Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Китептер текчеси


  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 8

#1 OFFLINE   Болот ББ.

Болот ББ.

    Конок

  • Форумчулар

  • 43 билдирүү
  • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 20:04

    Бакыт даамы

    #2 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 22 Июнь 2016 - 20:21

    Бул теманы кантип өчүрөм??

    Билдирүүнү өзгөрткөн Болот ББ.: 22 Июнь 2016 - 20:48


    #3 OFFLINE   Байкеси

    Байкеси

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 2 305 билдирүү
    • 372 Рахмат
  • Жашы:33
    • Аракети: 31 Май 2017 00:59
    • Шаары -шаар

    Жазылган 28 Июнь 2016 - 17:24

    анан кандай экен бакыт даамы?

    #4 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 15:39

    "Сүйгөнүмө гүл"

    Жандын бүгүн көңүлү суз, бир нерсесин жоготкон адамдай терезеден көзүн албай телмирип турат. - Жан, качан түштөнөбүз, убакыт болмок тургай өтүп кетти го,-деди колундагы кооз кагаздарды кызыгуу менен карап турган жигит. Жан унчукпады. Ойлору тээ кайдадыр алып кеткен. Ушул үйгө келгени, тагыраагы, үйдүн кожойкесин көргөндөн бери жүрөгүнө бүлүк түшкөн. Азыр басса-турса, жатса, отурса да анын элеси көз алдынан кетпейт. Элинанын жүзүндөгү башкача назиктик аны өзүнө тартып алган. Биринчи келгени эсине түштү. Үй ичин жасалоо керектигин айтып телефон чалган Элинанын коңгуроосуна өзү жооп берип, ошол эле замат жумушчу жигиттерин алып жетип келген эле. Кооз дарбазанын коңгуроосун бир басканда эле, короодогу гүлдөрүнүн арасында жүргөн Элина күттүрбөй эшик ачкан. - Саламатсызбы? - Саламатчылык, биз үй жасалгоо үчүн...,- андан аркысын уланта албай Жандын каректери Элинага кадалган. Ажарлуу, анан калса, көздөрүндөгү жалын аны турган ордунда өрттөп баратты. - Жүрүңүздөр,-деген Элина аларга үй ичин көрсөтүп, эмнени кандай кылуу керектигин бир башынан айтып өткөн. Демейде, сөзү төгүлүп турчу Жанда үн-сөз жок. Элинанын сөздөрүн угуп укпай эле, макулдугун берип, анын кара көздөрүнөн көзү өтүп турду. - Үйгө жатып иштейбиз десеңиздер, бош бөлмөлөрдүн ыңгалуусуна жашай бериңиздер,-деген Элина сөзүн бүткөнсүдү. Жан баш ийкеди. Күндө барып келгиче, түнү менен деле иштеп, каалаган убагыбызда эс алсак деле болот экен, жакшы болот деп ойлогон Жан жанындагыларды кийим-кечелерине жиберип, өзү бөлмөлөрдү кыдыра карап жүрүп, тамеки чегүү үчүн короого чыкты. Элина гүлдөрүн сугарып жүрүптүр. Анын ар бир кыймылын карап турду. Колундагы тамекисинин калдыгын ыргытып жиберейин деп барып, айланасын карап ойлонду. Тээ кире бериште турган таштанды челекке барып таштап келди. - Чай ичесизби? Элина ага карады.
    - Мени менен чай ичиңиз, дагы эмне керек болсо, айтыңыз, алып келейин, бир аз тыйын таштап коёюн, керек болоор? Жан эми өзүнө келгендей: - Мейли, өзүңүз билиңиз. Сиз болбойсузбу?,-деди. - Бир аз иштерим бар, жок болом, өз үйүңөрдөй жашап, анан гүлдөрүмдү сугарып коюп турсаңыз, кечириңиз, сизге айтканым туура эмес го, бирок карап койсоңуз жакшы болмок эле. Элина өзүнчө бушайман боло түшүп, стол үстүнө таттууларын койду. Жан сезди. - Мейли, карап, өзүм сугарып турам, гүлдү жакшы көрөсүзбү? Сунулган чайын колуна алган Жан өзүнчө тердеп-кургап араң отурат. Күндүн ысыгы үй ичинде да куйкалап жаткансыды. - Абдан, абдан жакшы көрөм... - Канчадасыз? Бирок, сурабайт деп коёт эмеспи, мен отуз бештемин. Жан эми жашын айтаар дегенсип, ага карады. - Тең эле экенбиз,-Элина аны бир да жолу баш көтөрүп карабады. Жанга жакшы болду. Өз ичинде бир нерсеге кубангандай жылуу жылмаюусун жашырбай, көздөрүн андан алалбай турду. Убакыт токтоп турмак беле, чай да ичилип бүттү. - Сиз үйдө болосуз да, сизге ишенип, экинчи ачкычымды берейин, мен келгиче көз болуп туруңуз. Жан отурган жеринде калды. Элина үстүнкү кабатка чыгып кетип, аздан соң кичинекей сумкасын кармалай тепкич ылдый түшүп келатат. Жан андан көзүн албай тиктеп турду. Ар бир тепкич ылдыйлаган сайын узун көйнөгү аларды сүрүп түшүп жатты. Башын көтөргөн Элина Жанга жылмая карап алды. Жандын жаны жансыздай абалга түштү. Ушул жылмаюу анын жүрөгүн чексиз өрттөп, тынчтык бербей калаарын сезген жок. Элина сунган үйдүн ачкычын колуна кармалай аны коштоп эшикке чыкты. Короонун чоң дарбазасын ачып келип, унаасын чыгарды. Жан караган бойдон турат. Качан гана ал унаасынан кайра түшүп, дарбазаны жабууга басканда эсине келе түштү. - Мен жаап коём, жакшы барыңыз. Элина баш ийкеген бойдон аны бир карап алып узай берди.
    отредактировано· Нравится· Ответить· Удалить· Пожаловаться·9 часов назад
    Жента Сапар Ысык-Көл
    Жан баш болуп иштерин башташты. Көп көйгөй жок, бир жерде тамактанып, эс алып, уктап кайра иштей беришет. Жан кечке маал кооз гүлдөрдү сугарат.

    #5 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 15:42

    Ага да жагып баратты гүлдөр, аларга көңүл бөлүү, өзүнчө бир ырахат экенин сезди. Жан дүйнөсү ушул гүлдөрдүн арасында эс алып, кадимкидей жаны жай алгансыйт. Тамекисин дембе дем тартып, жаш баладай гүлдөргө суу чачып жатканын көргөн жумушчулары Жанды тааный албай турушту. Элина келди... Эшик ачып кирип, унаасын токтоткуча, Жан ордунан козголбоду. Жүрөгү башкача согот. Кайдадыр шашкансып дүкүлдөйт. Ичинен кубанып турду. Элинаны утурлай басып, колундагыларды алды. - Саламатсызбы? - Саламатчылык, кандайсыз? Жан кайра сөз таппай калды. - Ашканага коюп коёсузбу? Тамак-аш сиздерге? Элина башка сөз сүйлөбөй өз бөлмөсүнө кеткенсиди. Үй ичинде иштеп жүргөндөр үндөрүн акырындатып калышты. Ашканадан чыккан Жан алардын жанына барды. Анын көздөрүндөгү кубанычты баары байкашты. Өздөрүнчө жымың этип коюшту. Полдо жаткан кесинди кагаздарды Жан бир заматта ала салды. Жандын ушунусу кээде тигилердин кыжырын кайнатат. - Дагы баштадыңбы? Бүткөндө жыйнап алат да,-деген жигитке катураак айтты. - Жыйнайсың, ашыкча чачмай жок, иштегиң келбесе, өзүң бил... Жандын ушул катуу тартиби менен кармалып турушат алар. Төрт жигит унчукпай өз иштери менен алек. Жан басып кетти. Элина аларга тамак жасап бермекке ашканада жүргөн. Жан босогодо туруп калды. - Жардам керекпи? Элина мындайды күткөн жок эле. - Бош болсоңуз, этти туурап бересизби? Катуу экен. Жан ушуну эле күтүп тургансып, колун жууп, эт туураганга киришти. Элина камырын жууруп, кесмесин чойгуча, ал туурала турган жашылчалардын баарын туурап даярдап койду.

    "Кандай жакшы, ушундай аялың болсо, ушинтип чогу тамак жасап, тамактанып, чогу кыялданып, чогу...". Жан ойлордун тереңине сүңгүп кетти.
    Ашканадан чыккан тамактын даамдуу жыты каңылжарды жарат. Жан ара-чолодо Элинага берген суроолорунун көпчүлүгү жоопсуз калып жатты. Тамак даяр болуп, стол үстүнө ар бирине куюп коюп жаткан Элинага Жан анан тамактанаарын айтып, эшикке чыгып кетти. Элина салат, чайынан өйдө даярдап, жигиттерди дасторконго чакырып, аларды шашпай тамактанып алышсын деген ой менен ал да гүлдөрүнүн арасында. Арыда тамекисин биринин артынан бирин чегип отурган Жан Элинаны аз убакыт ичинде ушунчалык берилип жактырып алганына өзү таңгалды. Элина ачылган гүлдөрдүн бир аз соолуй баштагандарын кыркып жүрөт. Жан чыдап отура албады. Анын колдорунан кескичти унчукпай алды. Кооз гүлдөрү бар жука кол кабы да өзгөчө Элинанын колуна колу тийип кетти. Бүткөн боюн жалындаган өрт каптады. Мындан жашыраак убагында деле кыз жандаганы менен мынчалык жалынды сезбептир. - Элина... Жандын үнүнөн улам ага карады. - Элина, атыңыз жакшы экен. Айта турган сөзүн жашырды. - Дагы сугарыш керекпи? - Мен өзүм, сиз эс алыңыз, тамак да ичпей койдуңуз, жаккан жокпу? - Жакты... Анан сиз менен ичем, сизди жалгызсыратпай,макулсузбу? Элина жылмайды. - Жалгызсызбы? Жандын сөзүн укканы менен ал жооп берүүнүн ордуна суунун түтүктөрүн текшерип басып кетти. Жан анын жанында аны менен сырдашкысы келген. Ал жөнүндө бүтпөгөн өз

    #6 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 15:45

    суроолоруна жооп алгысы келген. Ойу оңунан чыкпады. Гүлдөрдү кесип бүтүп, өзүнө окшоп суу чачып жаткан Элинаны суктана карады. Жандын өзүн карай келатканын байкабай суу чачып алды. - Кечириңиз, мен байкабай... Элина күлүп жиберди. Жанга ого бетер жагып турду. - Берсеңиз,-дегенЖан суу түтүгүн колуна алып, асманды каратып басып койду эле. Экөөнө бирдей тамчылар жааган жамгырдан ашып түшүп жатты. - Экөөбүз бирдей суу бололу, жалгыз жарашпай калат. Экөөнүн күлкүсү бир башкача бактылуу кубанычтын күлкүсү эле.
    Жаш балача суу чачышып, күлкүлөрү жаңырып жаткан экөөнү караган жылмайган жүздөрдүн карап турушканын эми байкашты. Жандын мындайын байкашпаган жигиттер анын абалын эми түшүнө башташкан сыяктуу. Бири-бирине кадалган көздөрүн тарта алышпаган экөө тиктешип калышты. Суу болгон чачтары аны ого бетер көркүнө чыгарып жатты. Жан аны бекем кучактап, сууланган чачтарынан сылагысы келгени менен анте албады. Элина жука шөлбүрөп суу болгон көйнөгүн бир карап уялып кетти. Ал үйдү карай басканда жигиттер бакчага өтүп, Жандын жанын койбой суракка алышты. Жооп болбоду. Элина кийимин алмаштырып, ашканада идиш-аяктары менен алек. Жан кирди. - Кийимдериңизди жуунчу бөлмөгө коюп коюңуз, анан жууп коём, которунуп келсеңиз, тамактаналы,- Элинанын жан дүйнөсүндө учкун пайда болгонун Жан сезип кетти. Алар көпкө сүйлөшүп, тамактанышты. Жандын жумушу унут калгансып, дегеле Элинанын жанынан жылгысы келбейт. Баягы ойлор эми күчүнө
    киргенсип, жанын жай алдырбайт. Ойлуу жатат, өзү жалгыз, ээн бөлмө. Берки жигиттер өзүнчө бир бөлмөдө. Жан көпкө уйкусу келбеди, ал чыныгы сүйүүгө эми кабылды. Көзү илинип кетиптир, таңкы тамактын жыты буруксуп чыкты. Алар ашканага жакын биринчи кабатта эле. Ордунан шарт турду. Элинаны ойлогондо өзүн унутат. Ал эшикке чыкканда Элина бакчасында жүрүптүр. - Жакшы эс алдыңызбы? Элина баш ийкей жылмайды. Ага ушул эле керек болчу. Көптөн издеген жылуу маанай, жагымдуу жылмаюуну тапты. Жанына баргысы келди. - Азыр барам, тамак даяр,-деген Элинанын сөзү аны кубантты. Ал келгиче ашканада гезит барактап отурду. Жигиттер тура элек. - Рахмат, даамдуу болуптур. - Бүгүн өзүңөр бир нерсе жасап тамактанып туруңуздар, мен кеч келем... Элинанын бул сөзү аны ойго салды. Заматта кабагы бүркөлө түштү. Түш оой Элина жасанып чыга келди. Эки көзү Элинада болгон Жан жигиттери менен аркы бөлмөдө эле.
    Унчукпай чыгып бараткан Элинанын артынан басты. Унаасы от албай койду. Жан да аракет кылып көрдү, болбоду. - Мен жеткирип коёюнбу? - Мейли, жакшы болмок. - Мен азыр кийинип чыгайын,-деген Жан заматта кычырап даяр болду. Ал иштегени менен ботала болгонду жактырбайт, кылдат, таза иштейт. Улам кийим-кечесин жууй бемей адаты. Элинаны салып кеткен Жан тигилерге табышмактуу болуп баратат. Унчукпай жанындагы Элинага сугун артып келе берди. - Ушул жерден токтоңуз. - Качан чыгасыз? Кайра алып кетейинби? Жан үнүн пасыраак чыгарды. - Убара болбоңуз, өзүм келем. Жан

    #7 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 15:48

    унчукпай кала берди. Элина унаадан түшүп, алдыраакта токтоп турган дүпүйгөн кара унааны көздөй басты. Жан ордунан жылбай карап турду. Шыңга бойлуу, келишимдүү жигит унаадан түшүп, Элинаны жүзүнөн сүйө унаага отургузду да кетти. Жандын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп, кызганыч сезимдерин аралап кетти. Өрт...
    Өрт каптады жүрөгүн, мынчалык эч кимди кызганбаса керек. Сиркеси суу көтөрбөй келди. Ачуусу менен жаңы чапталган дубалдагы кагаздарды ары-бери жулуп таштады. Анын бул жоругуна таңгалышкан жумушчулары жакпай калганын түшүнгөндөй шаабайлары сууп отуруп калышты. Жан кайра чыгып кетип аздан соң пиво көтөрүп жетип келди. Мындайы жок эле. - Сага эмне болду? Аны менен жакшы сүйлөшкөн жигит тамырын тартып көрдү. - Билем, жактырып калдың да аны, бирок ушунча эмгекти жок кылуунун кереги бар беле? Андан көрө жай иштегиле десең деле түшүнмөкпүз да. Эми кайра баштан башташ керек болот. Өзүнчө наалый берди. Жан унчукпай туура эмес кылганын мойнуна алгансып туруп кетти. Гүлдөрүнө кетти. Убакыт өтпөй туруп алгансыды. А бирок кеч да кирди, түн болду. Элина кайтып келелек. Аны күтүп ашканада көпкө отурду. Түн бир оокумда гана ордуна келип жатканы менен ойлоруна кошулуп кызганыч күчөп жатты. "Ким? Жигити? Жакшылардын баары бош эмес. Качан келет?". Ойлорун эшик алдына келип токтогон унаанын үнү бузуп жиберди. Ордунан ыргып туруп терезеге жармашты. Жанагы унаадан Элина менен тиги жигит баштыктарын көтөрүп үйгө киришти. Жымжырт, экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрү
    Жанга даана угулуп турду. - Кал десе болбойсуң. Эмки келгенде, алып кетем, жакшы тур, алтыным,-деген жигиттин сөзү кулагын чуулдатып өттү. "Эмки келгенде алып кетем. Жакында алып кетет экен да. Дагы жолу жок экенмин да...". Жаздыгын кучактаган бойдон жатып, ары-бери оодарыла берди. Суусады. Суу ичкени ашканага келди. Элина баштыктагыларын стол үстүнө коюп, муздаткычка салып жатыптыр. - Келиңиз, тойдон ооз тийбейсизби? Жандын маанайы жок, бирок аны көргөнүнө кубанып, көздөрү жайнай түштү. - Эмне той? - Бешик той. Келиңиз. Маңдайындагы жаркылдаган Элинанын сунушунан баш тарта албады. Ойлору сай-сайлап турса да отурду.
    "Алтыным деп кеткен ким болду экен?". Жандын санаасы чынчыбады. Ичи туз куйгандай ачыша берди. Анан да эч сыр бербей, бир калыбынан жазбаган Элинанын мүнөзү да жагып турду. Ашыкча сүйлөбөйт. Жан күндөн күнгө ага жипсиз байланып баратат. Анын карааны көрүнбөй калса, издей баштайт. Көбүнчө гүлдөрүнүн арасында жүрө берет. Өз дүйнөсү менен алек. Буларга тамак жасап бергени болбосо, кимиси бар, кимиси жок, эмне кылып жүрүшөт иши жок. Бир гана Жандын бул үйгө киргени тынчтыгы бузулган. Жактыруу сезими жалындап отуруп, сүйүп калды. Элина анда-санда бир, эки күнгө жок болуп кеткенде, кадимкидей жалгызсырай түшөт. Кабагына кар жаап, түтөгөндөн түтөй берет. Ал кандай кайтып келет, ошондой өзүнө келип, шайдоот болот да калат. Кечки тамактан кийин ал Элинаны жалгыз тамак ичпесин деп дагы күттү. Экөө мааниси жок кыска

    #8 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 15:57

    жаңылыктар менен сүйлөшкөн болушат. - Эртең бир жумага кетем, үй сиздин карамагыңызда калат, азык-түлүк жетиштүү, муну балдарыңызга бересизби, азырынча, калганын баары бүткөндө, сүйлөшкөн боюнча да,-деген Элина стол үстүнө акча коюп койду. Бир жума жок боломду уккан Жан тыпырап калды. "Алып кетет экен да... Өз сүйүүмдү билдире да албай калат экенмин. Өкүнүчтүү...". Санаалар булут болуп анын асманын каптап баратты. Карегинде чала күйгөн шамдай болгон жарык караңгылап баратты. Түпсүз ойлор... Элина идиш аягын ирээтке келтирип бүткүчө үндөбөдү. - Бакчада отуруп турбайлыбы? Эмне дээр экен дегенсип, ага карады. - Чарчагансыз го... Же мага айтаарыңыз барбы? - Ооба, жөн эле ичке толгон сырларым менен бөлүшкүм келди. Экөө ээрчише келип бакчанын так ортосундагы термелген отургучка отурушту. - Каяка кетесиз? - Балким, мени сиз дебей эле коёрсуз? Агамдыкына алып кетем деген, эртең келет, сагынганда ушинтип барып келем. "Агасы... турбайбы...". Айтып албаганым жакшы болуптур.
    - Гүлдөрүңүздөн кыркып алсам болобу? - Сүйгөнүңүзгөбү?- Кайдан билесиз? -Үйүңүзгө кеткен жатасызбы? Кескич ордунда турат. Элина да ойлонуп калды. Ал да өз ичинде Жанды жактырып калган. Бирок, азыркыга чейин анча көп маани берген эмес эле. Гүлдөрүн көздөй басып кетти. Жан сезди, анын көңүл кош эместигин. - Кандай түстөгү гүлдөр жагат, сүйгөнүңүзгө? Элина Жандын жанында сыр бербегенге аракет кылганы менен сезимдери башкача абалда. - А сизге кандайы жагат. Мен сураган
    эмесмин, менимче, баары эле сонун гүлдөр го, жакса керек... Жан табышмактанта сүйлөдү.- Эгер, мага жакканы, ага да жакса, мына муну алыңыз, муну, муну... Элина тандай берди. - Балким, ушунча жетээр, жөн эле гүлдөрдү соолутуунун кереги жок го. - Сиз жетет десеңиз, мейли. Жан кесип алган ар бир гүлдүн сабагындагы тикенектерди терип чыкты, текшилеп, бирдей узундукта кылып кесип, жыттап алды. Колуна алган гүлүн кубаныч менен ойлуу отурган Элинаны көздөй басты. Кеткен жатат деген ойдо отурган. - Бул сизге... Жан гүлдү Элинага сунуп, маңдайында көз албай карап турду. - Магабы??? А сүйгөнүңүзчү? Элинанын суроолуу көздөрү жайнап турду. Өзү өстүргөн гүлдөр болсо да, эч ким даап мындай кадам кыла алмак эмес. Жан жылмайып, көзүн кысып койду. Ортодо тынчтык. Куштардын сайраганы, жылуу соккон жел. - Эми түшүнсөңүз керек, кимди сүйөм. Элинанын эки бети албырып чыкты. Кубаныч жүрөгүн ээлеп алды. - Сиздин аялыңыз жокпу? - Жок. Элина сүйлөсүн дегенсип, кыска жооп берди. - Үйлөндүңүз беле? - Жок... - Эмнеге? - Бала чакта кырктан ашып үйлөнөм деп ойлонбой көп айтып алыптырмын, үйлөнгөнгө азыр эрте, кыркка чыга элекмин. Анын үстүнө жаш өткөн сайын башкача сүйгүң келе баштайт экен. Ушундай. Бирок, мен таптым, эгер ага өзүм да жаккан болсом... Элина мыйыгынан жылмайды. Жактырганын кантип айтмак.
    Элина бушайман. Мындай болот деген ой таптакыр келген эмес эле. Жандын дүйнөсү түгөл, сүйгөнү жанында, айта албай жүргөнүн айтып алды. Баары

    #9 OFFLINE   Болот ББ.

    Болот ББ.

      Конок

    • Форумчулар

    • 43 билдирүү
    • 0 Рахмат
  • Жашы:38
    • Аракети: 08 Сен 2016 10:15
    • Шаары -Бишкек

    Жазылган 04 Июль 2016 - 16:04

    жакшы. - Айтсаңыз, мен үчүн жүрөгүңдө орун табылаар бекен? Бирок, жок дегенди угуш мен үчүн жеңил болбойт. Андай болсо, унчукпаңыз. Менин сезимимди өчүргөнгө жол бербейм. Мен өзүмчүлмүн. Меники меники гана болушу керек. Жан Элинаны сүйлөтпөй сүйлөй берди. Кызыгы, мындай сүйлөп көргөн эмес. Мынчалык берилип сүйгөн да эмес. Азыркыдай абалда калган да эмес экен. - Жооп бербей койсом, жакпадым деп ойлойсуз. Айта албай турсам, кандай ойдо болот элеңиз? - Анда, жагып, бирок жакпай турамбы демекмин. - Андай эмес, кечириңиз, бирок айта албайм. - Күткөн эмессиз да мындайды, а мен күтө алам, айрыкча сизди күтөм. Элинанын маңдайына түшкөн чачын алып койду. Түн кирип келатат. Алар көпкө отурушту. Жандын андан алыстагысы келбей турду. Ой баскан түн менен таң да атып, Элинаны баягы жигит алып кетти. Бирок, Жан баягыдай кызганган жок, ал жигитке билгизбей Элинага көз кысып, тамекисин чегип турган калыбында кала берди. Эки жүрөк жалында калды. Бир жума экөөнө өтпөй жаткансыды. Жакында жумуш бүтөт дегенди ойлосо, Жандын бул жерден таптакыр кеткиси жок. Бирок, жасалгалап иштин аягына чыга башташты. Кийинки күндөрү Жан болбогон жерден кынтык таба берчү болгон. Өз көңүлүнө жакмайын жасата берет. Тажабайт. Бүгүн Элинанын кайтып келчү күнү, кеч кирди жок. Жандын санаасы санга бөлүндү. Короодо күтүп отурган. Коңгуроо басылары менен эшик ачты. Элина агасы менен учурашып үйгө киришти. Агасы көпкө турган жок, даам ооз тийген болуп, кайра эле кетти. Ушуну күткөн Жан Элинанын жанына жетип барды. - Кандай эс алдыңыз? Күн
    өтмөгү тозок болду го.
    - Жакшы, жумуш бүткөнбү?
    - Жок, аз калды, бүтөбүз.
    - Бул жак бүтсө, үстүндө эки бөлмөнү башкача жасалгалоо керек. Жандын көктөн издегени табылды.
    Ага да макул эле. Элинанын өзүн жактыраарын билди. Телефон номерин алды, эми тынымсыз сүйлөшүп турат. Баардык жумушу бүткүчө, ашканада жардамчы да болду, гүлдөрдү жактырды. Акыры бул үйдөн узап кетишти. Бирок, Жан күн алыс сүйгөнүнө жолугушуу үчүн келет. Кээде түн бир оокумга чейин бакчада сырдашып, гүлдөрдү карашып, жанында болот. Мындай алыстыктан, билбей кызгана берген сезимден алыстагысы келди. Бүгүн ага кубанычтуу күн, келишкен боюна ылайыктап кийинди, шакек алды. Өз бактысы үчүн, өзү айткан кырк жашты күткүсү келбеди. Элина Жанды жашоосунан артык көрөт, макул болду. Жан сезгендей сезимдери алдабаптыр, экөө бири-бирин көргөн күндөн баштап, алардын жүрөгүндө сүйүү бар эле. - Мен сени сүйөм, Элина... Колундагы кутучаны ачып ага сунду. - Мен да сизди сүйөм, Жан... Элина Жандын төшүнө башын жөлөй бул бактысына ыраазы болду.
    Алардын сезими барган сайын күч алды. Элина Жанды сен дей албай койду. Сизди сүйгөм, биринчи көргөндө эле сезгем, эмнегедир Сиз башкача көрүнгөнсүз,-Элина гүлдөрүн суктана карап алды. Айлуу түндө алар көп кыялдарга батышат. Жамгырдан кийин гүлдөрүн аралаганды экөө бирдей жактырат. Таң бүгүн башкача, аппак...
    А я г ы.
    Автор: Жента Сапар
    2'4'2016.




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2018 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru