң да, билип туруп.
    - Эмнеге чалдың?
    - Үнүңдү укканы. Сүйлөгөндү унутуп бараткан окшойсуң. Жок, жөн эле, ооба. Бул жооп эмес да.
    - мм.
    - Аида. Эртең кечинде бошой аласыңбы?
    - Эмнеге?
    - Керек.
    - Билбейм.
    - Билесиң. Анда бүгүнкү жерде, ошол убакта күтөм. Сүйлөбөйт экенсиң. Эми жакшы укта, түшүңдө мени көр. Жолукканча.
    - Жакшы жат. Аида жооп берүүнүн ордуна коштошконго шашты. Тыңшап турду.
    - Койбойсуңбу эми, эртең күтөм. Калыс Аиданын телефон өчүрүшүн күттү. Барып өчтү. Калыс бул кылыгына курсант боло жаздыгын кучактап жатып калды. Түн ага өтпөй жаткансып, таттуу кыялдары менен алек.
    Аида кабагын бүркөп алды. Кайдан жолугуп калдым экен? Мага ушул жашоом эле жагат. Сүйүүнү унутканым качан. Дагы кандай тагдырга жолуккан турам. Азбы мага көргөнүм? А аялычы? Иий, бирөөнүн жашоосу бузуп дешет да. Балдарычы? Эмне деп атам, жинди болбойунчу. Жок, таптакыр андай болбойт, болушу да мүмкүн эмес. * * *
    Адыл Аиданы шаарга алып келген. Ошентип, экөө тең иштеп, Адылдын эжесиникинде жашап жүрүштү. Адылдын ичкени басылган жок. Өздөрүнчө бөлүнүштү. Мына

    #19 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:08

    16. тозоктун башталышы. Кээде Адыл Аида уктап жатканда эшикти бекитип, ачкычты алып кетип кала турган болду. Апасы, эжелерине жолугуп келген күнү Аидада уйку жок, эптеп таң атса, жумушка кетсем экен деп тилейт. Аиданын күнөөсү айылда калбаганы. "Кимди көрдүң, кимге жолуктуң, эмне кеч келдиң, каякта жүрдүң?" Ушул суроолордон таптакыр тажады. Эптеп Адылды көндүрүп, апасынын жанына кетти. Бир аз жүрдү да, апасынан кыйналган жашоосун жашыра кайра жол тартты. Тепкич менен санааркап, батирине жетип, эшикти акырын түртүп көрдү. Ачык экен, дабыш чыгарбай кирди. Кире бериште аялдардын бут кийими, күзгү алдында сумка турат. Кайнежелеринен болсо керек...
    Аркы бөлмөнүн эшиги да ачык, бутунун учу менен басып келип, баш бакты. Көргөн көзүнө ишенбей, шалдырап туруп калды. Адыл, анын кучагында курбусу Махабат. Ары жактан көзүн ушалай, саксайган чачтарын түздөмүш болуп, дагы бир курбусу. Аиданы көрүп кетенчиктей калды.
    Аида үнсүз, кучакташкан экөөнү ушунчалык жек көрүү менен карап турду. Махабат кыңкыстамыш болуп, башын көтөрүп, өзүн карап турган Аидадан чочуп кетти. Ал Адылды капталга түрткүлөп ойготту.
    - Жата туралычы, каякка шашасың?,- Адыл Махабатты өпкүлөй берип, Аиданы көрдү. Колдорун Махабаттын белинен алып, тилин жуткан немедей көмкөрөсүнөн кулады.
    Бары бүттү,- Аида ашкана тарапка бет алды. Ыйлаган да, ызы-чуу салган да жок. Ашканада укмуш көрүнүш: кайсы эмнеси экени билинбейт, бошогон шампан, вино бөтөлкөлөрү ар кай жерде турат. Сумкасын кайра алды да чыгып кетти.
    Жөө туш келди баратты. Адыл... Өзүнүн курбусу...
    Демек, Махабат жөн келчү эмес экен да. Кантип, аны менен сырдашып жүрдүм. Акмактар десе. Жашай бергиле эми...
    Көпкө паркта отурду. Телефонуна коңгуроо болду, Адыл деп караган да жок. Тынбай чалуулар боло бергенден, айласыз алып караса, бөлөсү Азамат экен. Алды.
    - Кандайсың, алтыным?
    - Жакшы, өзүң кандай?
    - Бары сонун, албай атканыңдан таарынчагыма эмне болгон деп аткам.
    - Бары жакшы.
    - Аида, жардамың керек.
    - Эмне жардам, колумдан келсе, албетте.
    - Сенин колуңдан келбеген иш жок. Азыр кайдасың, сүйлөшөлү.
    - Паркта.
    - Эмне кылып жүрөсүң? Күйөө бала кайда?
    - Кел, мен күтүп турам.
    - Азыр жетип барам, кетпей тур.
    Жан дүйнөсү куруп турса да, ата-энесинен ажырап калган бөлөсүнө жолукпай коё албады. Азамат жалгыз, Аиданы жөлөк-таяк кылат, кеңешчиси. Күзгүсүнө каранып койду. Адылдын кылгына таңгалган жок. Ага жүрөгүн ооруткусу келбеди, ойлоп көрсө, ага болгон жакшы көрүү түгөнүптүр. Жалаң гана жек көрүү, жашоосунан көңүл калуу экен.
    Көп өтпөй Азамат Аиданын жанына келди. Келишкен жигит, бир аз ашык салмагы гана болбосо, жакшынакай. Ата-энесинен бир күндө ажырап калган. Жол кырсыгы, көз ачып-жумганча... Экөөнүн ата-энелери иштетип жүргөн чакан кафеси ушул экөөнө калган. Аида Азаматка тапшырган аны, сен карап, сен иштет деген. Азамат аны өнүктүрдү, өстүрдү. Аиданын ушу күнгө чейин унчукпай жүргөнүнө ыраазы болот.
    - Ии, айт эми, эмне жардам менден? тим эле укмуш кишиден жардам сурагандай болдуң да.
    - Сенин жардамың керек болду, мага

    #20 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:10

    17. башкалардан жардам кереги жок. Мындай барып тамактанганча сүйлөшөлү деген Азамат Аиданы унаасына салып кетти. Өзүнө жаккан кафеге келишти, тамактанышты, Азаматтын бир шаша турган түрү жок.
    - Эки-үч күн бош болсоң жакшы болмок.
    - Мен бошмун,-деди Аида.
    - Анда кеттик, көлгө. Ошояктан түшүндүрөм. Кийим-кече аласыңбы?
    - Алышым керек болчу, бирок... Аиданын көз алдына үйүндөгү көрүнүш тартылды.
    - Эмне бирок?
    - Үйгө баргым келген жок.
    - Керектүүңдү сатып алабыз. Азамат колун шилтей. - Күйөө бала кайда?
    - Айылында.
    - Кеттик анда, жолдо бир-эки жерге кирип чыга калайын да чуу коёбуз. Аида башын ийкей, терезени карап ойлуу. Көзү илинип кетти. Азамат ага улам-улам карап, башын чайкайт"Адылың баркыңа жетпес болду. Сулуу болбой эле койбоптурсуң да, байкушум. Барган сайын ачылып сүйлөбөй, жылмаюу кетпеген жүзүң муңга толуп баратат. Мен да кишидей болуп, көп келбейм, кабар албай жүрө берем. Качан керек болгонуңда жетип келем. Эмнеден чүнчүп барасың? Билсем эмне? Адыл азапка салды да. Бир нерсе билинсе, таарынба Адыл, сени элеби?" Азамат санааркай берди.
    Аларды Азаматтын келинчеги уулу менен жаадырап-жайнаптосуп алышты. Апалялап,- Аиданын колунан түшпөдү, Дастан. Экөө түнү менен сырдашышты. Азамат шаардан үй алыптыр, ошоякта жашап калаарын, эми ишти Аиданын улантышын каалаганын шашпай түшүндүрдү. Үйүңө бирөөлөрдү киргизип кой да, талкалап кетишпесин,- деген Аиданын сунушун туура көрдү. Барын жайгарып, Аидага иштин көзүн көргөзүп коюп кетишмек болду. Азамат Аидага өзүнө ишенгендей эле ишенет.
    Көпкө созбой, экөө кайра шаарга жөнөштү. Аида жумушунан бошонду, кетмек болду биротоло. Үйүнөн кийим-кечесин алмакка барышты. Адыл үйдө экен. Аида өзүм эле алып чыга калам дегенине болбой Азамат кошо кирди. Аида түз барып, кийимдерин салыштыра баштады.
    - Мунуң ким? Адыл чакчая калып.
    - Мунуң эмес... Сөзүңдү оңдоп сүйлө. Менби? Мен тууганымын, тааныбай калдыңбы? Кайын-журт сага мунуң болуп калды беле? Азамат муштумун түйө, өзүнө ишеничтүү айтты. Билген, ушундай жашоо экенин.
    - Каяка барасың? Эч кайда кетпейсиң? Адыл Аидага атырылды.
    - Бары кеч. Мен ушундай чечтим.
    - Сенден ким сурады чечимди? Мен ажыраша элекмин, ажырашпайм дагы.
    Булардын сөзүнөн улам Азаматка бары айдан ачык болду. Адыл Аиданын кийимин алып ыргытты. Аида кайра чогулта баштады. Чогулткан кийимдерин ошо бойдон тоголоктоп сумкаларга салып жылдыра бергенде, Адыл сумкаларды ары-бери ыргытты. Азамат карап турмакпы, ары булкуй тартып, Аиданы калкалады.
    - Жөнү жок тырбалаңдай бербечи, сени менен чатакташканга убактым жок. Жолдон кач. Сумкаларды бир болуна мыкчый кармап, бир жагына ызага баткан Аиданы кысты.
    - Бары жакшы болот, жүрү. Биз кетели.
    - Хм. Сен кимсиң? Жөндөн жөн эле алып кете бергидей. Адыл өзүнүкүн бербеди.
    - Мен сокур эмесмин. Болду, сөз бүттү. Кор кылганың азбы? Жетишет, мага чейин өз турмушуңдун таш-талканын чыгарып, эми эки жүздүүлөнбө.
    - Мен барыбир кетирбейм.
    - Сенден сураган киши жок. Аман бол. Азамат Аиданы алып чыгып кетти.
    - Айбан го, эмне мурда айтпадың? Ушуга чыдаган сен да кыйын экенсиң.

    #21 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:12

    18. Аиданын көз жашы көлдөй төгүлдү. Азамат аны кучагына бекем кыса кучактап,жашын аарчып сооротуп атты.
    Ага болбой шолоктоп ыйлаган Аида басылбады. Унаасы ордунан жылбай, ыйлап алсын дегенсип, Азамат аны чачтарынан сылай, бирде аны аяп, бирде ачуусун катууга дарманы жетпей отурду.
    - Болду эми, кетеличи бул жерден. Көрөсүң го, бары жакшы болот. Эми сени эч кимге кор кылдырбайм. Бирөөнүн чыпалагы тийип көрсүн. Болду, кеттик эми. Аиданын ачуу жашын алакандары менен аяр сүртүп, чөнтөгүнөн бет аарчысын алып берди да, оор үшкүрө жолго чыкты. Аида арман айтып ыйлаарга адам бар экен. Ошону менен ал эки жүздүү күйөөгө да, артынан канжар сайгандай сырдашкан курбуларына да чоң чекит коюп, белгисиз күндөргө кадам таштады.
    Аида менен инисин атасынан эрте ажыраган апасы жалгыз чоңойтту. Аида аларга жашоосундагы бир да кыйынчылыкты айтпады. Айткысы келген жок. Өзү менен кошо аларды сарсанаага салгысы келбей аяган. Эми да айтпай жашырып жүрө берет.
    Оор үшкүргөн Аиданы Азамат жол ката алаксытып жүрүп отурду. Жолдон токтоп, улам бирдемелерди алып берип, ой-бойуна койбой Боомдогу тоолорго чыгарып, сүрөткө тартып, көңүлүн көтөрдү.
    - Аида, эми сен кайрылып барам дечү болбо. Көздүү мончок жерде калбайт. Көрдүм, ал сенин баркыңа жеткен жок, эми сендей жанды таап алсын. Түшүнгөн кезде кеч болот. Артка кылчайба эми. Көргөн жаман түшүңдөй колуңдан келсе бул жашооңду унут. Бары алдыда. Мен эми сенден кабар албай жүрө бербейм. Биз көп
    иш бүтүрүп, бийик-бийик тоолорду багынтабыз. Эми жүзүңө муң катпа. Билем эжеме мунун барын айтпайсың, айтпай эле кой. Бары ордуна келет, алар сарсанаа болушпасын."
    Азамат көпкө сүйлөдү. Аида да анын сөзүн бөлгөн жок. Тагдыр ушуну жазыптыр, ушундай болду деди. Азаптуу жашоосун салкын желге учкан жалбырактай учуруп салгысы келди. Белгисиз болсо да басаар жолу ал ишеним менен жаңы баракты аярлап ачкысы келди.
    * * *
    Азамат көчүп кетееринде, Аидага унаа сатып берейин дегенине Аида таптакыр көнбөдү. Акыры өзүнүн унаасын ага берип, өзү башкасын алды. Аида ага чейин эле инисинин унаасын кошо талашып айдаар эле. Азаматтын мунусуна да макул болбой жатып, араң алды. Ал ортодо апасынан ажырап, иниси экөө боздоп кала беришти. Иниси үйлөндү, балалуу болду. Шаарда инисинин жанында болот, болбосо, көлдө өз үйүндө.
    Аида өткөндү эстегиси келген эмес. Калыстын Адылды улам сурай бергенинен уламбы, азаптуу күндөр түрдүрүлгөн тасмадай жанды.
    Таң атыптыр. Телефону тыңкылдай берди. "Доброе утро, любимая. Целую. Любимый." Дагы кат Калыстыкы. Аида жылмайып, любимый деп койду. Түштө дагы кат келди.
    "Как ты, любимая? А где ответ, жду."
    - Кыргызчасы түгөнгөндө, орусча сүйлөп калчу эле, дагы түгөнгөн турбайбы,- деди Аида өзү менен өзү сүйлөшүп.
    "Жакшы, өзүң?"
    "Ушул элеби? Анан чалам." Калыска таптакыр тааныш эмес адам жооп берип жаткандай туюлду. Башкача. Ага убакыт өтпөй туруп алгансыды. Шаша берди, шашкан сайын убакыт созулат.

    #22 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:14

    19. Бир ордуна туралбай ары-бери тынымсыз басты. Келет жолугууга, келбесе, үйүнө барам. Мени эмне мынча кыйнайсың, Аида. Суранам, кел, барын сүйлөшөбүз. Жүрөгүм тынч эместей, жалгызсың, ошон үчүн кайгылуусуң. Болбосо , качан ушундай элең. Калыс эмне жөнүндө ойлоорун, кантип убакытты өткөзүп жиберди билбей, өзүнчө эле бирдеме боло берди. Акыры унаасын зуулдаткан бойдон көл жээкке келди. Келелек экен. Убакыт бололек. Эрте келди. Бул күтүү чексиздей. Эки жакты улам-улам каранат. Жан дүйнөсү бурганак. Жүрөгүндө сүйүү толкуп-ташып, жанын жай алдырбай койду. Аиданы көргөнү алай-дүлөйгө түшкөн сезимдер... * * *
    Аиданын унаасын алыстан тааныган Калыс жанына токтогону, учуп жетип, Аиданы кыса кучактады.
    - Дем жетпей калды, Калыс.
    - Унчукпа, жаным, ал дем мага он жылдан бери жетпей келет. Жаным, менин...
    Калыс ага шыбырай, жүзүнөн текши өпкүлөп алды. Аиданы сүйлөтпөдү. Аярлай эриндерин эңсеп жүргөн таттуу эриндерге чаптады. Сулуусу бир аз кетенчиктей берип, бирок бул жалынга туруштук бере албай баш ийди. Калыс эриндердин таттуулугунан бир далай жерге барып келди. Ажырагысы жок. Сулуу жүздү сылай берип, Аиданын үшүгөнүн сезди. Так көтөрүп айланды, бакытка мас. Көтөргөн бойдон барып унаасына отургузуп, жылыткычын иштетти.
    - Калыс... Аида бир нерсе дейин деди эле, Калыс сөөмөйүн эриндерине такады.
    - Жаным, мени уруш, сөк, чап, теп, барына макулмун. Бирок азыр мага унчукпа, Адыл жөнүндө, балдарың тууралуу, башкалар жөнүндө айтпа. Билип туруп, жашооңо бүлүк салсаарымды билем, кечир, бирок мындан ары мен сенсиз жашагым келбейт.
    Ооба, Адылга тарттырып жибердим, артыңан барбадым. Барсам деле, сен аны тандамаксың. Бактылуусуңбу? Мейли, кандай болсо да эми жоголуп кетпечи. Мени издетип, убайга салба. Мен көлөкөдөй болсом да жаныңда жүрүп, сени көрүп тургум келет. Жок дегенде, жолугууга келип турчу, суранам, айтканың менен болсун. Мен сени көрүп эле турайын. Сени эч ким менен бөлүшкүм келбейт, бирок аргам жок. Ага да көнөм. Болгону жанымда аз убакыт болсо да жанымда болуп кой. Башка эмне айта алам. Жашооңду бузбайм, жалгыз да калтырбайм. Сенсиз жашаган күндөрүм бүтпөчүдөй болгон. Сага жолугаарымды билгем. Урушкуң келсе, урушчу мени. Сагындым. Көздөрүңдү, жүзүңдү, күлкүңдү. Бул таттуу эриндериңди... Уурданып өөп алчумун, эсиңдеби? Кандай сагынганымды билбейсиң. Сага ал сезим тааныш эмес.
    Айлана жымжырт, демейдеги шамал да Калыстын жүрөгүнөн оргуштап чыккан сезим булагынын айтылбай жүргөн сырларынын обонсуз ырларына кулак төшөп тынчтанып калгандай. Көл да мелмилдейт. Экөөнүн сырдашуусуна жолтоо болгулары келбегендей куштар да саамга сайроосун токтотуп, бырпырап учпай турушкандай. Аида оор үшкүрүндү. Азамат айткандай бул өң-келбеттин ага кереги бар беле? Жараланган жүрөгүндө калган так кайрадан сыйрылып ырбап кетчүдөй сезилет. Барына чекит коюп, басып кеткиси келет. Баягыдай, бирок, ушунча мезгил жоопсуз сүйүп келген Калыстын эч айыпсыз кыйналып жүргөнүн ойлогондо жанын коёрго жер таппай турду. Жетелекте бары ушул, жеткен соң кайран өмүр кор болот. Бирөө жетпей зарласа, бирөө жетип алып, өзүңдү зар какшаткан, эмне деген тагдыр.

    #23 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:15

    20. Эмнеге мен өзүмдү жарга такап, кара так салып кеткен Адылды жоктогонсуп, жалгыздыктын кучагында өмүр сүрүшүм керек. Же мен сүйүүгө, өзүмдү сүйдүрүүгө татыксызмынбы? Эмнеге мен өзүмдү сүйгөнгө эркелей албайм.Бир өткөн жашоо үчүнбү? Же капаста жалгыз, укпаганды угуп, ар кимге алмаштырган жашоого көнүшүм керек беле? Эмнеге мен деген адамды зар какшатышым керек? Балким, ошон үчүн бактысызмын.Бакыт эмне билбей жашадым.Барынанда Калыста эмне күнөө? Күнөө өзүмдө, өзүм сүйөр, сүйбөсүмдү билбей, өзүмдү кор кылып алдым.Аида өзүн-өзү жемелей берди. Калыс да эми эмне болоор экен, эмне деер экен,-деп ойлоду.Жашоосуна суроосуз келүү деген ушубу? Бирок, мен барына даярмын. Ушунча чыдадым, дагы чыдайм. Мен эми жашай албайм, жолукпай калсам да, ким билет башкача болот беле? Эми башкача болушу мүмкүн эмес. Калыс өзүнө-өзү жооп берип отурду.
    - Аида, жүрү көлгө баралычы, чарчадым,- деди Калыс жалооруй.
    - Жүрү. Мындан кийин мындай сөздөрдү айтпачы мага.
    - Макул, айтпайм, бирок, бир шарт менен.
    - Мм. Шартың кандай?
    - Мен чалганда, жооп бересиң, жолугууга келесиң.
    - Ошол элеби?
    - Мага ошол эле жетет. Мен үчүн ошол бүтүндөй бир жашоо. Ал жашоо-сенсиң. Сенсиз өткөн күндөрүмдү кайрып ала алсам кана... Кайрылбайт... А өмүр өтүп атат.
    - Туура айтасың, колумдан эмне келет?
    - Эгер чындап кааласаң, болбогонду болтурууга болот,

    #24 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:17

    21. эрк керек. Мага көптүн кереги жок экенин эбак эле түшүнгөм. Мага сен жанымда болсоң, дүйнөм түгөл.
    - Сен мурункудан да кооз сүйлөп калыптырсың.
    - Жалгыздык бардык нерседен кооздукту, кереметти табууга үйрөтөт экен.
    - Сага каршы эч нерсе айталбайм. Аида анын ар бир сөзүнөн чындыкты, тазалыкты байкады. Экөө көпкө жүрүштү. Калыс Аиданын жылмая баштаганына куштар. Анын ар бир кыймылын, жадагалса, ирмелген кирпиктерине чейин аярлап карап, каректерине чөгөрүп алып жатты. Ажыроо Калысты түпөйүл кылат. Коштошкусу келбейт. Бүгүн да миң кыйылса да болбой коштошот, эртең кайра кайтып жолугуу үчүн.
    - Аида экөөбүз эки бөлөк келип, эки бөлөк кетүү оор экен мага. Кел эми, мен сени алып кетип, кайра үйүңө жеткирип турайын. Сен өзүң эле чыгып жүрчү.
    - Кайра жакшы го, сен убара болбойсуң.
    - Мен үчүн убара эмес алар, ошентчи.
    Аида баш ийкеди.
    - Мм. Сага кандай айтсам жарашат.
    - Жарашчуу сөздөрдү сен кыргызча айталбайсың да, которуп айтсам, мааниси жоголот деп...
    - Эсиңдеби?
    - Бары.
    - Демек, мен сенин жүрөгүңдүн бир бурчунда жашап жүргөнүмө бактылуумун.
    - Бактылуусуң. Себеби, сен капаны да күлүп жеңесиң.
    - Болду эме мактай берсең, канатсыз уча баштайм.
    - Кетели э.
    - Бир жерге барып тамактаналы, анан эртеңге чейин эптеп чыдайм да. Кеттик. Эми экөөбүз дагы бөлөк-бөлөк барабыз да.
    - Артыңдан ээрчийм, кеттик.
    - Ээрчибе, жанаша жүр. Жанымда, колтуктап алып.
    - Мейли, кеттикпи? Экөө ээн жолдо жанаша келатты. Жүздөрүндө жылмаюу, көздөрү жанып, биринен өтүп бири чексиз шаттыктын койнунда. Чоң жолдо гана Аида ээрчий айдады.
    * * *
    Калыстын үйүндө бүгүнкү кеч да кезексиз чакырылган жыйындай үй-бүлөөлүк чогулуш. Бирок, арасында эң маанилүү маселенин чечилишине өкүм чыгаруучу Калыс келелек. Кадыр ата кызы менен байбичесинин айтылган сөздөрүн таптакыр уккусу келбеди. Көз айнегин мурдунун үстүнө коюп алып, гезит окумуш болуп отурат, бирок эки кулак жаңылыктардын чордонунда. Кээде көзүнүн үстү менен экөөнү атып коёт.
    - Бүгүн дагы жок аның, кайда эле жүрөт? Деги сөз укпады го.
    - Аны кайтарып алып эмне кыласың? Кыз болсо бир жөн эле. Ал бала эмес, киши болгону качан? Жөн койгулачы, басса бассын. Же эмне чимкириги ағыча ичип алып, темселеп келип, башыңарды оорутуп атабы? Балаң зыңкыйган бойдон кирип келет, келгенде. Эмне ага анчалык?
    - Аа, кеп жебес жагы сенден тура. Дегиле өзүңөрдүкүн бербейсиңер.
    - Апа, чалып көрбөйсүзбү?
    - Чалган менен азыр албайт. Мен чалмайын чалбагыла, жөнү жок чалсаңар албайм деген.
    Кадыр ата бүлкүлдөп күлүп койду.
    - Азыр келе койбойт. Жайына койгулачы.
    - Ушу сен бирдеме билип жүрбө. Шыбырап кетсе керек да, тынч отурганыңа караганда. Кемпири чалын жекирди.
    - Аай, көргөн жоксуңарбы? Анда бир өзгөрүш бар, болгондо да менин байкашымча, жакшы жагына.
    - Ал эмне болгон өзгөрүш экен?
    - Апасы, балаңдын жүрүшү башкача болуп калган. Жайдары, жумушка да шашып кетет, түштө мурункудай келбейт, кечинде кеч кайтат. Ии, байкабайсыңарбы? Жумалап жуулбаган унааны күндө тазалайт, кызга барчудай болуп...
    - Бирөөгө жолукту дейсиңби, ошондо?
    - Жолуккан, жолукпаганын билгеним жок, бирок жакшы...

    #25 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:19

    22.- Мен чалып көрөйүнбү? Жазгүлдүн чыдамы кетти.
    - Жок, чалбай эле, катуу айтып койсо, таарынышасыңар.
    - Мени уксаң, Жази агаңа тапканыңды айтпай эле койсоң болот. Көнбөйт,-деди атасы кызына.
    - Ушинте берсеңер качан үйлөнмөк эле? Сиз ошентсеңиз, ал да так секирип качат. Антпей эле алып берип коюш керек болчу.
    * * *
    Жаздын деми, эшикте жамгыр. Айлана барган сайын көрккө бөлөнүп, жамгырдын тамчылары туптунук айнектин сыныктарындай чачырап турду. Ээрчише кирип келген Калыс менен Аиданы тээ төр жакта отурган Нурлан таңгалыштуу карады. Нурлан демекчи, Калыстын досу, чогу иштешет. Калыс аны кайдан байкасын, эки көзү сулуусунан башканы көрбөй, эки кулагы анын сөздөрүнөн башканы укпай калган. Алар жайланышып отурган соң, Нурлан басып келди.
    - Калыс кайдан? Аида, саламатсызбы?
    - Кел, дос. Аида. Аиданы кайдан тааныйсың?
    - Эмне кызганыч кытыгылап жибердиби? Агамдар Аиданын үйүндө жашайт эмеспи?
    - Бул досум Нурлан.
    - Тааныйм, байкеге жардам берип жүргөнүн көргөм.
    - Аяш дейинби же жеңешабы?
    - Нурлан, биз өзүбүзчө...
    - Макул, дос, мен кетип жаткам. Жакшы өткөргүлө жамгырлуу кечти.
    - Рахмат, жакшы бар, эртең көрүшөбүз да.
    Нурлан Калыска бир аз таарынгандай болду. Күндө эле шашып кайда кетет десе, айтып койсо, бирдеме болчудай болгон. Анан жакын досум деп... А бирок, азамат эй, өзүнө жарашкан жар тааптыр да. Шашпасаң ушул экен да. Бактылуу болушсун. Байкуш, бирөөнү сүйүп алып, канча азап чектм. Эми Кудай
    берди болгон тура. Тиги ал дейт, муну ал дейт деп эле башы маң болуп жүрчү эле. Эми эртереек үйлөнүп алса экен, дагы бир балээ болуп кетелекте. Нурлан чын дили менен досуна күйүп- бышып атты.
    Жамгырды экөө тең жакшы көрөт. Бир топко колтукташып жүрө беришти. Кийимдери сыгып алма суу болбосо да, бир топ суу болушту. Калыс ушуга эле балкып, эт жүрөгү эзилип жүрөт. Убактылуу жолугушуусун эстегенде ичи ачышат, бирок чыдайт. Аиданын жанында жарым саат болсо да жүргүсү келет. Студент кезде мынчалык сүйлөшкөн эмес. Көрсө, жаш өткөн сайын жашоонун баркын билип баалай баштайт экенсиң да. Жашоо кызык. Сен сүйгөн башканы сүйөт, ал башка, дагы башканы сүйөт... Жоопсуз сүйүүлөр көп болот көрүнөт... - Аида, кетелиби?
    - Ооба, суу да болуп кеттим.
    - Кетели десем сүйүнүп кеттиң да... Менин кетким келген жок. Туурасын айтсам, макулсуңбу?
    - Эмнеге макул болушум керек?
    - Мм., кантип айтсам, түз эле айта берейинби?
    - Ии.
    - Жүрү үйгө барабыз...
    - Кантип? Жок, кечир мени... Баралбайм.
    - Ушинтет дегем.
    - Элестет, ушу кебетем менен сууга түшкөн чычкандай болуп...
    - Үйдөгүлөр мен күтө берип чарчашты. Укташты.
    - Жок, баралбайм. Андай ойду экинчи айтпа.
    - Мен андай айткан жокмун. Курганып эле алалы деген ойдо айттым. Андай ойуң кандай эле сенин?
    - Эч кандай деле ойлогон жокмун. Балким, мени жеткирип коёрсуң?
    - Кайдан айттым экен. Бир аз аздан кийин жеткирейин э. Бир аз жанымда боло турчу. Анан качан дагы сенин убактың болот, ким билсин...
    - Калыс, мен кетсемби деп...
    - Каяка? Мени таштаппы?
    - Келем да...




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2018 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru