Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Китеп


  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 28

#26 OFFLINE   Болот ББ.

Болот ББ.

    Конок

  • Форумчулар

  • 43 билдирүү
  • 0 Рахмат
  • Жашы:39
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:21

    23.- А балким, барчу жагыңа алпарып келеермин. Буга кандай дейсиң? Аа, мен айтууга болбогон адам менен да э.
    - Бара көрөйүнчү, барбай деле коём.
    - Ошентсең. Коркутпай. Жолуксам кантет?
    - Жолугуп турасың го. Аиданын жообунан улам ал Адылга жолуксамбы деген ойдомун деп так айткан жок.
    Калыс көңүлү суз боло түштү.
    - Жүрү, меникине, үшүп кеттим, ысык чай ичеличи. Аида ага карап, кирпиктерин ирмеп-ирмеп алды.
    - Үйдө ким бар?
    - Азырынча мен бармын, анан эже менен байке.
    - Мен да барбайм. Эже, байкелер эмне дейт?
    - Үшүдүм дейсиңби? Жүрү, азыр сага бирдеме көрсөтөм. Калыс унаасына отуруп эле бирдемесин издей баштады.
    - Таптым,- ачкычты Аиданын колуна салды. Жанымда бар эле дейм, таппай да жүргөн. Жакшы болду. Жылынабыз, курганабыз, ысык чай да ичебиз.
    - Кайда барабыз?
    - Азыр көрөсүң.
    Калыс тез эле бир көп кабаттуу үйлөрдүн арасына келип токтоду.
    - Жүрү. Аиданын жетелеп, тепкич менен өйдө чыгып, бир күрөң эшикти ачкычын шылдыратып ача баштады. Колдон тарткан Аидага адатынча көзүн кысып койду.
    - Кир, кире бер, быякта чал-кемпир да, эже-байке да жок. Сүйлөсөң жаңырып да турат. Э-хе-хей,- көрдүңбү, адатынча тамашалады.
    - Бутуңа муну кий, меники. Азыр үстүңө берем, тигил эшикке киресиң.
    - Кимдики бул үй?
    - Ээси жок ар кай жерде эле жүрөт дейт аял издеп, аял алганда келсе керек, ага чейин бойдок меники.
    - Жөн жооп берсең деле болмок да.
    - Анан айтып берем, азыр курганып ал, мына сүлгүң, мына халат, меники, кий кие бер.
    Аида унчукпай, анын көрсөткөн эшигине кирип кетти. Жуунуп, шалдырап чыга келди.
    - Кел чайыңды ич, сага жаккандай ысык.
    - Рахмат.
    - Мен сага чоочунмун. Таптакыр жакындабай койдуң. Бөлөк-бөтөн адамга мамиле кылгандай боло бересиң?
    - Эмнеге?
    - Билбейм, ортобузду бөлгөн бар да, ошого болсо керек.
    Калыс ойлуу Аиданы тиктей берди. Карай берип, каректери тойбоду. Диванда отурган ага жакын отурду. Оң колун анын ийиндерине коё, чачтарынан сылап, башын анын башына жөлөй үшкүрүндү. Унчукпады. Туруп-туруп маанайы чөкмө адат пайда болду. Өкүнө берет, өткөнгө. Бирок, бат жазылат, себеби, азыркы күндөрү ага өтө кымбат. Аидага кооздолгон жаздыкча алып келип берди.
    - Чарчаттымбы? Мен азыр келем.
    Аида жылуу душтан, ысык чайдан кийин денеси шалдырап, көздөрү илинип, көшүлө уктап кетти. Калыс кийимдерин жууп, башкаларын үтүктөдү. Башка бөлмөдөгү чоң, жумшак керебетин Аидага бошотуп койду. Ал мемиреп уктап калган экен. Акырын көтөрүп алып өз ордуна жаткырып койду. Көзүн ачкан Аидага:
    - Укта, уктай бер,- деп өөп, үстүн кымтылай жапты. Чачтарын акырыр алып жаздыктын үстүнө жайды. Жарыкты өчүргөнү барып, ошол жерде колдорун бооруна алып, уйкудагы сулууга суктана берди. Башын шылкыйта ашканага келип, ойлоруна жеңиле бул түйүндүн чырмалышкан жерин табууга аракеттенди. Ушул бойдон кетирбей алып калгысы келди. Тээ баягы бойдон Адылды да, балдарын да сурабай, өзү сөз бергендей сөз кылбай калган. Түн бир оокумга чейин Калыс отурган ордунан жылган жок. Бүтпөгөн ойлордун чиеленип калган түйүндөрүн чечүүгө аракет кылды,

    #27 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:39
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:22

    24.майнап чыкпады. Акыркы чечим Аидада боло берди. Телефонун алып, ага кат жазды.
    "Жаным, уйкучу. Ойгонсоң боло." Жөнөттү да, өзү кошо Аида жаткан бөлмөнүн дубалына жөлөндү. Аида жаздыктын алдын сыйпалап, телефонун алып чыкты да, бир көзүн чала ачып, окуду.
    "Уктабайсыңбы?"Жообу келди.
    "Бир сулуу ордумду тартып алган, ойгоноор түрү жок. Мени ойлойт болду бекен?" Жанында туруп алып, жаза берди. Башын көтөрүп, жарыкка карап, өзүн карап турган Калысты көрдү.
    - Уктап алсаң кантет?
    - Жаныңа жата берейинчи. Аида жуурканын ороно четке жылып койду. Калыс жылмая келип жатты.
    - Эми жуурканыңдан бөлүшөсүңбү? Таң деле атканы калды. Жата турайын бир аз, анан жумуш.
    Жууркандын четин ага берген Аида анын моюнуна асылып эркелегиси келсе да, эркелей албады. Калыстын кучагында төшүнө башын коюп, өзүнүн уйкусун кайдадыр качырып жиберди.
    Карылуу колдордун кучагын, тамекинин жыты аралашкан анын жытын, уурданып өбөөр эриндерин сагынат. Анын айтканы менен болуп дайыма эркелете бергенин сагынат. Бирок, бир коркунучтан таптакыр арыла албады. Өткөн тагдыр өчкүс тагын салгандай жаңылып калуудан коркот. Кайрадан кызганычтын арканы аны дагы бир жолу тушап салуусунан коркот. Айталбай жүргөн чындыктан коркот. Канчалык камданып, мына айтам дегенде оозунан кеби түшүп, таптырбайт. Дагы кандай күндөр күтөт, анан кандай болот деген бүдөмүктөрдүн убайымында. Азыр да катылган сырларын жашырбай айткысы келди, айталбай жатты. Калысты канчалык жактырса да, сөз берип койгону үчүн башкага кеткенин эстегенде бул аалам кең туруп,
    тарыйт. Эрки жеткенде, эми алып кетеерде, жок демек экен. Өкүнүп жатты. Калыс эркелеткен сайын аны барктай албай жатат дебесин деген ойго келет, бирок негедир чындыкты кулпулап алды.
    Калыс кучагында сулуусун эркелетип, жүрөгүнүн тээ түпкүрүндө кулпуланып жүргөн кандай гана сөздөрдү айтпады. Эт жүрөгү эзилип турду. Чоктой ысык эриндери түгөйүнөн ажырагысы келбей, кирпик ирмем алыстаса, кайра таппай калчудай. Уйкусунун чала болуп калганынабы же жөн эле өтө берилүүдөн сактангандай болгон периси анын саякатка белсенген колун жууркандан чыгарып койду. Мыйыгынан жылмайып алган ал ого бетер үзүлүп түштү.
    Таң сүрүлгөнү менен жамгыр басылбаптыр. Калыс эми эч качан тойбочудай болгон эриндерин чапталышуудан ажыратууга аргасыз эле.
    - Калыс...
    - Ии, жаным, эмне дейсиң?
    - Менде да жумуш да...
    - Барасың анан, сеники жумуш деле эмес, өзүңө өзүң кожоюнсуң. Меникин жумуш десе болот. Жаан басылганда бар э, ага чейин келем, шам-шум этип алып, жөнөйүн мен.
    - Менчи?
    - Уйкуңду кандырып жата бер, кийимиң жок да барыбир.
    Аида жатса, жата турайынчы, уйкум да канбай турат деген ой менен ордунан турбады. Калыс кетеринде, Аиданы өпкүлөй:
    - Эшикти бекитип ал, мен түштө келем, ага чейин жыргап уктай бер.
    Аида кошо басты. Бут кийимин кийген Калыс эшикке чыккысы келбей, кыйыла перисин белден ала кучактап, аймалады.
    - Кечигесиң...
    - Баргым да келбей атат... Чала сүйлөдү. Шоктоно, халаттын чала байланган курунун

    #28 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:39
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:25

    25.бир учунан тартып туруп, ары жылды. Бейкапар турган Аида байкамак эмес, эгер өзү билдирбесе. Азгырыкка айлангандай ышкысы менен эриндери анын эриндеринен, алкымдарынан алалбай, ак куудай аппак денеси арбагандан арбап, элиретип жатты. Кучагынан чыгаргысы жок.. Аны каршылык кылбасын дегенсип, колдорун бекем кармай кучагынан чыгарбады. Ага арзуусу эрк бербегендей, кумарын токтотууга чамасы жетпей баратса да, өзүн токтотту. Колундагы курун суроосуз, кымча белге байлай салып, үн катпай шарт чыгып кетти. Антип чыгып кетпесе, кете алчудай эмес эле. Бактылуу баратты. Көздөрү бир укмуш балбылдайт. Ойунда эч нерсе жок, кайгы-капа, өкүнүүнүн бирин койбой тазалап салгандай. Бир гана билгени сүйүү...
    * * *
    Жумушка келгени Нурландын сурагы башталды.
    - Байкемдин кожойкесин кайдан тааныйсың?
    - Эмне болду?
    - Деги эле. Азаматсың, досум. Эми той качан анан?
    - Эмне той? Эт жегиң келдиби?
    - Кызык элесиң. Аласыңбы?
    - Бир иш бар ошол бүтсө эле деп турам.
    - Сен деп турганча бирөө илип кетет. Бармагыңды кырча тиштеп калып жүрбө.
    - Оозуңа таш дечү беле?
    - Ооба дейт. Анан кечинде кайда бардыңар? Кандай экен?
    - Жаман кишинин ойу жаман дейт, отчётуң кана, кошо берип келейин.
    - Сага баа бердим, дос, жарайсың.
    - Муну таштап коюп кете берейин. Аида үйдө жалгыз. Мени сураса, бирдеме деп койчу, болбой баратса чаласың.
    - Мм.
    Калыс түшкө жетпей эле жетип келди, көтөрүнүп...
    Аида кетүүгө кам эле. Экөө түштөнүп алып, өз иштерине кетишти. Ошо бойдог Аида ага айтпай, кафенин иш кагаздарын такташып Азаматтыкында жүрүп калды.
    Кечке маал Калыстан кат келди.
    "Жолугабызбы? Күтөм."
    Аида бир чети айтпай кеткенине өкүнүп, адамдай болуп айтып койсом деле болмок деп ойлоду.
    "Мен иштер менен кеткем."
    Кубаныч жүзүнөн жылт койду. Ушинтмек. Кайсы жеримден жаздым экен? Бир жолу болбогон шордуу окшойм. Жүрөгүмө эми жылуулук ыроолой баштаганда, кайра минтип, алыстатып... Деги мага жашоо жалгыздыкты эле берген окшойт. Нурлан айткандай, бармак тиштеп калалекте үйлөнүш керек окшойт. Ажыраштырып деле... Артынан барып, барын биротоло ачык-айрым эле бүткөрүп, алып келип алсам, кантет. Ойлорум да түгөнө баштады. Айласы түгөнгөн эмедей болбой турайынчы, жакшы жагын ойлоп...
    Кыргызча кат жаза берип тажады. Жазып алып окуйт, улам окуйт, тууралайт, окшошпой койду, өзүнө жакпады. Орусча эле жазды, маанисин жоготкусу келбей.
    "Жаным, любил, люблю, буду любить до и после смерти. Целую. Жду."
    Башка сөздүн кереги жок эле. Ушу менен бары ага түшүнүктүү. Анын жүрөгүнөн эргип чыккан ашыктык аруу сезиминин урааны өз дарегин дароо эле тапты. Аида каттын маңызына баш чайкай, ичинен "мен да сени сүйөм, жаным, мен келем сага",- деди. Мындай сөздүн жообу кандай болушу мүмкүн. Эмне кылаарын билбегендей, же жооп жазып, же чалып айталбай турду.
    Ооба, мен Адылды сүйгөн эмес экемин. Мен өз жүрөгүмдүн ким деп кагып жатканын байкабапмын, эми билем... Адашкан тагдырымдын себепчисин түбөлүк унутам да, мен деп жүргөн адамга жүрөгүмдү, өзүмдү энчилейм. Бирок, анын сүттөн аппак, суудан тунук арзуусуна татыктуумунбу? Өткөн үчүн өзүмдү кечирбейм. Эрден чыккан деп

    #29 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:39
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 19:26

    26.айтылат, ушул сөздү жек көрөм. Ушул бир сөз менин кийинки жашоомо кеткис тагы менен калат. * * *
    Көңүлсүз келип эле үн-сөзү жок бөлмөсүнө кирип кеткен Калысты байкаган атасы кыжаалат. Эмне болуп кетти эми. Жанагы эме, чын айтканбы, же жалганбы? Кадыр ата Калыс үйгө келбей калып, чалса, телефонду албай койгондо, Нурланга чалган.
    - Оо, ата, келген жокпу? Ии, кызга кеткен Калыс, жолукканы. Буйруса, үйлөнөт, сүйүнчү камдап коюңуз."- деп Кадыр атаны бир сүйүнткөн. Бул жакшы кабарды кемпиринен да жашырып койгон. Айтса, кемпири кызына, кызы кайненесине, кайнене да бирөөнө айта салып, балакет болбосун деген. Эми минтип, башкача жүрүш менен келди. Бир бактылуу болуп, үй бетин көрбөйт, бир түнөргөн асмандай болуп, жүрөктү оорутуп, бөлмөсүнөн чыкпай калат. Деги түшүнбөй койдум. Кадыр ата уулунун абалын билмекке анын бөлмөсүнө кирди. Ордунан тура калган Калыс бооруна кысып жаткан баягы сүрөттү ордуна коё сала, атасын карады.
    Калыс атасына таңгалган түрү менен жылмайды.
    - Ата, эмне болду?
    - Кучактаганың эле ушу... Ата-бала сырдашалы, кел бери.
    - Сизге эмне болгон?
    Калыс бир нерседен чочугансып, оорусу күчөп, бир балээ айткан турабы,-деген ойдо үрпөйүп калды. Жүрөгү шуу дей түштү.
    - Келбегениңден кечээ Нурланга чалгам, эмне деди дебейсиңби, досуң?
    Калыс сөз айталбай атасын карады.
    - Мага сүйүнчү камдай бериңиз деди.
    - Эмнеге?
    - Кубанганымды айтпа. Сени үйлөнөт деди.
    - Нурланбы?
    - Ии, апаңдарга айтканым жок.




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2019 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru