Перейти к содержимому

 

Форумга катталгандан кийин,почтаңызга билдирүү барбаса,админ толук каттоодон өткөрүп коет,cуроолор болсо бул дарекке кайрылыңыз жардам берет --> kiggas90@mail.ru , diorokg@gmail.com

Эреже

Эреже

Эреже, сайттын бардык бөлүмдөрдүн колдонуучуларына таандык. Флуддан башка бөлүмдөрдө этика нормаларын бузууга катуу тыюу салынат. Эрежелерди билбестен бузуу жоопкерчиликтен бошотулбайт .





1.Жаңы катталган Нукура-Форумчулар КОНОК болуп эсептелет жана билдирүүсү 100дөн ашкандан кийин гана КАТТАЛГАНдардын катарына кирет. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү чектелген.

2. 90 күн бою колдонуучу сайтка кирбеген болсо, автоматтык түрдө өчүрүлөт.

3. Форумда негизинен билдирүүлөрдү орусча жана кыргызча гана тамгалар менен жазууга уруксат берилет.

4. Темалар жана жооптордун кыргыз тилинде болушу сунуш кылынат.

5. Теманын аталышы теманын маңызын камтышы керек. Түшүнүксүз ,окшош жана маңызы туура келбеген темалар эскертүүсүз эле алынып салынышы мүмкүн.

6. Форумдун колдонуучуларды жиркенткен, аброюна шек келтирген, жарнамалык жана уят нерселерди камтыган кол тамгаларды, никтерди жана аватарларды колдонуу эрежелерди бузуу катары эсептелинет.

7. Билдирүүнүн темасы туура келген бөлүмдө жайгашыш керек жана андан аркы талкуу билдирүү темага тийиштүү болушу зарыл.


Тыюу салынат

1. Коомдук этикага жатпаган, алдамчылык, хаккердик же кооптуу сайттарды жарнама кылууга ;


2. Сайттын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга; ар кандай, коомдук көз карашка туура келбеген, сексуалдык кызмат көрсөтүү, азыркы учурдагы мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө;


3. Сайттын башка катышуучусунун чыныгы аты, сүрөтү, өздүк жашоосу тууралуу маалыматтар, телефон жана дареги сыяктуу өздүк маалыматтарды анын уруксатысыз жайгаштырууга;

4. Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө;

5. Маданиятсыз сөздөр жана ойлор (б.а. флуд) форумда тыюу салынат. Флуд катары мааниси бирдей, бир нече ирет катары жазылган билдирүүлөр дагы эсептелинет. Флудка атайын бөлүм бар.

6. Сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөргө, бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган, анын абийирине, кадыр-баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга;

7. Жөнү жок башка тилдеги сөздөрдү жазууга; (Эскертүү )

8. Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;


9. Жарнама жана коммерциялык маалыматтарды "Жарнама” бөлүмүнө гана калтырууга уруксат берилет;

10. Мааниси бирдей бир нече билдирүүнү өзүнчө жазгандын ордуна бир эле билдирүү жазуу шартка ылайык.


11. Маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга (флуддоого); (Эскертүү )

12. Жарыяларды тиешеси жок бөлүмдөрдө жайгаштырууга; (Эскертүү)

13. Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга; (Эскертүү)

14. Ачык түстөгү (кызыл админ,модер уруксат) тамгаларды, тыныш белгилерин ашыкча колдонууга, бош саптарды жөн эле калтырууга; Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек. (Эскертүү)

15. Грамматика эрежесин атайын бузуп жазууга; (Эскертүү)

Жоопкерчилик боюнча

1. Бардык жеке билдирүүлөр автордун өзүнүн ою болуп эсептелет. Андыктан администрация билдирүүнүн мазмуну үчүн жооп бербейт.

2. Жарыя себеп болгон моралдык, материалдык зыян үчүн жооп бербейт.

3. Ар бир колдонуучу сайттан алган маалыматты өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууда жоопкерчиликти өзүнө алат.



1. Интернеттеги бардык нерселер провайдерлердин маалымат базасында жазылып жана сакталып калат. Ошондуктан жаман нерсе жасаардан мурун ойлонуңуз .

2. Сайттын катышуучуларынын IP-даректери укук коргоо органдарынын жазуу түрүндөгү талабы боюнча гана берилет. Бирок IP-дарек өзүнөн өзү сыр деп эсептелбейт жана интернеттин ар бир серверинде жазылып калат. Конкреттүү IP-даректин колдонуучусу тууралуу маалымат провайдерге гана белгилүү.

1. Колдонуучу сайттын башкармалыгын талкууга алууга болбойт.

2. Кайсы бир администраторду жана анын иш-аракеттерин талдоого, талкуулоого жол берилбейт. Администраторго суроо же талабыңызды электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз болот.

3.Модераторго суроо же талабыңызды электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз же "Нааразычылык билдирүү" бөлүмүнө калтырсаңыздар болот.

4.Башкармалык эрежени бузган колдонуучуну эскертүү менен сайттан дароо четтетүү укугуна ээ.
Эрежеге өзгөртүүлөр кошулуп турушу мумкун.

Жаңы кошумча эреже: Өзгөрүүлөр.

1.Форумдун эрежесин бузган колдонуучуга 5 жолу эскертүү берилгенден кийин түбөлүк банга кетет дагы профили жабылат,эгер ашыкча маданиятсыз сөздөрдү,же болбосо аймактык бөлүүгө ушул сыяктуу билдирүүлөрдү калтырса эскертүүсүз түбөлүк банга кетет!

2.Жаңы катталган колдонуучуларга уруксат берилет форум менен жакшылап таанышып алгыча,билбей туура эмес ачып алган тема болсо.

3.Эки Ник колдонгон форумчулардын бирөөсү сөзсүз түрдө өчүрүлөт дагы 5 күнгө банга кетет!

4. Дин бөлүмүнө маалымат гана киргизилет,талкуу кылганга болбойт,эгер динге тийиштүү жардам сураган тема болсо билген маалыматтыңызды жазып жардам бергенге уруксат!

Copyright © 2013 - 2018 E-mail: salam@nukura.kg
 

Рейтинг@Mail.ru
Рейтинг@Mail.ru