Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Акындар Айылы.

айтыш.

  • Жооп жазыш үчүн катталыңыз
Темадагы билдирүүлөр: 364

#1 OFFLINE   Narynbek

Narynbek

    Жаран

  • Форумчулар

  • 125 билдирүү
  • 20 Рахмат
  • Жашы:44
    • Аракети: 08 Янв 2015 18:21
    • Шаары -пгт Шамалдуу-Сай

    Жазылган 21 Сентябрь 2013 - 13:23

    Ассалому алейкум
    Нукурачылар аманбы?
    Жалпыңа айтам саламды
    Ачып койдум мынаке
    Акындардын айылын
    Нукура форумубузга
    Ырдан шуру тизгиле
    Ырдап көнүл ачалы
    Эскертип эми кетейин
    Кара сөз менен жазбаңар
    Кана анда баштайлы
    Акындарым барсыңбы
    Өзүм акын эмесмин
    Чымыным бар кичине
    Кара сөздөн кураймын
    Төрт сап ырды араңдан

    #2 OFFLINE   Narynbek

    Narynbek

      Жаран

    • Форумчулар

    • 125 билдирүү
    • 20 Рахмат
  • Жашы:44
    • Аракети: 08 Янв 2015 18:21
    • Шаары -пгт Шамалдуу-Сай

    Жазылган 22 Сентябрь 2013 - 16:58

    Нукура акындар барсыңбы?
    Тема ачып койсом эмнеге
    Эч ким жазбайт жоопту
    Акындарга не болгон
    Жыргап уктап эле жатабы?

    #3 OFFLINE   Chyngyzhan

    Chyngyzhan

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 202 билдирүү
    • 468 Рахмат
  • Жашы:32
    • Аракети: 03 Янв 2018 05:38
    • Шаары -Ош. Каракулжа.

    Жазылган 22 Сентябрь 2013 - 18:39

    Акын агам келиптир.
    Айтышты ачып бат эле.
    Ыр саптарын тогуптур.
    Айылда бугун дем алыш.
    Ар кимиси ар жакка
    айылчылап кеткенго.
    Кыргыздан калган кочу салт.
    Салтты таштап азыр биз
    Сайт аралап кочтук биз.
    Атандын кору дунуйо.
    Нечендеген сайттарды
    жамагын дагы калтырбай.
    Кылымдарды корбостон.
    Жайлап келдик ушерге.
    Автобуз ичи жыш толуп
    Кочконубуз курусун.))

    Кулкуго толуп автобуз.
    Шопур озу мас болуп.
    Сигеретти кен соруп.
    Айдайт экен сапырып.
    Автобуз запчасть калсакен.
    Барган жерди кыйратып.
    Турган элди жадатып.
    Жайлоодон кочуп Голливудка.
    Сапарды чоттоп турабыз.
    Звездалар бизде бар.  :) (окшошпосо дагы тогуп салдым,кабыл алыныздар)

    #4 OFFLINE   Тимоха

    Тимоха

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 2 240 билдирүү
    • 706 Рахмат
  • Жашы:34
    • Аракети: 02 Окт 2018 08:36
    • Шаары -г. Ишинболбогонский

    Жазылган 27 Сентябрь 2013 - 08:53

    Айтыш болуму чан басып
    Акындарга не болгон?
    Журушчу эле ызылдашып
    Нукуршиктерге не болгон?
    Тилдери буудай кууруган
    Чечендерге не болгон?
    Создон каамыр жууруган
    Накусь эжекемге не болгон?
    Тогуп чачып ыр жазган
    Токмолорго не болгон?
    Токсо тогулуп калбаган
    Вайс акама не болгон? :)
    Наадандык кылбай биздин элибизге,
    Нукура кыргыз тилде сүйлөйлүчү,
    Намысты туу кылып көкүрөккө,
    Нукура форуму менен гүлдөйлүчү.

    #5 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 27 Сентябрь 2013 - 11:08

    Амансынбы айылым,
    Ыр-кулкуго жакыным.
    Айтыш тема ачылып,
    Кубанып эле жатырым.
    Сайтты жасап чыгарган,
    Аман бол Даку баатырым.
    Айылды ачкан ыр менен,
    Рахмат Нарын акыным.
    Жоктоп ырдап тогулгон,
    Кандайсын Чыке жакыным.
    Создон камыр жууруткан,
    Темум го менин алтыным.
    Каштары керме, оймок ооз,
    Айдосям кайда асылым.
    Нукурага шык кошкон,
    Жалпына айтам саламым.

    Термесин ырдын терейли,
    Шаншып бир ырдай берейли.
    Чымчышып кээде кыз-жигит,
    Айылда ойноп журолу.
    Адебин берип жигиттердин,
    Козубузду сузолу))
    Мандраж болуп калышса,
    Ыр менен чиркин соголу.
    Айтышта алга бастырбай,
    Алдынан кыздар торойлу.
    Айтыштан тенин табылса,
    Той жеген кунду королу.


    #6 OFFLINE   Зайка

    Зайка

      Жаран

    • Форумчулар

    • 442 билдирүү
    • 69 Рахмат
  • Жашы:33
    • Аракети: 13 Сен 2017 12:29
    • Шаары -Ош

    Жазылган 27 Сентябрь 2013 - 13:40

    вааай акындар копго ыя, ушу акын болбой калганыма окуномда ...

    #7 OFFLINE   KGTALAS

    KGTALAS

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 349 билдирүү
    • 1010 Рахмат
  • Жашы:29
    • Аракети: 30 Июн 2018 16:17
    • Шаары -Бишкек айылы

    Жазылган 27 Сентябрь 2013 - 15:00

    Акындар айтыша берет
    Кербен журо берет,
    А биз окуп коюп,
    Форумчулар форумду чаныта берет. :D
    Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!Изображение

    #8 OFFLINE   Narynbek

    Narynbek

      Жаран

    • Форумчулар

    • 125 билдирүү
    • 20 Рахмат
  • Жашы:44
    • Аракети: 08 Янв 2015 18:21
    • Шаары -пгт Шамалдуу-Сай

    Жазылган 27 Сентябрь 2013 - 15:25

    Амансыңбы айылым
    Айылдагы акыным
    Кандай анан ден-соолук
    Чаңыткан кечке форумду
    Нукурачы досторум
    Жаңылыктардан жазгыла
    Ушак деле боло берет
    Кулактарын кызытып
    Кеп козгойбуз келгиле

    #9 OFFLINE   Sezim

    Sezim

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 909 билдирүү
    • 816 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Июл 2018 14:00
    • Шаары -Биш ))

    Жазылган 28 Сентябрь 2013 - 14:01

    Салам айтып жалпыга,
    Акын эли, калкыма,
    Келип калдым жаңыдан,
    Сүрдөгөндөн аптыга,
    Аттын башын мен бурдум,
    Аста, секин бастыра,
    Аракетим таанышуу,
    Кол алышып жакшына,
    Курбу, доспу, синдиби,
    Жанашайын жакшыга,
    Достук талап кылайын,
    Бол эрте деп шаштыра,
    Маанай чөксө көтөрөм,
    Тамсил айтып каткыра,
    Душман болсо аябай,
    Коем аны жаткыра, :)
    Ичи арам, жамандар,
    Менден алыс качкыла,
    Ак жол тилеп жашоодо,
    Басалы дайым астыга!
    Наадандык кылбай биздин элибизге ,
    Нукура кыргыз тилде суйлөйлүчү,
    Намысты туу кылып көкүрөккө ,
    Нукура форум менен гүлдөйлүчү.

    #10 OFFLINE   Narynbek

    Narynbek

      Жаран

    • Форумчулар

    • 125 билдирүү
    • 20 Рахмат
  • Жашы:44
    • Аракети: 08 Янв 2015 18:21
    • Шаары -пгт Шамалдуу-Сай

    Жазылган 28 Сентябрь 2013 - 21:56

    Алик сенден алайын
    Сезим кыз өзүң кандайсың
    Акырын келсең бастырып
    Атыңды мен алайын
    Аса байлап салайын
    Маңдай тескей олтуруп
    Сени менен айтышып
    таанышып да алайын
    Кезекти анда берейин
    Айта бергин карындаш
    Өзүңдөн болсун кеп башы

    #11 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 29 Сентябрь 2013 - 22:52

    Амансыңбы айылым,
    Кабыл ал айткан саламым.
    Дем алыш күнү жан тынбай,
    Кире албай жатамын.
    Тиричилик турбайбы,
    Тытынып эле атамын.
    Сезим сулуу келиптир,
    Менин тиштерме окшогон,
    Бриллиант ырлар териптир.))
    Сезим кыз мында келип тур,
    Каймагын ырдын терип тур.
    Алдыңдан чыккан акынды,
    Аябай туруп согуп тур.

    Бейпил түн жалпы айылым,
    Жакшы жатып дем алгын.
    Мен дагы барып уктайын,
    Эртең жумуш кашайгыр,
    Кечигип анан калбайын.


    #12 OFFLINE   Chyngyzhan

    Chyngyzhan

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 202 билдирүү
    • 468 Рахмат
  • Жашы:32
    • Аракети: 03 Янв 2018 05:38
    • Шаары -Ош. Каракулжа.

    Жазылган 30 Сентябрь 2013 - 00:26

    Тиштуу Накусь акынга:
    Эсен-аман жатыныз жатыныз?
    Тишти бекеем катыныз.
    Массига ороп,сандыкка.
    Калиттап бейгам уктаныз.

    Тушунузго кирчуу болбосун.
    Уурулар коптоп койбосун.
    Андан конулунуз толсун.
    Атыныз чыкпаса койсун
    Бензинди сееп бекерден.
    Куруч оскон жер талаа.
    Куйбойле Оз ордунда калсын.
    Кок жоолук кийген башыныз.
    Аман болсо болдуго..
    Андан башка не керек?
    Башка жоолук алгыча.
    Ону агарып калгыча.
    Сай башынан агызып.
    Жаныдай кылып Айдайга
    Тапшырсаныз болдуго :) (чын журоктон тамаша)

    #13 OFFLINE   Sezim

    Sezim

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 909 билдирүү
    • 816 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Июл 2018 14:00
    • Шаары -Биш ))

    Жазылган 02 Октябрь 2013 - 11:40

    Просмотр сообщенияNarynbek (28 Сентябрь 2013 - 21:56) жазган:

    Алик сенден алайын
    Сезим кыз өзүң кандайсың
    Акырын келсең бастырып
    Атыңды мен алайын
    Аса байлап салайын
    Маңдай тескей олтуруп
    Сени менен айтышып
    таанышып да алайын
    Кезекти анда берейин
    Айта бергин карындаш
    Өзүңдөн болсун кеп башы
    Нарынбек байке келиптир,
    Саламын мага бериптир,
    Айтышалы келгин деп,
    Сөз менен мени челиптир.

    Рахмат,байке, жакшымын,
    Мөлтүр бир суудай акчумун,
    Анда-санда ыр курап,
    Бапестеп сөздү бакчумун,
    Кычыраган суук күндү,
    Жылытып сөздү жакчумун,
    Маңыздуу кепке кезиксем,
    Көкүрөк тушка такчумун,
    Жактырып ырлар дүйнөсүн,
    Эчен кырлар ашчумун,
    Жаман деген нерседен,
    Жолобостон каччумун.

    Кайрылып кайра келиңиз,
    Суроолор болсо бериңиз,
    Ыр куроо үчүн сөздөрдун,
    Эң жыттуусун териңиз.
    Сатылбай биздин кенибиз,
    Өсүп-өнсүн элибиз,
    Кор болбой башка өлкөгө,
    Гүлдөсүн биздин жерибиз!
    Наадандык кылбай биздин элибизге ,
    Нукура кыргыз тилде суйлөйлүчү,
    Намысты туу кылып көкүрөккө ,
    Нукура форум менен гүлдөйлүчү.

    #14 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 02 Октябрь 2013 - 16:39

    Просмотр сообщенияChyngyzhan (30 Сентябрь 2013 - 00:26) жазган:

    Тиштуу Накусь акынга:
    Эсен-аман жатыныз жатыныз?
    Тишти бекеем катыныз.
    Массига ороп,сандыкка.
    Калиттап бейгам уктаныз.

    Тушунузго кирчуу болбосун.
    Уурулар коптоп койбосун.
    Андан конулунуз толсун.
    Атыныз чыкпаса койсун
    Бензинди сееп бекерден.
    Куруч оскон жер талаа.
    Куйбойле Оз ордунда калсын.
    Кок жоолук кийген башыныз.
    Аман болсо болдуго..
    Андан башка не керек?
    Башка жоолук алгыча.
    Ону агарып калгыча.
    Сай башынан агызып.
    Жаныдай кылып Айдайга
    Тапшырсаныз болдуго :) (чын журоктон тамаша)

    Тишиме менин кызыккан,
    Мында турат Чыңгызхан.
    Маасига салып бекит деп,
    Алыстан намек ыргыткан.
    Көралбаса шу экен да,
    Болсо да тишим бриллианттан.
    Протез эмес өз тишим,
    Бриллиант клейлетип алгамын.
    Дакуну көрбөпсүн ашамдап,
    Бышыктан тишим салганын.
    Уурумес алда арстан,
    Жулалбайт, маккам таккамын.
    Андан көрө карасаң,
    Жалтырап чиркин атканын :))
    Ушу тишим менен кеч кирип,
    Агарат дайым ак таңым.
    Ырдасам бөлөйт нуруна,
    Бүткөнчө менин дастаным.
    Көк жоолукту чечээрмин,
    Аман болсо моо башым.
    Кызылдан жоолук салаармын,
    Өңүмө кирип кызыл нур,
    Жашоого тике караармын.
    Жоктосом дагы таппадым,
    Ардагым менин атамы.
    Түштүктүн салтын колдонуп,
    Бозоруп чирип кетсе да,
    Түшүрбөстөн саламын.
    Айла жок ачуу тагдыркен,
    Каалабайм эч кимге салбасын.
    Аманчылык болуп кыргызда,
    Өнө берсин заманым.
    Айдайыма көк эмес,
    Аппапак жоолук саламын.
    Кызылдан килем мен төшөп,
    Утурлап тосуп аламын.
    Жолукчуу күнүм келээр деп,
    Кудайдан тилеп турамын.
    Буюрса кезигишкенде,
    Калганын кийин байкаарсың.
    Жер өрттө бензин чач депсиң,
    Түшүнбөй калдым каралдым.
    Күрүч өсскөн талааны,
    Күйбөйле калсын дегениң,
    Түшүнсөм жаным беремин.
    Кечирип койгун Чыңгыз хан,
    Жазган ырыңдын маанисин,
    Чыкем чечмелеп бергиниң.
    Анан кийин экинчи купулетиңе,
    Бриллианттап жообум илейин. :)


    #15 OFFLINE   Narynbek

    Narynbek

      Жаран

    • Форумчулар

    • 125 билдирүү
    • 20 Рахмат
  • Жашы:44
    • Аракети: 08 Янв 2015 18:21
    • Шаары -пгт Шамалдуу-Сай

    Жазылган 03 Октябрь 2013 - 00:24

    Ассалому алейкум
    биринчи салам айтайын
    Экинчи ал-акыбал сурайын
    Анан суроо салайын
    Сезим сулуу карындаш
    кай жердин болот сулуусу
    Ким болот сиздин урууңуз
    Канчада экен жашыңыз
    Жашыңды сенин сурадым
    Кыз жашын сурабайт дечү эле
    Мен тартынбай сурадым
    Билгим келди жөн эле
    Айтышып жаткан сулуунун
    Канчада жашы экенин?
    Кана анда баштаңыз
    Керемет сөздөн таштаңыз
    Берметинтерип сөздөрдүн
    Ой гүлдөрүн себиңиз
    Окуп бир кансын моокумум
    Анда кезекти берейин

    #16 OFFLINE   Chyngyzhan

    Chyngyzhan

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 202 билдирүү
    • 468 Рахмат
  • Жашы:32
    • Аракети: 03 Янв 2018 05:38
    • Шаары -Ош. Каракулжа.

    Жазылган 05 Октябрь 2013 - 05:12

    Ассаламу алейкум..
    Акындарым аманбы?
    Алыстан жолдойм саламды.
    Алп акындар урпагы.
    Аралап соз булагын.
    Алдырбай келген соз башын.
    Айтышка чечен калкым бар.
    Ата журту,каада-салтты бек тутуп.
    Айылчылап келген кишиге.
    Алдынан тосчу мейман дос.
    Ашына берчу калкым бар.
    Айланып кетейин салтынан..
    Алдынарда карызым бар.

    Накуська жооп:
    Кандай анан абалыныз?
    Ырсайган сиздин кабагыныз.
    Жакшыбы тиш салган жаагыныз?
    Жалтыратып чакырат озу.
    Жигиттер саны кобоюп тиштен.
    Ачылдыбы багыныз.?))

    Мен айтайын дедим эле.
    "Атын чыкпаса,жер ортто"-деп.
    Айтылып келген мурда эле.
    Тиш салдырып бриллианттан.
    Аттагы кетти заматта эле.
    Жер орттоп эми не кылас?
    Бензин тогуп бекер эле. :)

    #17 OFFLINE   Sezim

    Sezim

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 909 билдирүү
    • 816 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Июл 2018 14:00
    • Шаары -Биш ))

    Жазылган 07 Октябрь 2013 - 11:01

    Акындар айткан саламга,
    Ийилип алик алайын,
    Ырдан курган ааламга,
    Аралашып калайын,
    Улуулардан сөз чыкса,
    Кулагымды салайын,
    Айтышууга бел байлап,
    Сөз менен аста чалайын,
    Каршы болсо чечендер,
    Артты көздөй барайын.


    Нарынбек байкеге!

    Рахмат, байке ,шүгүрмүн,
    Тынымсыз жүрөм жүгүрүп,
    Жаштыктын доорун сүрөмүн,
    Калбаймын, демек, күйүгүп,
    Датасын сурап кетипсиз,
    Төрөлгөн менин күнүмдүн,
    Жыйырманын аттап кырынан,
    Отузга жетпейм сүрдүгүп,
    Таш чайнап турган учурум,
    Тиштерим түшпөй күбүлүп,
    Карылык али алдыда,
    Тизе-бел кала элек бүгүлүп,
    Накусь эже сымал жүрөмүн,
    Каткырып дайым мен күлүп.
    Наадандык кылбай биздин элибизге ,
    Нукура кыргыз тилде суйлөйлүчү,
    Намысты туу кылып көкүрөккө ,
    Нукура форум менен гүлдөйлүчү.

    #18 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 07 Октябрь 2013 - 16:21

    Мен да айтам саламды
    Саламымды алабы
    Каштарымды байкаган
    Эл-журт кана барбы?
    Комузумду бурайын
    Жалдырап карап турбайын
    Айтыш десе айтышып
    Бирөөңдү жыгып салайын
    Кудай берген тилим бар
    Кошулган кара каштар бар
    Кана кимиң болсо да
    Тезден жоопту бере сал!
    Изображение
    Изображение

    #19 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 07 Октябрь 2013 - 16:58

    Каштарың болсо керилген,
    Белдериң ичке ийилген.
    Көргөн сени иливоюу,
    Охх чиркин гана дедирген.
    Ойноп турса каштарың,
    Тоңгон муз да ээриген.
    Кашыңдын ар бир талына,
    Суусашып жигиттер ээрчиген.
    Ооздоруң болсо оймоктой,
    Көздөрүң болсо ойноктойт,
    Дүйнөдө сендей сулуулар,
    Кем гана болот же болбойт.
    Төгө берсем ортакжан,
    Дастаным такыр токтобойт.
    Такышто аман болгунуң,

    Айга барып конгунуң,
    Айда эч ким жок болсо,
    Кайра келе бергиниң))
    Кур келбестен пөдөрке,
    Сумкеңе сала келгиниң))))


    #20 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 07 Октябрь 2013 - 17:14

    Накусь досум келегой
    Куйчуңду баттан куя кой
    Кызытып бул айылды
    Кызыктуу ырлар иле кой

    Кайда барсам дайыма
    Өзүмдүн досум жанымда
    Ушундай курдаш күтсөңөр
    Ойдаа укмуш сонун да!

    Жалтылдаган тиштери
    Илибоюн каратат
    Сүйдүрүп далай жигитти
    Жүрөктөрүн жаралап
    Жоолугуң сонун жарашкан
    Элдин баары карашкан
    Саамай саамай чачтарың
    Өзүнчө сонун жайгашкан

    Изображение

    #21 OFFLINE   Chyngyzhan

    Chyngyzhan

      Мега Форумчу

    • Форумчулар

    • 1 202 билдирүү
    • 468 Рахмат
  • Жашы:32
    • Аракети: 03 Янв 2018 05:38
    • Шаары -Ош. Каракулжа.

    Жазылган 08 Октябрь 2013 - 03:25

    Айдосяга жооп:
    Кандайсын анан кара каш.
    Чачтары узун ормо чач.
    Келгенби биздин айылга.
    Атлас койнок кийинип.
    Себеттерин туйунуп.
    Айтышам деп чыгынып.

    Келе бергин тартынбай.
    .....

    #22 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 08 Октябрь 2013 - 11:21

    Чыкеге айтам саламды,
    Салам айтсам жаманбы.
    Же салам берип койсомле,
    Колуңду кармап каламбы )))
    Карайган сенин каштарың,
    Гүпкүрөң экен чачтарың ))
    Жиниңди коюп сүрөткө,
    Түшүпле чиркин болбойсуң.))
    Кабагың сенин салынган,
    Муштуму менен чамынган.
    Ким тийшисе Айдосяга деп,
    Көрөт менден деп чаңырган)))
    Колу жетпесе да ою жетип,
    Кыялы менен жашаган.)))


    #23 OFFLINE   Накусь

    Накусь

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 4 431 билдирүү
    • 1473 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 03 Дек 2018 20:31
    • Шаары -Ош

    Жазылган 08 Октябрь 2013 - 11:36

    Просмотр сообщенияАйдося (07 Октябрь 2013 - 17:14) жазган:

    Накусь досум келегой
    Куйчуңду баттан куя кой
    Кызытып бул айылды
    Кызыктуу ырлар иле кой



    Ой ортагым кагылам,
    Көрбөй калсам сагынам.
    Оорубай аман жүрсүн деп,
    Жараткандан жалынам.
    Дос болгон сендей жан менен,
    Тагдырыма кубанам.
    Катташып дайым жүрөлү,
    Жаштыктын доорун сүрөлү,
    Флуддап кээде шоктонуп,
    Каткырып эле күлөлү.
    Жок болсун сенин душманың,
    Өсө берсин каштарың))
    Өрмө-өрмө солкулдап,
    Өрүлө берсин чачтарың))
    Көргөн жанды кубанткан,
    Акылдуум менин жайдарым.
    Эч кайгырба өмүрдө,
    Шаңдуу жүр оортак айтаарым.
    Кеңешин такыр аябайт,
    Серпип туруп каштарын))

    Бактылуу жаша өмүрдө,
    Тилеймин сага ортагым.
    Ийгилик болсун ишиңде,
    Курт болбосун тишиңде))

    Жайдары эле жүрө бер,
    Кубануу болуп ичиңде.


    #24 OFFLINE   Айдося

    Айдося

      Эмгек сиңирген

    • Форумчулар

    • 5 805 билдирүү
    • 3047 Рахмат
  • Жашы:.
    • Аракети: 20 Апр 2017 15:40
    • Шаары -Austria

    Жазылган 08 Октябрь 2013 - 14:22

    Просмотр сообщенияChyngyzhan (08 Октябрь 2013 - 03:25) жазган:

    Айдосяга жооп:
    Кандайсын анан кара каш.
    Чачтары узун ормо чач.
    Келгенби биздин айылга.
    Атлас койнок кийинип.
    Себеттерин туйунуп.
    Айтышам деп чыгынып.

    Келе бергин тартынбай.
    .....
    Жакшы элемин түгөйүм
    Өзүң кайда жүрөсүң
    Күндүзү жалгыз мен болуп
    Парам жок жаман жүдөдүм

    Каштарың укмуш бириккен
    Билсең аны мен бергем
    Опокшош болуп жүрсүн деп
    Көчөттөрдөн беришкем

    ИзображениеИзображение
    Изображение

    #25 OFFLINE   Myke

    Myke

      Нукурачы

    • Форумчулар

    • 3 282 билдирүү
    • 1025 Рахмат
  • Жашы:59
    • Аракети: 10 Июл 2018 14:19
    • Шаары -Борбор

    Жазылган 16 Октябрь 2013 - 17:04

    Баарынарга айтам саламды,
    Жаштарым менин аманбы,
    Сагынып журуп мен келдим,
    Амандашып алалы.

    Сезимдин даамдуу создору,
    Журокту чындап козгоду.
    Айдося менен Накуся,
    Айтышты жакшы колдоду.
    Нарынбек менен Чыкем да,
    Ырларын бизге жолдоду.

    Таасирдуу созду жазам деп,
    Журоктун теренинен казам деп,
    Ырларды жазсам белендеп,
    Окуучулардын журогунон,
    Оорун алса терендеп,
    Ойдо отурам, дагы кайра келем деп.




    Теманы окуп жаткан колдонуучулар: 0

    Колдонуучулар 0, коноктор 0, жашыруун колдонуучулар 0

    Copyright © 2013 - 2019 E-mail: salam@nukura.kg
     

    Рейтинг@Mail.ru
    Рейтинг@Mail.ru